Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Көңүлү карангылоо, өзүн начар сезүү, башы тегеренүү, алсырап кетүү. Башым айланып, бүткөн боюм жанчылгандай, тырп этерге каруум жоктой сезилет (Жантөшев). Ышкынаалы көчөгө жеткенде башы айланып, кетчүдөй сендиректей барып токтоду (Бейшеналиев). - Туруп олтуруп сүйлөшсөм болот эле башым айланып кетет (Осмоналиев). 2. Кандайдыр бир ишти аткарууда, маселени чечүүдө ж.б. учурда көпкө чейин ойлонуп, эмне кыларын билбей ыргылжын болуу, өзүнчө бир чечимге келе албай башы маң болуу. Капыстан бул маселе алдына коюлуп капыстан бул маселе торго чалып алды да, Абылкасым буйдалып, башы айланып, бир топко бул тордон чыга албай турду (Абдукаимов).