БАШЫН ТАШКА КОЙГУЛАСА ДА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эмне кылса да, канчалык аракеттенсе да (көбүнчө эч мүмкүн эмес, аткарууга болбойт, иш жүзүнө ашпайт деген мааниде). Мен башымды ташка койгуласам да бир учурган кушум кайрылып келип колума конбойт (Абдукаимов). Башымды ташка койгуласам да толулуу аяк толугу менен колго тийбей турганына түшүндүм (Каимов).