БАШЫ КАТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кандайдыр бир нерсе менен болуп көпкө ойлонуу, бир чечимге, бир пикирге келе албоо, эч тыянак чыгара албай убаралануу, айласы кетүү. - Ох-х... Башым катып калды, көрбөгөн жерибиз болсо, ... Жол алыс, кантип барып келер экенбиз (Саякбаев). Бул аялдын чын айтканына же тим эле кекээрлеп жатканына түшүнбөй Балтабайдын башы катты («Чалкан»). Аны кандай кылып дарылоону билбей башы катты (Кыдырмышев). Мына ушинтип Алымкул нечен түрдүү ой-санаага батып, башы катып отурду (Абдукаримов).