БАШЫНА КҮН ТҮШҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)к. БАШЫНА КАРАН КҮН ТҮШҮҮ
Алымдын башына күн түшүп турган убагы (Жантөшев). Эл башына күн түшүп турган соң үйдө жата албадым (Укаев). Адам башына оор күн түшкөндө өмүрүндөгү жакшылык кылган, ынак адамдарды эстейт экенсиң (Жусупов).