Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Кара малдын баш терисин алып, ооз жагын тегеректеп кесип, алкым жагын түптөп, катырып коюшунан жасалган идиш кыргыз тилинде баштык аталган. Ушундай баштыктарды эл 1940-жылдардын аягына чейин урунуп келди. Баштык сөзү баш деген сөзгө –лык мүчөсү жалгануу аркылуу жасалган. Алгач «баш териден жасалган идиш» деген мааниде түшүнүлгөн. Кийин андай идиш таардан, кездемеден, кийизден, башка эле териден жасала баштаса деле, эски аты аларга карата колдонула бергендиктен, азыркы кезде баштык сөзүнүн баш сөзүнөн жасалары оӊой байкалбай турган болуп калган». (Сейдакматов 1988:48-49). Азыркы кыргыз тилиндеги «баш териси бузук», «баш терисинен көрүнүү», «баш териси оӊ», «баш териси тырышуу», «баш терисин байкоо» деген фразеологизмдердин келип чыгышы да жогорудагы баштык сөзү менен байланыштуу болушу мүмкүн.