БАШЫ БАЙЛАНУУ I
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөгө менчиликтеп, ыйгарылып калуу, башы ачык эмес болуу, бирөөгө башы байлануу, турмушка чыгуу укугу жок болуу (көбүнчө бирөөгө кудалап койгон кызга карата). Ал кезде кыз бечаралар жаңыдан көзү ачылып келатканда бирөөгө башы байланып, күтүлбөгөн окуяга кез болушчу (Каимов). Жазыксыз наристе бирөөгө бармактайынан башы байланып, колукту болгону менен иши эмне?! (Каимов). Бармандын эрке кызы Айнагүл Асантайдын «торпогуна» башы байланганы жатат (Сыдыкбеков).