БАШЫНАН БАКЫТ КАЧУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Иши кыйшаңдоо, кыйчалыштоо, дөөлөтү кетүү, даражасы төмөндөө, начарлоо. Башыңан бактың качкан соң, Адам эмес, жаш бала коркпойт заарыңдан (Токтогул). В.: Башынан бак таюу. Жыл өткөн сайын Күрүчбектин курчу кетилип, мизи мокоп, башынан бак таюуда (Осмоналиев). Башынан бак кушу учуу. Башынан бак кушу уча баштаган бай, манаптардын каршылыгы күчөй баштады (Жантөшев).