Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жок кылды, жоготту, көзүн тазалады, өлтүрдү, өмүрүн кыркты. Кандуу согуш далайдын башын жеди («Кыргызстан маданияты»). – Кул-кутан, жарды-жалчыдан канчасынын башын жеди. – өзгөнү коёлу... баатыр Шеримбектин эле куну канчага турат? (Бейшеналиев). 2. Өзүнө өзү зыян келтирди, өзүн кырсыкка, өлүмгө дуушар кылды. Ал ошентип тил албай жүрүп, башын жеди. В.: Башын жутуу. Кек кууган Эсир акыры Оросулдун башын жутту (Осмоналиев). Тартипсиздикти баштагандар керт башын жутарына түшүнүштү (Бектенов). Айкаш абдан катуу болуп, эки тараптан тең миңдеген адамдардын башын жутту (Үмөталиев).