Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Билерман, мыкты, баштоочу, башкаруучу. Бирок, экөөң тең түпкүрдөгү тоо элинин таасирдүү баш билгиси катары тааныласыңар (Бейшеналиев). Бойлошту баш кылып Тынымсеит уруусунан дагы беш-алты баш билгисин жиберди («Ала-Тоо»). 2. үйрөтүлгөн, элпек (малга карата). Баш билги мал. Баш билги торпок.