БАШТАН САДАГА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Баш аман калса болду, башканын кереги жок, кечтим, калганы эч нерсе эмес деген сыяктуу бирөөлөрдүн көңүлүн улоо же өзүн-өзү сооротуу маанисинде. Бир токол башыңдан садага, унчукпай тын дедиң. Тындым (Бейшеналиев). - Башыңыздан садага, бай, шумкардын канаты сыныптыр, араң эле жаны бар, -деди Кыяз (Эшмамбетов).