БАШКЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Алгачкы, эң биринчи, алдыңкы, баш жагындагы. Белек аны ары-бери которуп, Көз жүгүрттү ырдын башкы жолуна (Токомбаев). Көпөлөк терезенин башкы кашегине жабышып, тыптынч болду (Сыдыкбеков). || Түпкү. Башкы атасы Каракан («Семетей»). 2. Негизги. Мал чарбасын өнүктүрүүнүн башкы шарты тоюттардын өндүрүлүшүн көбөйтүү («Советтик Кыргызстан»). 3. Кызмат абалы жагынан жогору башкаларга башчылык кылып, же тиешелүү кызматы боюнча башкаруу ишин жүргүзүүчү. Башкы инженер. Башкы врач.