Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Тике карай албоо (көбүнчө бир нерседен тартынып уялган же өзүн күнөөлүүдөй сезип кысылган абалга карата). Асан айбыгып башын жерге салды («Ала-Тоо»). Ошондо гана үйдөгүлөр жапырт башын жерге салып кызарып кеткен Асылбекти ... карап калышты (Абакиров). 2. Капа болгон, көңүлү чөккөн, сабыры суз абалда шылкыйып төмөн кароо, баш көтөрбөө. Кибиреп ушул да капаны сезгенсип, башын жерге салыптыр (Жусупов). Анын үшкүрүгү отургандарга муздак шамалдай бир тийип, баары башын жерге салып калышты (Абдукаимов). Салый менен Эсир башын жерге салып, түнөрүп үйгө киришти (Осмоналиев).