БАШ КӨТӨРТПӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эч мүмкүнчүлүк бербөө, буямасын, чактысын келтирбөө, көз ачырбай үстөмдүк кылуу. Баш көтөртпөй иштетти («Ала-Тоо»). Баш көтөртпөй жетимди, Молдо кылып аламын (фольк.). Байлар жарды-жалчыларды баш көтөртпөй, алардын ар кандай аракетин.. ырайымсыздык менен басып турду (Абдукаримов). Ушул кездегидей билимим анда болсо, бай-манаптарды баш көтөртөт белем? - деп ошол кездеги билимсиздигине арман кылды (Жантөшев).