БАШ БУЛГАБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Айткан-дегенинен чыкпоо, макул болуу, тил алуу, моюн сунуу. Баккоргон баш булгай албады (Осмоналиев). Оозунан чыгып кеткен сөзүнүн айыбын тартып, баш булгай албай калат да, Кайрак тору бээсин берип кутулат (Осмоналиев). Бирөө бир орундуу сөз айта калса, башкалары баш булгабай көнө калышат (Жантөшев).