Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сыйышып кете ала тургандай, ылайыктуу, ыңгайлуу жай таба албоо, бир жерге байыр алып, туруктуу жай таап аралашып кете албоо. Же башым батып, багалчагым сыйбай кетип калабы? («Ала-Тоо»). Башы батып, багалчагы сыйбай көрүнгөн жерде жүргөндө хан күйөөнүн аркасы менен оозу ашка, буту төргө жетип отурат (Көчкөнов). В.: Башы батып, балтыры сыйбоо. Башы батып, балтыры сыйбай жатып кылган ишин кара! («Чалкан»). Багалчагы сыйбоо. Бул жерге да багалчагым сыйбай кетип каламбы деп коркот («Ленинчил жаш»).