БАШ КЕСЕР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Киши өлтүргүч, киши өлтүрүүдөн да кайра тартпаган, зулум, зөөкүр, мыкаачы. Бай-манаптын тушунда Айдалып жүрүп куурадым, Баш кесерлер жоголуп, Кубанып жүргөн убагым (Токтогул). Нуркан келери менен баш кесерлер өздөрүнүн карасанатай ойлорун ишке ашыруу үчүн чогулуп сүйлөштү («Кыргызстан маданияты»).