Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кызга куда түшүп, кудалашып коюу же жесир аялды бирөөгө алып берүү, никелештирип коюу. Кыйыр тууганы Төлөмүшкө чапма нике кыйып, баш байлаган соң, ал жесирдин үстүнө кирет (Бейшеналиев). Аталаш агабыз -Акинге баш байлап койсок кантет ? - Сага айтайын деп оозум батпай жүрбөйбү (Осмоналиев). Эгерде сен Сарыгул менен баш байласаң да менден жашырбооң керек эле (Абдукаимов).