БАШЫ МЕНЕН ЖЕР КАЗСА ДА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бүт мүмкүнчүлүгүн жумшаса да, бардык күчү менен катуу аракеттенсе да, өлүп-тирилип иштесе да. Кимдин кабыргасын кайыштырган кандай кайгысы бар экенин билсең, сүйлөшө алсаң, эл башы менен жер казса да бүтүрүп берет (Абдукаимов). Ансыз деле эчтемесин аябаган немелер дагы эле аябайт, башы менен жер казса да берет («Кыргызстан маданияты»). Башым менен жер казсам, Бай карабайт убалга (Осмонкул).