БАШ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАдамдын, жаныбарлардын башы деген учурдагы баш сөзү Махмуд Кашгариде бааш түрүндө жазылган. Тофалардын тилинде ал баhш болуп айтылат. Кыргыз тилинде баш тердим дегенди машак тердим деп айтса болот. Мындагы машак сөзү алгачкы башак сөзүнөн келип чыгат. Мына ушул башак сөзү алгачкы багаш сөзүнөн келип чыгышы мүмкүн. Алгачкы багаш сөзү баг+аш бөлүктөрүнөн турган. Баг уңгусу азыркы буу, байла дегендеги буу жана бай уңгуларына туура келет, ага -аш мүчөсү уланганда келип чыккан багаш сөзү «байлоочу, буучу» дегенге жакын маани берген. Анткени жаныбарлардын башы жип менен байлап, бошотуп жибербей кармап турчу жери экени белгилүү. Ал эми эгиндин башы болсо данын ошол жерине байлайт.
Алгачкы багаш сөзүндөгү г тыбышы тофалар тилинде фарингализацияланып, болор-болбос айтылышка айланып, байыркы багаш сөзү баhш түрүнө келген. Ал эми Махмуд Кашгаринин заманында ал тыбыш эки үндүүнүн ортосунда түшүп, бааш сөзү жаралган. Көпчүлүк түрк тилдеринде бааш сөзүндөгү аа үндүүсү кыскарып, а түрүнө келип, баш сөзү колдонула баштаган. Бирок алгачкы багаш сөзүнүн тыбыштары метатезаланып, башаг>башак>машак болуп айтылган түрүндө байыркы г тыбышы к тыбышына өткөн абалында сакталып кала берген.