сын. Алдыңкы, алгачкы. Белек аны арыбери котюруп, Көз жүгүрттү ырдын башкы жолуна (Аалы). [Динар].. баракты ачып караса, эң башкы жолуна Аскардын атыжазылган (Сыдыкбеков).
1. Алгачкы, эң биринчи, алдыңкы, баш жагындагы. Белек аны ары-бери которуп, Көз жүгүрттү ырдын башкы жолуна (Токомбаев). Көпөлөк терезенин башкы кашегине жабышып, тыптынч болду (Сыдыкбеков). || Түпкү. Башкы атасы Каракан («Семетей»). 2. Негизги. Мал чарбасын өнүктүрүүнүн башкы шарты тоюттардын өндүрүлүшүн көбөйтүү («Советтик Кыргызстан»). 3. Кызмат абалы жагынан жогору башкаларга башчылык кылып, же тиешелүү кызматы боюнча башкаруу ишин жүргүзүүчү. Башкы инженер. Башкы врач.
БАШКЫ АГЕНТ – принципал (бүтүмкер) үчүн зарыл аракеттердин тобун башка агенттерди (субагенттүүлүк) чегерүү менен аткаруу милдетин алган жак. Б. а. менен принципалдын өзара мамилеси узак, же белгисиз мөөнөткө түзүлгөн башкы агенттик келишимдин негизинде жөнгө салынат.
БАШКЫ АКТ – мамлекет ижарага алган порт (суубекет) тарабынан сырттан кабыл алынган импорт жүктү орун саны, салмагы жана сапаты боюнча жол-жоболоштурган документ. СИФ шарты менен жеткирилген импорттук жүк боюнча Б. а. товар сатуучу тараптын милдеттенмеси аткарылгандыгын тастыктайт.
primary key (noun)
One or more fields that uniquely identify each record in a table. In the same way that a license plate number identifies a car, the primary key uniquely identifies a record.
БАШКЫ БУЮМ ЖАНА ТААНДЫКТЫК – маңызы таандык буюмдун башкы буюмга кызмат кылуусунда жана ага негизги чегерилиши боюнча байланышында жаткан (м.: кайык жана калак), жарандык укуктагы кадыресе буюмдарды бөлүштүрүү. Мындай бөлүштүрүүнүн юридикалык маңызы таандык буюм баардык жагдайларда башкы буюмдун тагдырын ээрчигенинде жатат. Ал тараптардын келишиминде башкача каралбаса, башкы буюмдун сатып алуучусуна өтөт.
БАШКЫ ДИСТРИБЬЮТОР – өндүрүүчүдөн баардык өндүрүлгөн товарларды же товардын белгилүү түрүн, андан ары аларды орто жана майда дүң сатуучу уюмдарга сатуу үчүн сатып алуу милдетин өз моюнуна алган дүң соода уюму. Адатта Б. д. менен келишим түзүү экспорттоодо колдонулат.
master document (noun)
A "container" for a set of separate files (or subdocuments). You can use a master document to set up and manage a multipart document, such as a book with several chapters.
БАШКЫ ЖҮК – деңиз кемеси аркылуу тартылган баардык таңгакталган даана жүктөр. Төгүлүп жүктөлүүчү жүктөрдөн (дан, көмүр, кен ж. б.) айырмаланып, мындай жүктөр өзгөчө камкордукту талап кылат.
БАШКЫ КОЛБАШЧЫ – тынчтык учурунда да, согуш учурунда да мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн эң жогорку башчысы. КР Президенти КР Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы болуп саналат жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку башчылыгын дайындайт жана алмаштырат.
Материнская компания (Parent (associated) company) —Материнская компания – компания, владеющая как минимум контрольным пакетом акций и обладающая полномочиями управления по отношению к своим дочерним компаниям.
БАШКЫ КОНСУЛ өзалдынча башкы консулдукту жетектейт. Анын укуктук абалы жана ишинин мүнөзү дегеле консулдукуна окшош. Алардын ортосундагы өзү өкүлү болгон жана кабыл алган өлкөлөрдүн консулдук мамилелеринин деңгээлин чагылдырган айырмачылыктары шарттуу гана. Б. к-га айрым учурларда, өзгөчө эларалык уюмдардын алдында саясий же өкүлчүлүк милдеттер тагылуусу мүмкүн. КР Б. к-у КР тышкы иштер министринин сунушу боюнча КР Президенти тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.
БАШКЫ МАКУЛДАШУУ – тармактык жана аймактык макулдашуулар менен жармакташ (жамааттык) келишимдерди түзүүдө эске алына турган социалдык-эмгектик жана ага байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин белгилөөчү укук актысы. КРде Б. м. тийешелүү мөөнөт аралыгына мамлекеттик бюджет бекитилгенге чейин КР Өкмөтү, республикалык жумуш менен камсыз кылуу бирикмелери жана КР кесиптик бирлик федерациясынын ортосунда жүргөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде иштелип чыгат жана түзүлөт.
БАШКЫ ПОДРЯДЧЫ – өз милдеттенмесинин бир бөлүгүн башка бирөөгө (жармакташ аткаруучуга) жүктөгөн подряд келишиминин бир тарабы. Ушундай шартта ал Б. п. аталуу менен, тапшырыкчынын алдында жармакташ аткаруучу тарабынан милдеттенменин аткарбай калышынан же талаптагыдай аткарылбай коюусунан улам келип чыгуучу жоопкерчиликтерди тартат, ал эми жармакташ аткаруучунун алдында подряд келишими боюнча тапшырыкчынын өз милдеттенмелерин таптакыр аткарбай же талаптагыдай аткарбай койгон жоопкерчилигин көтөрөт.
БАШКЫ ПОЛИС БОЮНЧА КАМСЫЗДАНДЫРУУ – жарандык укукта бир тектүү мүлктөрдүн (товарлар, жүктөр д. у. с.) аркыл топторун белгилүү бир мөөнөт ичинде жана бирдей шарттарда тутумдуу камсыздандыруу, ал бир эле келишим – башкы полис боюнча жүзөгө ашырылат. Камсыздануучу башкы полиске тийешеси бар мүлктүн арбир тобу жөнүндө ушул полисте каралган маалыматтарды анда көрсөтүлгөн мөөнөттө, эгер мөөнөт көрсөтүлбөсө, топту алары менен дароо камсыздандыруучуга билдирип турууга милдеттүү. Камсыздоочу ордун толтурууга тийиштүү зыян тартуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда камсыздануучу тийиштүү маалыматтарды билдирүү милдетинен бошотулбайт. Камсыздануучунун талабы боюнча камсыздоочу башкы полиске тиешеси бар мүлктүн аркайсы топтору боюнча өзүнчө полистерди берүүгө милдеттүү. Бул полистердин мазмуну башкы полиске тура келбеген учурда өзүнчө полис жарактуу деп табылат.
БАШКЫ РЕДАКТОР – редакцияны жетектөөчү (ээлеген кызматынын аталышына карабастан), жалпыга маалымдоо каражаттарын чыгарууга жана өндүрүүгө байланыштуу акыркы чечимдерди кабыл алуучу адам. Уюштуруучулар, басмакерлер, таратуучулар, жарандар, жарандардын бирикмелери, ишканалар, мамлекеттик органдар менен мамилелерде, ошондой эле сотто Б. р. редакциянын атынан чыгат.
адаб. Ыр жолдорунун башкы сөздөрүнөн курулган уйкаштык. «Кадырым сурар киши жок, Калганым ушу турбайбы. Кадыр түндө түш көргөн, Арманым ушу турбайбы.» («Курманбек»).