БАШКА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бөлөк, өзгө. Башка колхоздорго да киши жибердик (Байтемиров). Жыйналыштын акыры башка күнгө калды (Убукеев). || Айырмасы бар, айырмалуу, өзгөчөлүгү бар. Жумуру баш адамдын Башка-башка өнөрү (Токтогул). 2. Бөтөнчө, өзгөчө, айрыкча, артык. Манастын уулу Семетей Адамдан башка жаралган («Манас»). Баатырдыгы башкача, Балбандыгы эң башка («Эр Төштүк»).