БАШЫНА КӨТӨРҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Абдан ардактоо, урматтоо, сыйлоо, кадырлоо. Эли-журтуң сени башына көөтөрөт. - Сен бүткүл элдикисиң (Бейшеналиев). 2. Ызы-чуу, уу-чуу салуу, тынчтыкты бузуп дүрбөлөң түшүрүү. Тамды башына көтөрүп кыйкырат дейсиң, тим эле үйдөн безип чыгып кеткиң келет (Мырзаев). Айылдагы кыз-келиндерге чаң салып, бүт айылды башыма көтөрчүмүн (Абдукаимов).