Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Күйөөсүн теңсибей чанып кетүү, жактырбай таштап кетүү, башка бирөөгө ооп кетүү. Албоочудай болдуң башымды аттап, эр издедим (Осмоналиев). - Менин гана башымды аттайт э, томаяктын кызы (Сыдыкбеков). Эрке токолу башын аттап кетти деген сөзгө калбайын деп чочуду (Көчкөнов). 2. Тийиштүү адамга айтпай, билдирбей, анын макулдугун укпай туруп өзүнчө, өз билгениңдей иштей берүү. Башымды аттап, сөзүмдү таштап Бекназардан калка күтүп кеткен экен деп каарына алса кантти? (Касымбеков). Эрез талашкан коңшу манап калпа ажынын ага кеңешип-таңашпай башын аттап.. ажыдаардай оп тартып тереңдеп баратканына Касымбек терикти (Бейшеналиев). Көзүмдүн тирүүсүндө дөө да, шаа да башымды аттай албайт (Сыдыкбеков).