БАШ-ОТУ МЕНЕН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Биротоло, такыр, бүт бойдон, бир жолу. Атасы баш-оту менен бийликти берген соң, күчүнө чиренген манап эч нерседен күмөн санабады (Бейшеналиев). Кары кадырын сыйлабагандар, ичкиликке баш-оту менен кирип кеткендер ...деги кайдан чыгып жатат? («Ленинчил жаш»). – Алиги мендеги аласадан бат-оту менен кечиңиздер (Бейшеналиев). Ошондон тартып коомдук иштерге да баш-оту менен киришип кетти («Советтик Кыргызстан»). В.: Башы менен. Бул китебиңиздин күчүн гана тургай, башы менен берээриңизге ишенем (Бейшеналиев).