БАШЫНА КүН ТУУГАНДАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Издегени табылып, иши оңолуп, төбөсү көккө жете түшкөндөй. Эл арасында Кумарбек да жүрөт. Акинайды көрдү. Башына күн туугандай сүйүндү (Осмоналиев). В.: Башына күн, аягына ай туугандай. Күткөн адамы келип, башына күн, аягына ай туугандай сүйүндү (Өмүрбаев).