Мурдагы, мурунку. Баштагы директор окуу тарар менен жайлоолоп же курорттоп кетүүчү (Сыдыкбеков). Баштагы кыргыз биз эмес, Башкача болду элибиз (Осмонкул).
Мурункудай, мурдагыдай. Табылды оорудан аман-эсен айыгып, тору этине толо албай, баштагыдай боло албай жүрдү («Эр Табылды»). Малдар өз короолоруна тегиз кирген кезде кыштак кайра баштагыдай тынчый түшөт (Каимов).