БАШАТ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Булактын, суунун башталышы, башы. Таш кумдуу жердин түбүнөн Таш башат көзү ачылган (Маликов). Бул суу бадалдуу жылгадагы башаттардан чогулган (Абдумомунов). 2. өт. Бир нерсенин чыккан жери, булагы. Башаты болдуң Ала-Тоо, Коргошун, сымап, сурьманын (Бөкөнбаев). Каймак, сүттүн башаты өсүмдүктүн денинде (Токомбаев).