Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Катуу оорудан айыга баштоо, сакайып, оңолуп, жакшы болуп кетүү. Жаңы эле баш көтөрдүң, онтоону тилебечи (Сыдыкбеков). Ошол жылкыулуу тумоодон бирин-серин киши гана баш көтөрдү (Элебаев). Мен баш көтөрүп отуруп калдым (Сыдыкбеков). 2. Жандануу, каршылык көрсөтө баштоо, такоол бергидей кудурети болуу. ..Кедейлерди баш көтөрүүгө, зулумдардан өч алууга үндөй жүр (Бейшеналиев). Жаңыдан баш көтөргөн кедей, кембагалдар бириге баштады (Сасыкбаев).