Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Багынуу, моюн сунуу. Кабарын уккан көп душман, Жыгылып бизге баш урган (Баршя). Күрөшкөндө күч да, кан да чачылмак, Күрөшконгө кыйындыктар башурмак (Аалы). Жалдырадың жан талаштың баш урдуң (Маликов). - Чоке, кулдугум бар! Биз жыгылдык! Айыбын тартып, алдыңарга баш уралык (Үмөталиев).