Киргизско-русский словарь Юдахина
1. сказать, молвить;
эмне дедиң? ты что сказал?
"өл" десе - өлүп, "тирил" десе - тирилген он делал всё беспрекословно (букв. если скажут "умри" - умирал, если скажут "воскресни"- воскресал);
"акылдуу" десе - акылдуу, "чыйрак" десе - чыйрак он тебе и умный, он тебе и расторопный;
"дейин" десең можно бы сказать, но...; и сказал бы, да ведь...;
"маа" десең что касается меня; если считаться с моим желанием; если по мне;
"маа" десең-баарыбызды, "маа" дебесең - бирибизди бер фольк. если по мне - всех нас отдай, если не по мне - одну из нас отдай;
дейли скажем-ка; возьмём к примеру, допустим;
"а" дээрге алдары, бут шилтөөгө шайлары калбай у них не осталось силы сказать "а", у них не осталось мочи двигать ногами (т.е. они совершенно обессилели);
"а" деп, айтар ал кетти, чекеден кара кан кетти фольк. не стало силы сказать "а", с виска тёмная кровь потекла;
мындай деген он так сказал;
2. называть, именовать; называться, именоваться; быть называемым, именуемым;
деген называемый, именуемый, имярек (обычно употребляется, когда называют предмет, дотоле слушателю неизвестный, или при выражении удивления, неудовольствия);
"енот" деген айбан животное (называемое) енот;
"үч күн" дегенде Үрүмчү деген шаарга киришти по прошествии трёх дней они въехали в город Урумчи;
"Ош" деген шаарда в городе Оше;
бул "эмне" деген кеп! это ещё что за разговоры!; это ещё что за новости!;
"адам" деген адам да человек есть человек (со всеми присущими ему слабостями и недостатками);
"аламын" дегендей кылды он как будто хочет взять;
3. думать; иметь намерение, цель; желать;
"айтайын" дегендеримди айта албай калдым я не мог сказать всего того, что хотел сказать;
"айтайын" дегеним а то, что я хотел сказать; а я вот что хочу сказать;
"айтайын" дегеним - ушул вот (все), что я хотел сказать;
сурайынчы деген пикир оюна да келгени жок мысль о том, чтобы спросить, ему и в голову не пришла;
мага деген предназначенное для меня; направленное в мою сторону;
мага деген жамандыктары их пакости, направленные против меня;
"эмне" деп келдиң? ты зачем пришёл?
"окуймун" деп келдим я пришёл учиться;
биз "аттаналы" деп жатканда когда мы собирались сесть на коней;
күн жакшы болоюн деп атат погода обещает быть хорошей;
дегенине жетишти он добился своего;
дегенин кылды он настоял на своём;
барай десем, бутум ооруйт хотел бы я пойти, да ноги болят;
шамал бастайын деди ветер хочет утихнуть, ветер начинает утихать;
4. в форме дей является первым компонентом сложных глаголов, сочетаясь с глаголами ал-, бер-, кал-, кой-, кер-, сал-, тур-, түш-;
дей алган жок он не мог сказать;
билбесең да, "билемин" дей бер а ты говори, что знаешь, хотя и не знаешь;
"келемин" дей кой да ну, скажи, что придёшь (с оттенком просьбы);
"бүгүн келет" дей көр ты скажи, что сегодня придёт (с оттенком настойчивости);
"беремин" дей тур а ты говори, что дашь (с целью отделаться отговоркой);
бир деме дей отур говори что-нибудь (что же молчишь?);
"келемин" дей салды он сказал, что придёт (так просто, не думая об этом);
"беремен" дей турчу а ты говори, что дашь (с целью отвлечь);
"жок болду" дей бер пиши пропало;
"мен" дей турган болсоң если ты меня уважаешь; если ты со мной считаешься;
5. при звукоподражаниях сочетается с глаголом түш- (см. түш- III);
6. с формой на -чу выражает обычность сообщения о прошлом;
дечү или дечү эле так говорили, так принято было говорить, так говаривали;
десе! или десең! вот ведь какой!, вот ведь как! (чаще с оттенком неодобрения);
ай, "сен акмак" десе! вот ведь какой ты дурак!;
ой, "ит" десе! вот ведь свинья-то какая (букв. пёс) !;
"арам" десе! вот ведь стервец!;
"атаганат" десең! вот ведь жалость-то какая!;
ой, "сыр билги" десе! ой, какая прозорливая!;
"оой" десеңчи, ал күндөр эстен чыкпайт! ох, скажу-ка я вам, те дни не забудутся!;
"эмнеге" десең или "неге" десең а это потому;
"ал гана" дейсиңби? ты думаешь только это? нет, это ещё далеко не всё;
"эң кеп" дегенде самое большее, максимум;
"эң көп" дегенде беш күн максимум пять дней; никак не больше пяти дней;
"эн аз" дегенде по меньшей мере;
"он күн" дегенде как только пройдёт (прошло) десять дней;
"эң жок" дегенде на худой конец, самое меньшее, минимум;
а дегенде (или адегенде) или (с большим усилением) а дегенде эле (или адегенде эле)
1) как только, сразу же; прежде всего, на первых порах, в первую очередь;
адегенде эле мына мындай суроо берди он сразу же (в первую очередь, прежде всего) задал вот такой вопрос;
2) ни с того ни с сего, без достаточных оснований;
деген менен как ни говори, а...; так-то оно так, но...; а всё же;
бирөөнүн дегени менен по чужой, указке; под чужую дудку;
...дебей не разбирая, не считаясь;
күн, түн дебей или күн, түн дебестен день и ночь, круглые сутки;
жаш, кары дебей и стар и млад;
а дегиче (или адегиче) не успели оглянуться, как...; тут же (в значении времени); тут как тут;
адегиче бер жактан Ашыраке келди в этот момент с этой стороны подошёл Ашыраке;
ана-мына дегенде (или дегиче) жөнөй турган убакыт келип калды не успели повернуться, как уже подошло время отправления;
а деп (или адеп) или (с большей категоричностью) а деп эле (по значению близко к а дегенде или а дегенде эле; оттенок, видимо, только стилистический) как только;
а деп келгенимде как только я впервые прибыл;
а деп шаар мектебине келгенден бери с того момента, когда он впервые явился в городскую школу;
а деп алган кезинде как только он взял;
а деп эле кергендө с первого взгляда;
адеп ыр чыгара баштаганда когда он только ещё начал сочинять стихи;
а деп башталышында на первых порах;
а деп эле мен келдим первым пришёл я; я пришёл раньше всех.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айтуу, сүйлөө. Дегениңе көнөйүн, Жолдош болуп берейин («Эр Төштүк»). Айта берип, дей берип, өзүм да тилдүү болуп кете турган болдум (Убукеев). 2. Ойлогондугун, ниеттенгендигин билдирүү үчүн колдонулат. Кара дарак жеримди, Кайрылып көрсөм дечү элем (Токтогул). Ак маңдай көрөр бекен деп, Айлыңды эңсеп көп келем (Маликов). 3. Деген, деп формаларында. Кандайдыр бир нерсени атоодо же белгилеп көрсөтүүдө колдонулат. Окуу деген оюнчук эмес (Убукеев). Жүгүргөн албайт, буюрган алат деген кеп бар (Байтемиров). Аны Шаке деп коюшат (Сыдыкбеков). Очок дегени – коломтонун орду, боз үйдүн чок ортосу (Сыдыкбеков). 4. Кандайдыр бир пикир, ошондой көрө тургандыгын, катарында эсептей тургандыгын билдирүүдө колдонулат. Э, калп десеңер өзүңөр билгиле! (Сыдыкбеков). Ал мени сойдум десе керек! (Токомбаев). 5. Тууранды жана элестүү сөздөр менен айкалышып, көмөкчү этиш катарында алардын дабышын, үнүн, кыймыл-аракетин же элесин билдирүүдө колдонулат. Жыгач тирөөчтөр карс дей түшөр бекен деп кыпылдайсың (Сасыкбаев). Ууз кымыздын жыты жакын отурган Элебестин мурдуна бур дей түштү (Сыдыкбеков). Бүткөн бою дүр дей түштү (Сыдыкбеков). Буласы бурт деп бөлүндү («Эр Табылды»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДЕБЕГИ — эпизоддук кейипкер, Акунбешим паашанын улуктарынан. Чүйдү калмактардан бошотуу үчүн келе жаткан Манаска каршы аттанууда Акунбешим Д-ни да чакырат (Сагымбай Орозбаков, 2. 129). Коңурбай Мааникерди сурап чыр салганда да душмандар тарабында (Сагымбай Орозбаков, 3. 129), ал эми Чоң казатта «Кумардын уулу Дебеги» кыргыз баатыры катары кытайды кууп барып, «Оң колунун карыга» ок жаңылтып качып келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 347).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кириш-чыгыш книгасынын бардык алынган. мүлк, байлыктар жана белгилүү бир счетко тийиштүү болгон карыздар, доходдор жазылып туруучу сол жаккы бети (кредитке карама-каршы мааниде). Конторага барып, эсептин дебет кредитин тактап, анан совхозго барып келем деген (Сыдыкбеков).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕБЕТ (СОЛКАТТАМ) (от лат. debet – ал карыз) – 1) 2 жактуу тизмек таризиндеги бухгалтердик эсептин сол танабы. Бар мүлкүн, акча каражатынын кыймылын, товардык-материалдык баалуулуктардын корун (даяр продукцияны, бүтөлек өндүрүштү ж. б.) каттоого алуу үчүн колдонулган эсептеги баалуулуктардын саны ар айдын башында Д-те көрсөтүлөт да, жаңы келип түшкөндөр ай ичинде катталып турат. Бар мүлк менен каражат булактарынын кыймылын каттоого алуу үчүн колдонулган эсептеги булактардын азайуусуна алып келген чарбачылык аткарымдары Д-те чагылдырылат. Бухгалтердик эсептеги баардык аткарымдар өзара байланышы бар эсепке 2 ирет (бирдей кошундуда) жазылат: Д-те бир эсеп, кредитте башкасы; 2) жеке жана юридикалык жактар менен чарбачылык боюнча өзара байланыштын натыйжасында төлөнө же алына турган кошунду. Д. активинде каражат көлөмүнүн өсүүсү, пассивинде төмөндөөсү белгиленет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
бухг. Карыздарды, расходдорду жана алынган нерселерди жазып туруучу кириш-чыгыш китепчесинин сол жак бети. Конторго барып эсептин дебет, кредитин тактап, анан совхозго барып келем деген (Сыдыкбеков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕБЕТ МЕМОРАНДУМУ – 1) сатып алуучунун тийиштүү алына турган эсеби дебеттелгендиги тууралуу ошол сатып алуучуга билдирүү үчүн сатуучу колдоно турган документ; 2) белгилүү бир себептерден улам каражат салуучунун банк эсеби кыскаргандыгы тууралуу банк тарабынан каражат салуучуга бериле турган документ (м.: банктын тейлөө акысы үчүн төлөмдүн натыйжасында).

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дебеттик-кредиттик банктык төлөм карты (Debet-credit card) —Ал боюнча операцияларды карт ээси эмитент тарабынан сунушталган кыска мөөнөттүү кредиттин чегинде жүзөгө ашырган карт, ал кардарга анын эсебиндеги суммадан жогору суммага, ошондой эле эмитент менен карт ээси ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган суммага жана шарттарда төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дебеттик банктык төлөм карты (Debit card) —1) Ал боюнча операциялар банктык эсептеги каражаттар калдыгынын чегинде карт ээси тарабынан ишке ашырыла турган карт. 2) карт ээсине анын депозиттик мекемедеги эсебинде турган акча каражаттардын эсебинен түздөн-түз сатып алуулар үчүн төлөөгө мүмкүндүк берген карт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨЗАРА ЭСЕПТЕШҮҮНҮН ДЕБЕТТИК САЛЬДОСУ – түшкөн каражатка караганда төлөм көлөмү басымдуулук кылганда, каттоо боюнча эсеп бетинде чагылдырылуучу белгилүү бир мезгил ичиндеги төлөм жана түшкөн каражаттын өзара катышынын натыйжасы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕБЕТ МЕМОРАНДУМУ – 1) сатып алуучунун тийиштүү алына турган эсеби дебеттелгендиги тууралуу ошол сатып алуучуга билдирүү үчүн сатуучу колдоно турган документ; 2) белгилүү бир себептерден улам каражат салуучунун банк эсеби кыскаргандыгы тууралуу банк тарабынан каражат салуучуга бериле турган документ (м.: банктын тейлөө акысы үчүн төлөмдүн натыйжасында).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕБЕТ (СОЛКАТТАМ) (от лат. debet – ал карыз) – 1) 2 жактуу тизмек таризиндеги бухгалтердик эсептин сол танабы. Бар мүлкүн, акча каражатынын кыймылын, товардык-материалдык баалуулуктардын корун (даяр продукцияны, бүтөлек өндүрүштү ж. б.) каттоого алуу үчүн колдонулган эсептеги баалуулуктардын саны ар айдын башында Д-те көрсөтүлөт да, жаңы келип түшкөндөр ай ичинде катталып турат. Бар мүлк менен каражат булактарынын кыймылын каттоого алуу үчүн колдонулган эсептеги булактардын азайуусуна алып келген чарбачылык аткарымдары Д-те чагылдырылат. Бухгалтердик эсептеги баардык аткарымдар өзара байланышы бар эсепке 2 ирет (бирдей кошундуда) жазылат: Д-те бир эсеп, кредитте башкасы; 2) жеке жана юридикалык жактар менен чарбачылык боюнча өзара байланыштын натыйжасында төлөнө же алына турган кошунду. Д. активинде каражат көлөмүнүн өсүүсү, пассивинде төмөндөөсү белгиленет.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дебетовая банковская платежная карта (Debit card) —1) Карта, операции по которой производятся держателем в пределах остатка средств, имеющихся на банковском счете. 2) карта, дающая возможность держателю оплачивать покупки напрямую за счет денежных средств на его счете в депозитном учреждении.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дебетно-кредитная банковская платежная карта (Debet-credit card) —Карта, операции по которой производятся держателем карты в пределах предоставления эмитентом краткосрочного кредита, который дает возможность клиенту осуществлять платежи сверх суммы, имеющейся на счете клиента, в пределах сумм и на условиях, определенных договором между эмитентом и держателем карты.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дебиторская задолженность (Accounts receivable) —Сумма долгов, причитающихся предприятию, фирме, компании, организации со стороны других предприятий, фирм, а также граждан, являющихся их должниками.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕБИТОРДУК КАРЫЗ – өзара чарбачылык байланыштардын жыйынтыгында жеке же юридикалык жактардын чарбачылык субъекттерине карата карыз кошундусу. Д. к. кадыресе чарбачылык иштердин натыйжасында же каржы, эсеп-кысап же төлөм тартибинин бузулуусунан улам пайда болот. Ал каражатты ишкана жүгүртүүсүнөн ажыратып, дебитор тарабынан колдонуусу менен мүнөздөлөт. Чарбачылык ишинде ченемдүү жана мөөнөтү өткөн Д. к. деп бөлүнөт.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дебитордук карыз (Accounts receivable) —Карызгер болуп саналган башка ишканалардан, фирмалардан, ошондой эле жарандар тарабынан ишканага, фирмага, компанияга, уюмга төлөнүп берилүүчү карыздын суммасы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕБИТОРДУК КАРЫЗ – өзара чарбачылык байланыштардын жыйынтыгында жеке же юридикалык жактардын чарбачылык субъекттерине карата карыз кошундусу. Д. к. кадыресе чарбачылык иштердин натыйжасында же каржы, эсеп-кысап же төлөм тартибинин бузулуусунан улам пайда болот. Ал каражатты ишкана жүгүртүүсүнөн ажыратып, дебитор тарабынан колдонуусу менен мүнөздөлөт. Чарбачылык ишинде ченемдүү жана мөөнөтү өткөн Д. к. деп бөлүнөт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
только мн.
1. (лесные) чытырман, түнт (токойдун өтө калың чытырман жери);
непроходимые дебри чычкандын мурду өткүо чытырман токой;
2. разг. (глухое место) чет, түпкүр;
он заехал в такие дебри ал бир түпкүргө барып алыптыр;
залезть в дебри разг. бир баш катырмага кирип алуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕВАЛЬВАЦИЯ (лат. de – төмөндөө, ылдыйлоо, жокко чыгаруу деген кыймыл-аракетти билдирүүчү койунду жана valeo –мааниге ээ болом, наркым) – 1) дүйнөлүк акча стандартына карата улуттук валюта наркынын төмөндөп кетүүсү; 2) валютанын ырасмий курсунун түшүп кетиши; инфляциядан кийин валютаны турукташтыруу усулу: а) ачык Д. – курсу түшкөн кагаз акчаны жүгүртүүдөн алып салуу же наркы таптакыр эле түшүп калган акчаны кандайдыр бир деңгээлде алтын байланышкан курс боюнча өзүнүн наркын туруктуу сактап турган кредиттик акчага алмаштыруу; б) көмүскө Д. – баасы түшкөн кагаз акчага жараша акча бирдигинин чыныгы алтын наркынын мамлекет тарабынан төмөндөтүлүшү (мында, мурдагы кагаз акча жүгүртүүдө кала берет).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕВАЛЬВАЦИЯ (лат. de – төмөндөө, ылдыйлоо, жокко чыгаруу деген кыймыл-аракетти билдирүүчү койунду жана valeo –мааниге ээ болом, наркым) – 1) дүйнөлүк акча стандартына карата улуттук валюта наркынын төмөндөп кетүүсү; 2) валютанын ырасмий курсунун түшүп кетиши; инфляциядан кийин валютаны турукташтыруу усулу: а) ачык Д. – курсу түшкөн кагаз акчаны жүгүртүүдөн алып салуу же наркы таптакыр эле түшүп калган акчаны кандайдыр бир деңгээлде алтын байланышкан курс боюнча өзүнүн наркын туруктуу сактап турган кредиттик акчага алмаштыруу; б) көмүскө Д. – баасы түшкөн кагаз акчага жараша акча бирдигинин чыныгы алтын наркынын мамлекет тарабынан төмөндөтүлүшү (мында, мурдагы кагаз акча жүгүртүүдө кала берет).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. экон. Улуттук акча белгисинин алтын менен камсыз болуу даражасын азайтуу же алардын чет өлкөнүн валютасына карата болгон курсун төмөндөтүү жолу менен мыйзамдуу тартипте өлкөнүн акча системасын стабилдештирүү жолу. 2. өт. Кунун кетирүү, баркын кетирүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
девиация (1. физ. жакын турган темирдин таасири менен, компастын магнит стрелкасынын магнит меридианынын сызыгынан кыйшайышы; 2. воен., мор., ав. снаряд, кеме же самолёт тууралу: бараткан багытын кокустан болгон себептин таасири менен өзгөртүү).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕВИЗ (фр. devises ) – эларалык эсеп-кысап иштерин жүргүзүүгө арналган чет өлкө валютасындагы төлөм каражаттары. Негизинен тышкы соода боюнча эсеп-кысап жүргүзүүгө, капитал кыймылына, көбүнесе эларалык туризм менен дагы башка соодага жатпай турган төлөмдөргө байланыштуу банк бүтүмдөрү Д. аркылуу жүргүзүлөт. Д-ге төмөнкүлөр кирет: четөлкө банктарына коюлган которум, чек, аккредитив; чет өлкөдө төлөнүүгө жатуучу төлөм талабы, төлөм тапшырыгы, вексель, ошондой эле чет өлкө билеттери (банкноттор) менен тыйындар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕВИЗ (фр. devises ) – эларалык эсеп-кысап иштерин жүргүзүүгө арналган чет өлкө валютасындагы төлөм каражаттары. Негизинен тышкы соода боюнча эсеп-кысап жүргүзүүгө, капитал кыймылына, көбүнесе эларалык туризм менен дагы башка соодага жатпай турган төлөмдөргө байланыштуу банк бүтүмдөрү Д. аркылуу жүргүзүлөт. Д-ге төмөнкүлөр кирет: четөлкө банктарына коюлган которум, чек, аккредитив; чет өлкөдө төлөнүүгө жатуучу төлөм талабы, төлөм тапшырыгы, вексель, ошондой эле чет өлкө билеттери (банкноттор) менен тыйындар.

Киргизско-русский словарь Юдахина
сильно желать;
окууга дегдеп калдым я возгорелся желанием учиться;
бул Алмамбет келгени казактын журту дегдеди фольк. когда (богатырь) Алмамбет прибыл, казахский народ горел желанием (посмотреть его).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Самоо, эңсөө, абдан каалоо, ынтызар болуу. Биз – эмгекчил, эмгек десе дегдеген (Калык). Оюнду дегдеген кыз-келин, уландар бая эле чогулган (Жантөшев). Үчөөнүн кыялдары калкып, Фрунзени, институтту дегдешти (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от дегдеңде-;
аны дегдеңдетип сүйрөп келди его приволокли, подталкивая в спину; его приволокли силой;
экөөнү тең токмоктун алдына алышып, дегдеңдетип жетелеп олтурушуп их обоих взяли в дубьё и вели, подталкивая.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от дегде-
вызывать сильное желание;
жүрөк дегдет- или көңүл дегдет- возбудить желание;
жүрөгүмдү дегдетип, жүрөлү дейсиң калышпай фольк. возбудив сердце моё желанием, ты говоришь "будем неразлучны".

Киргизско-русский словарь Юдахина
абсолютно, совершенно;
деги көрдүңбу? видел ли ты вообще? видел ли ты когда-нибудь?
деги айтыңызчы! или айтыңызчы, деги! скажите же, наконец!;
деги эмине болсо да во что бы то ни стало;
деги оюңда бир деме барбы? думаешь ли ты хоть о чём-нибудь?
деги ушундай болсо дагы хотя бы это было и так; пусть это будет тысячу раз так, но...;
чыкчы, деги! да выйди же ты!;
деги сен сүйлөбөчү! да перестань же ты говорить!;
сен, деги, качан даяр болосуң! когда же ты (наконец) будешь готов!;
деги кызык очень занятно, уж так-то занятно;
деги айтканың келсин! да исполнится твоё пожелание);
деги жарабайт совершенно не годится.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от де-,
то же, что дедир-;
байлык эмне дегизбейт, жокчулук эмне жегизбейт! стих. чего только не позволяет говорить богатство и чего только не заставляет есть бедность!;
курсактан чыккан баламды, кудай, бирөөнүн уулу дегиздиң фольк. ты, господи, заставил называть чужим сыном дитя, появившееся из (моего) чрева;
тамакты бирге жеп-ичтик, бизди көргөн душманга эгиз чоро дегиздик фольк. мы вместе пили-ели, (и так вели себя, что) видевшие нас враги называли нас витязями-близнецами;
кылт дегизип жут- глотнуть так, чтобы булькнуло;
кылт дегизип суу жутпай, кырт дегизип чөп чалбай фольк. он не булькнул, глотнув воды, не хрустнул, щипнув травы (т.е. не глотнул воды и не щипнул травы);
каң дегизе чап- стукнуть так, чтоб зазвенело;
атты башка каң дегизе чаап жиберген он так хлестнул коня по голове, что звон раздался.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Коомдо жеке адамдын же элдик топтун маңызын жоготуу элдин өнүгүшүн төмөндөтүү жана мурунку калыбына кайта келүү мүмкүндүгүнөн айрылуу. 2. Адамдын психикалык жагдайындагы мурунку жакшы сапаттарын жана касиеттерин жоготушу, начарлай башташы, төмөндөө абалында болушу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. чоң ата (по линии отца); тай ата (по линии матери);
2. разг. (при обращении) ата, карыя, баба, аке (сүйлөшүүдө: жалпы карыган эркек киши);
наши деды биздин ата-бабаларыбыз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чет тилден кирген татаал сөздөрдүн төмөндөгүдөй маанилер туюнтуучу тутумдаш бөлүгү: 1. Кайсы бир нерседен бөлүнүүнү, четтетилиши, алмашылышы: демобилизация, дезинфекция. 2. Төмөндөө кыймылы, төмөндөө. Мисалдар: Девальвация, деградация.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от де-,
то же, что дегиз-;
кыл дедирмейинче кылбайт пока ему не прикажут, он не делает; он не делает (ничего) по своему почину;
дедирбей барат он пойдёт и без приказаний;
балп дедире сугунуп, кулк дедире жутту эле фольк. жадно схватив, он глотнул;
"а" дедирбей в момент, тут же;
"а" дедирбей, Ажекең айттырбастан билгени фольк. Аджеке догадался, когда ещё не произнесли "а" (не дожидаясь пока скажут);
каңк дедире сал- стукнуть так, чтоб зазвенело (напр. по голове).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕДУКЦИЯ (лат. deductio – чыгаруу) – жалпыдан жекеге, жалпы ой жүгүртүүдөн жекечеге же дагы башка жалпы жыйынтыктарга карата логикалык жыйынтыкка келүү; илимий ой таанымында Д. индукция менен тыкыс байланышкан.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕДУКЦИЯ (лат. deductio – чыгаруу) – жалпыдан жекеге, жалпы ой жүгүртүүдөн жекечеге же дагы башка жалпы жыйынтыктарга карата логикалык жыйынтыкка келүү; илимий ой таанымында Д. индукция менен тыкыс байланышкан.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРАНДЫН АРАКЕТКЕ ЖАРАМДУУЛУГУ – жарандык укуктарды алуу жана аны аткарууга, жарандык милдетти алуу жана аны аткарууга карата жарандардын жарамдуулугу. Ал КРде киши эрезеге жеткенден, т. а. 18 жашка толгондон тартып толук күчүнө кирет. 14 жаштан 18 жашка чейинки эрезеге жетелек, 6 жаштан14 жашка чейинки өспүрүм курактагыларга айрым жарамдуулук белгилери тартууланган. Никеге турууга мыйзам тарабынан улуксат берилген 18 жашка куракка толо элек жарандар никеге турары менен, толук жарамдуулукка эгедер болот. Никеге туруу менен жаран жарамдуулугуна ээ болгондор никесин ажыраткандан кийин деле жарамдуулугун сактап кала берет. Мыйзамда каралган тартипте гана жарандык жарамдуулугу чектелиши же жарамсыз деп табылышы мүмкүн (м.: адам акыл-эсинен айныганда).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫН ЖАРАМДУУЛУГУ – мыйзамдарга ылайык уюштуруучулук документтеринде каралган иш максатына тийиштүү жарандык укуктарга ээ болуу жана аны аткаруу, ал иштерге байланыштуу жарандык милдеттерди алуу жана аны аткаруу боюнча юридикалык жактын жарамдуулугу. Ю. ж. ж. ал мамлекеттик каттоодон өткөндөн тартып башталат да, ал жоюлгандан тартып токтолот.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. дежурный болуу, кезекте туруу, кезекчилик кылуу;
дежурить всю ночь у постели больного түнү бою оорунун жанында дежурный болуп чыгуу;
2. перен. кайтаруу, акмалоо (эч кайда кетпестен бир нерсенин жанында болуу).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кызмат же коомдук иштер жагынан белгилүү бир тапшырманы кезек менен аткарып туруучу. Дежурный врач. Дежурный милиционер. Дежурный болуу.
2. Башка мекемелердин дем алыш учурларында алардыкындай эле кызматты аткарып, алардан көбүрөөк убакка чейин иштөөчү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ай, -ое
1. дежурный, кезекчи;
дежурный врач дежурный врач;
дежурный по станции станция дежурныйы, станция боюнча дежурный (поезддин келиши менен кетишин башкаруучу станция кызматчысы);
2. в знач. сущ. м., ж. дежурный, кезекчи;
дежурное блюдо дежурный тамак (ашканада кун мурун даярдап коюлган тамак).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖОЙМОЖООП – эларалык жалпы укуктагы өкмөттүн же мамлекеттик тийиштүү органдын өзүнүн дипломаттык өкүлүнүн же дагы башка ыйгарым укуктуу кызмат адамынын иш-аракетин жокко чыгарышы. Ж-то дипломаттык өкүл атайын тапшырмасыз эле же ага берилген ыйгарым укук бузулуу менен аракет жасагандыгы билдирилет. Ошентип, өз өкүлүнүн аргандай аракетинен же анын эларалык-укуктук кесепетинен мамлекет өз жоопкерчилигин алып салат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
дезертир (1. өзүнүн аскер бөлүгүн өз бетинче таштап кеткен же армияга чакырылуудан качкан кшии; 2. перен. мамлекеттик милдеттен же көпчүлүктүн тапшырган милдетинен баш тарткан киши).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өзүнүн аскер бөлүгүн өз бетинче таштап кеткен же армияга чакырылуудан качкан, адам. 2. өт. Өзүнүн граждандык милдетин, милдеттүү кызматын же коомдук милдеттүү иштерин аткаруудан баш тарткан адам.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АСКЕРДЕН КАЧУУ – аскердик милдетин өтөөдөн баштартуу максатында аскер бөлүгүн же кызмат ордун өзбетинче таштап кетүү коштогон аскердик кылмыш. А. к.: а) кылмыш кызмат өтөө куралы менен кошо качуу; б) алдынала макулдашып алуу же уюшма топ тарабынан жасалган качуу болуп жиктелет. Биринчи жолу качкан аскер кызматкери оор жагдайдан улам жасалган болсо, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(биол.) дезимаголонуу; жандыктар чонойгон фазасын, имаголук касиеттерин жоготуп коюусу, мисалы, элкин жашап жүргөн кенелер кийин митеге айланганда, чоноюп жетилген белгилерин, касиеттерин жоготуп, личинкалык касиеттерге ээ болушат (эволюциянын регресси).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Саясий, үгүт, насыят ж. б. максаттарга жетүү үчүн ыплас ыкмаларды колдонуп, кайсы бир маселелер, нерселер, окуялар жөнүндө туура эмес, бузуку маалыматтарды атайылап таратуучу, жалган көз караштарды таңуулоо менен ишти чаташтыруучу, туура жолдон чыгаруучу аракет.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(биохим.) дезоксирибонуклеин кычкылдыгы (ДНК); тирүү организмдердин клеткаларынын ядролорундагы узун полимердүү табигый кошунду, хромосомалык затты жаратууга катышат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. филос.
деизм (17-18 кылымдардагы диний-философиялык окуу; бул окуу - дүйнөнү жараткан кудай деп ишенет, бирок, кудай табияттын жана коомдун тиричилигине кийлигишпейт дейт).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. бездомный, бродяга;
2. человек со странностями, человек, у которого "не все дома"; глуповатый;
ай, кудай ай-ээ! ал дейди эми кайдан эстесин! о, господи! да где же этому глупышу теперь вспомнить!

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келесоо, аңкоо, дөдөй, кеңкелес, эч максатсыз жүрө берген. Чоро бир орунда курган тамы, тиккен талы жок, жалгыз бой, күлү додо болбогон дейди адам (Касымбеков). Үйгө бир күн жолобой, Дейди болуп калыптыр (Эл ыры).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДЕЙИЛДЕ — кымбат баалуу кездеме. Бул кездемеден баалуу сырт кийим жасалат. Ал сырт кийимдер сый катары ардактуу адамдарга берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Д. эки жерде: биринде Ажыбай Манастын түшүн жоруганда Д. чапан жабат, экинчисинде Жакып Атемир менен кудалашып, ага кызыл кымкап Д-га кошуп үч сарпай кийгизет (Сагымбай Орозбаков, 2. 282, 380).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алтын, күмүш зым аралаштырып согулган кымбат баалуу кездеменин түрү. 2. Ошол кездемеден тигилген кийим. Айрыкча дейилде чепкен сыйлуу кийит эсептелген. Бастыргычы дейилде («Манас» С. О.). Дейилда чапан. Дейдилдеден сексен миң, Баштатадан Көкөтөй, Дүнүйөнү жыйган тим («Манас»). Бастыргычы дейилде, Ак манат менен тыштаган («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
послелог, выражающий предел до;
жүз сомго дейре до ста рублей;
алиге дейре до сего времени;
октябрге дейре до октября;
саат он экиден экиге дейре с двенадцати до двух часов;
чоңдордон баштап балдарга дейре от мала до велика.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргызча дейре жандоочу чейин, дейин, жери, дери сөздөрүнө маанилеш келет. Маанилеринин бирдей болушу кокустук эмес, баарысы бир уңгудан келип чыгат. Байыркы [таш] эстеликтериндеги тегин//теги(ДТС, 547) сөзү азыркы кыргыз тилинде чейин түрүнө келген. Ал тег+ин морфемаларынан куралган. Сөздүн уңгусун түзгөн тег сөзү дейре жандоочун жаратууга да катышат. Азыркы кыргызча тий этишине туура келген байыркы тег этишине чакчыл -ын мүчөсү жалгануудан тегин(<--чейин) сөзү пайда болсо, тег этишине аркылуу мамилесин уюштурган -ыр мүчөсү уланып, ага чакчыл -а мүчөсү улануудан тегире (<тег+ир+е) сөзү жаралган. Ал азыркыча тийдире (<тий+дир+е) дегенге барабар келет. Кыргыз тилинин өнүгүшүндө т тыбышы д тыбышына, г тыбышы й тыбышына алмашып, р тыбышынын алдындагы и тыбышы түшүп калган: тегире-->тегре-->дегре-->дейре.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Орун, аралык, мезгил, убакыт ж. б. жагынан болгон чекти билдирүү үчүн колдонулат. Ок жетпес бир топ жерге дейре анын артынан чуркады (Сыдыкбеков). Кымыз серке чаначтын колуна дейре түшө түштү (Сыдыкбеков). Саат бирге дейре отурдук (Байтемиров). Кулбаш жыйырма сегиз жашка келгенге дейре Сарыбайда иштеди (Абдукаримов).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (деятельность, работа) аракет;
привести машину в действие машинаны аракетке келтирүү;
боевые действия согуш аракеттери;
2. юр. (сила, действенность) таасир, күч;
договор сохраняет своё действие в течение пяти лет договор өзүнүн күчүн беш жылга чейин сактайт;
соглашение вошло в действие с первого января келишим биринчи январдан баштап күчүнө кирди;
3. (воздействие) таасир;
химическое действие химиялык таасир;
под действием сильных морозов многие растения погибли катуу сууктун таасиринен көп өсүмдүк кыйрады;
4. чаще мн. (поступки):
самовольные действия өзүнчө, өз билгенинче иштөө (аракет кылуу);
предоставить свободу действий эркинче аракет кылууга жол берүү;
5. (событие в повествовании) окуя;
действие происходит в Москве окуя Москвада болгон;
6. театр. көшөгө;
драма в пяти действиях беш көшөгөлүү драма;
7. мат. амал;
арифметическое действие арифметикалык амал;
четыре действия арифметики арифметиканын төрт амалы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМДЫН КОЛДОНУЛУШУ – мыйзамдын мезгил, мейкиндик жана жак чөйрөсү боюнча таралышы. Мезгил боюнча М. к. ал күчүнө кирген учурдан башталат. Ал учур мыйзамдын өзүндө атайын көрсөтүлүшү мүмкүн. Эгер ал көрсөтүлбөсө, анын күчүнө кирүү мөөнөтү колдонуудагы мыйзам аркылуу аныкталат. М. к. ал ырасмий жокко чыгарылган учурдан же ал үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндөн же кийин чыккан мыйзам менен алмаштырылгандан тартып токтотулат. Мейкиндик боюнча М. к. белгилүү бир аймак чегинде колдонулушун билдирет. Жактар арасында М. к. белгилүү бир укук субъектисинин катмарына карата колдонулушун билдирет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
1. нареч. (в действительности) чындыгында, чынында, чын эле, анык эле;
ему действительно хотелось учиться анын чын эле окугусу келген эле;
2. в знач. вводн. сл. (в самом деле) ырасын айтканда, кептин чынын айтканда;
действительно, вы были правы ырасын айтканда, сиздики туура экен.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (достоверный, подлинный) анык, болгон, чыныгы;
это его действительные слова бул анын анык айткан сөздөрү;
2. (дающий результат) натыйжалуу, жарай турган;
действительное средство натыйжалуу (жарай турган) чара;
3. (имеющий силу, годный) күчүн сактоочу, жарай турган;
билет действителен в течение двух суток билет эки суткага чейин жарайт;
действительный член Академии наук Илимдер Академиясынын анык мүчөсү;
действительный залог грам. табыш жөндөмөсүн талап кылуучу этиштин залогу;
действительная служба воен. аскер кызматы (армияда кызмат кылуу).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШ-АРАКЕТ – адамдар тарабынан жасалгандыктан, алардын эркине гана көзкаранды болуучу аракеттерди камтып турган юридикалык фактыларынын бир түрү. Ал өзара укукченемдүү (жумушка же окууга кирүү, ардактуу эсалууга чыгуу, никеге туруу ж. б.) жана укукченемсиз болуп бөлүнөт (м., укук бузуучулуктун баардык түрлөрү).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. (поступать) иштөө, аракет кылуу;
действовать сообразно закону законго ылайык аракет кылуу;
действовать сообща чогуу аракет кылуу;
2. (быть в действии) иштөө, аракет кылуу;
телефон не действует телефон иштебейт;
у него не действует левая рука анын сол колу кыймылдабайт;
3. (воздействовать, влиять) таасир кылуу, таасир тийүү;
лекарство уже действует дары таасир кыла баштады;
слова на них не действуют аларга сөз таасир кылбайт;
4. (о законах, постановлениях) жүргүзүлүү, күчүнө кирүү;
закон действует со дня его опубликования закон жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ее
1. прич. от действовать;
2. прил. юр. (о законах, постановлениях) колдонулуп жаткан, жүргүзүлүп жаткан, күчүнө кирип жаткан;
действующие законы колдонулуп жаткан закондор;
действующая армия согушуп жаткан армия;
действующие лица театр. катышуучулар.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: дек-дек подражание отрывистому звуку, стуку;
кыймылсыз жаткан тыңшап Мүзүретбек, зырп эте эт жүрөгү согуп "дек-дек" стих. Музуретбек, слушая, замер, сердце его трепещет "тук-тук";
негедир, этим чымыр, тамыр дек-дек стих. у меня почему-то по телу мурашки бегают, и пульс часто и напряжённо бьётся.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Он күн, он күн убакыт. Декабрь айынын биринчи декадасы. // Кандайдыр бир иш чараларын өткөрүүгө арналган он күндүк. Кыргыз искусствосунун Москвада болуп өткөн эки жолку декадасы улуу достуктун чыныгы символу болуп калды.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
XIX кылымдын аягында, XX кылымдын башында философияда, эстетикада, искусстводо жана көркөм адабиятта пайда болгон пессимисттик маанай, турмуштан – реалдуулуктан качуу, индивидуалисттик тенденция. Декаденттик искусствого экзистенциализм, сюрреализм, символизм, дадаизм агымындагы чыгармалар кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕКАН (лат. decanus , баштапкысы – 10 адамдын жетекчиси) – ЖОЖдогу факультет жетекчиси. Д. келишимдик-конкурстук негизинде 5 жылдык мөөнөткө, ЖОЖдун факультетинин профессордук-окутуучулар курамынын жалпы чогулушунда, илимий даражага ээ жана тийиштүү кесип менен дайардыктагы адистердин мүчөлөрүнөн жашыруун добуш менен шайланып, жетекчинин буйругу менен дайындалат. Д. факультетти баардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында ж. б. уюмдарда өкүлчүлүк кылат; факультеттин кафедраларынын, лабораторияларынын ж. б. бөлүмдөрүнүн окуу, окуу-усулдук, илимий-изилдөөчүлүк, илимий-усулдук иштерине жетекчиликти жүзөгө ашырат, окуу жүрүмүнө, студенттердин практикалык иштеринин жүрүшүнө жана студенттердин арасындагы тарбиялык иштерге көзөмөл жүргүзөт жана КР мыйзамдарында жана ЖОЖдун уставында белгиленген иш милдеттерди аткарат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕКАН (лат. decanus , баштапкысы – 10 адамдын жетекчиси) – ЖОЖдогу факультет жетекчиси. Д. келишимдик-конкурстук негизинде 5 жылдык мөөнөткө, ЖОЖдун факультетинин профессордук-окутуучулар курамынын жалпы чогулушунда, илимий даражага ээ жана тийиштүү кесип менен дайардыктагы адистердин мүчөлөрүнөн жашыруун добуш менен шайланып, жетекчинин буйругу менен дайындалат. Д. факультетти баардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында ж. б. уюмдарда өкүлчүлүк кылат; факультеттин кафедраларынын, лабораторияларынын ж. б. бөлүмдөрүнүн окуу, окуу-усулдук, илимий-изилдөөчүлүк, илимий-усулдук иштерине жетекчиликти жүзөгө ашырат, окуу жүрүмүнө, студенттердин практикалык иштеринин жүрүшүнө жана студенттердин арасындагы тарбиялык иштерге көзөмөл жүргүзөт жана КР мыйзамдарында жана ЖОЖдун уставында белгиленген иш милдеттерди аткарат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. проявлять нетерпение;
"ал качан келет" деп, декилдеп турдук мы с нетерпением ждали его прибытия;
2. делать что-л. наспех, торопливо; торопиться;
жөө декилдеп, газета ташыйт он бегом (быстро, торопливо) разносит газеты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Шашкалактоо, энтеңдей жүрүү, тез-тез энтеңдей басуу же жүгүрүү. Балдарга жетем менен декилдеп келаткан Динар өз кыштагынан узап кеткенин байкабай калган (Сыдыкбеков). Нина декилдеп чуркап келип, Макеш менен көрүштү (Ашубаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ырды, прозалык чыгармалардын үзүндүлөрүн көркөм окуу искусствосу, көркөм чыгармаларды үн кубултуп окуу. Нурийла ырды декламация менен айтууга талаптанып жүрөт (Таштемиров). Орус тилинде декламация да айтам,– деди Динар (Сыдыкбеков).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕКЛАРАНТ (ЖАРНАКЧЫ) – КР бажы мыйзамдарына ылайык, товар менен унаа каражаттарын өз атынан жарнактаган, сунуштаган жана көрсөткөн товарларды которуштуруучу жак, ошондой эле бажы агенти (ортомчу, далдалчы).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕКЛАРАНТ (ЖАРНАКЧЫ) – КР бажы мыйзамдарына ылайык, товар менен унаа каражаттарын өз атынан жарнактаган, сунуштаган жана көрсөткөн товарларды которуштуруучу жак, ошондой эле бажы агенти (ортомчу, далдалчы).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кандайдыр бир маселеге арналган официалдуу билдирүү; өкмөттүн же партиянын атынан закондуу чараларды салтанаттуу түрдө жарыялоо жана ошол чаралар жазылган документ.
2. Ар кандай керектүү маалыматтар жазылган, жарыяланган официалдуу документтердин наамы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
декларация (1. өкмөттүн же партиянын атынан закондуу чараларды салтанаттуу түрдө жарыялоо; 2. кандайдыр бир эл аралык саясат жөнүндө бир же бир нече мамлекеттин билдирүүсү; 3. бажы салымдарын төлөөрдөгү товарлардын тизмеси катталган кулактандыруу; 4. эк. налог төлөөчү киши өзүнүн кирешесинин, мүлкүнүн ж.б. өлчөмү жөнүндө финансы органына берген маалыматы).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕКЛАРАЦИЯ (ЖАРНАК) (фр. declaration – билдирүү) – 1) конституциялык укуктагы тийешелүү мамлекеттин тагдыры үчүн өзгөчө зарыл маани берүү менен, салтанаттуу мүнөз күтүү максатын көздөгөн саясий-юридикалык актынын аталышы (м.: КР мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Д-сы). Кошумча мыйзамдык жөнгө салууну талап кыла тургандай, укук-ченемдик акты катары жалпылык менен так эмес мүнөз күткөндүгү – Д-н өзгөчөлүү белгиси болуп саналат; 2) эларалык укуктагы тараптардын жалпы көзкараш менен максаты бирдей чыккандыгын туюндура турган салтанаттуу акты. Ал милдеттүү түрдө аткарыла турган күчкө ээ эмес. Буга мамлекеттер тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла тургандай күчкө ээ болгон 1948-жылы кабыл алынган Адам укугунун жалпы декларациясы гана кирбейт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир маселеге арналган официалдуу билдирүү; өкмөттүн же партиянын атынан закондуу чараларды салтанаттуу түрдө жарыялоо жана ошол чаралар жазылган документ. 2. Ар кандай керектүү маалыматттар жарыяланган кээ бир официалдуу документтердин наамы. Соода декларациясы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕКЛАРАЦИЯ (ЖАРНАК) (фр. declaration – билдирүү) – 1) конституциялык укуктагы тийешелүү мамлекеттин тагдыры үчүн өзгөчө зарыл маани берүү менен, салтанаттуу мүнөз күтүү максатын көздөгөн саясий-юридикалык актынын аталышы (м.: КР мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Д-сы). Кошумча мыйзамдык жөнгө салууну талап кыла тургандай, укук-ченемдик акты катары жалпылык менен так эмес мүнөз күткөндүгү – Д-н өзгөчөлүү белгиси болуп саналат; 2) эларалык укуктагы тараптардын жалпы көзкараш менен максаты бирдей чыккандыгын туюндура турган салтанаттуу акты. Ал милдеттүү түрдө аткарыла турган күчкө ээ эмес. Буга мамлекеттер тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла тургандай күчкө ээ болгон 1948-жылы кабыл алынган Адам укугунун жалпы декларациясы гана кирбейт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИРЕШЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ ЖАРНАК – мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдары өзүнүн жана жакын туугандарынын менчигиндеги КРде жана чет өлкөлөрдө жайгашкан мүлктөрү жөнүндөгү төмөндөгүдөй маалыматтар: а) кыймылсыз мүлк; б) кыймылдуу мүлк – транспорт каражаттары, акча каражаттары (улуттук жана чет өлкөлүк валюта менен), баалуу кагаздар, уюмдардагы аларга тийешелүү үлүштөр, баалуу жана жарым баалуу металлдардан, баалуу жана асыл таштардан жасалган зергер буюмдар, мал-жаны жана көңүлгө алынбай тургандардан башка жандыктары, жарандарга жана юридикалык жактарга болгон мүлктүк талаптар, ошондой эле мыйзам чегинде маданий байлык, байыркы буюм деп таанылган нерселерди чагылдырат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРНАКТОО – мамлекеттин бажы чегарасы аркылуу өткөн товар менен унаа каражаттарынын ары-бери жүрүшү тууралуу бажы органдарына билдирүү. Ж. бажы максаты үчүн зарыл болгон товар менен унаа каражаттары, алардын бажы тартиби дагы башка керектүү маалыматтар жөнүндө так маалымат берүүнүн белгиленген таризи боюнча жүргүзүлөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени кооздоого, көркүнө чыгарууга пайдаланылуучу, керектелүүчү. Фрунзе шаарынын өзүнө гана 200 миң түп декоративдик жана жемиш бактарын тигүү белгиленген («Айыл чарба») 2. Сахнанын жабдылышына таандык, декорацияга керектүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (служащий для украшения) декоративдик, кооздогуч (кооздоо үчүн колдонулуучу);
декоративные растения декоративдик өсүмдүктөр;
2. перен. (внешне эффектный) сырты гана жылтырак, сырты эле кооздолгон;
3. театр. декорация-га т.;
декоративные мастерские декорация мастерскаялары.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сахнада көрсөтүлгөн окуянын ордуна, айлана-чөйрөсүнө карата живописттик же архитектуралык мүнөздө берилген жасалга.
2. өт. Ички мазмунун, кемчиликтерин боёмолоп, сырт көрүнүшүн кооздоп көрсөтүү, ичи калтырак, сырты жалтырак абал, көрүнүш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сахнада көрсөтүлгөн окуянын ордуна, айлана-чөйрөсүнө карата живописттик же архитектуралык мүнөздө берилген жасалга. 2. өт. Ички мазмунун, кемчиликтерин боёмолоп, сырт көрүнүшүн кооздоп көрсөткөн, ичи калтырак, сырты жалтырак абал, көрүнүш.

Киргизско-русский словарь Юдахина
дел I
то же, что дал IV;
дел болду он опешил, растерялся (совсем обессилев);
дел кылды он огорошил;
башы дел он совершенно растерялся; он обезумел;
ушунча көөнүм караңгы, уккандын башы дел болот фольк. моё сердце так опечалено, что (даже только) услышавший (об этом) растеряется;
күйүткө башын дел кылып, күнүгө ыйлал какшанган фольк. обезумев от горя, она каждый день горько плачет;
дел оору лёгкое помешательство, помраченне рассудка;
дел оору тийген эмедей, дегдеп Сейтек жол тартып Сейтек, как помешанный, держит путь, одержимый желанием (скорее увидеть).
дел- II
страд. от де-
1. быть сказанным;
айтоор, баары делип, баары айтылган одним словом, всё сказано, всё высказано;
2. быть названным, называемым; называться;
"Эгизбай" делчү эки бай бар эле было два бая, которые назывались "Эгизбай" (т.е. "баи-близнецы").

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. (действовать) иштөө, кылуу;
не говорить надо, а делать сүйлөөнүн кереги жок, иштөө керек;
2. что (производить, изготовлять) жасоо, иштөө;
мебель делают на фабрике мебелди фабрикада жасайт;
3. что (продвигаться) жүрүү, басуу;
поезд делает семьдесят километров в час поезд саатына жетимиш километр жүрөт;
4. что, разг. даярдатуу, тиктирүү;
к зиме я делаю себе шубу кышка өзүмө тон тиктирип (жасатып) жатамын;
5. что (выполнять) даярдоо, иштөө, жасоо;
делать уроки сабак даярдоо;
делать задачи эсеп чыгаруу;
6. кого кем кылып алуу, жолуктуруу;
делать своим помощником аны жардамчы кылып алуу;
не делай его несчастным аны бакытсыздыкка жолуктурба;
нечего делать или делать нечего разг. амал жок; эмне кыласың;
от нечего делать кылар иш жоктуктан, бекерчиликтен;
что делать! арга канча!;
делать вид -мышка салуу, -ымыш болуу; -тансуу, -ымыш болуп;
делать гимнастику гимнастика ойноо;
делать выбор тандоо;
делать сообщение кабар берүү;
делать попытку аракет кылып көрүү;
делать подарок белек берүү;
делать обход обход жасоо;
делать наблюдения байкоо жүргүзүү;
делать ошибки ката кетирүү (жиберүү);
делать вывод корутунду чыгаруу;
он из мухи делает слона кымындай нерсени төөдөй кылып көрсөтөт; арадай жерге чарадай жыйын кылат; "саман учуптур" - десе, "Самарканды жоо чааптыр", - деп апыртыш.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. (изготовляться) кылынуу, иштелүү, жасалуу;
мебель делается на фабрике мебель фабрикада жасалат;
2. (становиться) болуу;
дни делаются всё холоднее күндөн-күнгө суук боло баштады;
что там делается? ал жерде эмне болуп жатат?;
что ему делается! разг. ал эчтеме да болбойт!

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ненормальный, помешанный; юродивый;
2. (или делбе чөп) название ядовитого травянистого растения;
делбе сүт южн. молозиво (молоко, появляющееся у женщин сразу после родов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсенин делпилдеген көрүнүшүн, далдактап желпилдегенин же калдалактап калдаңдап шашылган аракетти билдирүүдө колдонулат Сабашуунун дабыраган дабышы астында кара көрпө тебетейлер тегеренип, ак калпактар делбек эте учуп түшөт (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Желпилдөө (этек-жең же башка нерселер жөнүндө). Шашкансып Андрейдин шинелинин этеги желге делбектейт (Сасыкбаев).
2. Энтеңдеп, шашкалактап жүгүрүү, жээлигүү. Бүбүш делбектеп короодон чуркап чыкты («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Далдактоо, калдактап желпилдеген көрүнүштө болуу, делбек-делбек этүү. Андрейдин шинелинин этеги желге делбектейт (Сасыкбаев). 2. Калдаңдап шашкалактаган абалда болуу, шашып-бушуп жеңил кыймылдоо. Бүбүш делбектеп короодон чуркап чыкты («Ала-Тоо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Делбе болуу. Олуя делбеленип этек-жеңи делбиреп, учууга даярданып калгандай туюлду (Токомбаев). 2. Ээлигүү, алеп-желеп болуу, калдалаңдап чебелектөө. Старчын жемин көргөн күйкөгө делбелене түштү (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. то же, что делбелекте-;
жүгүрүп келдиң атайы, жүрөгүң сүйүп, делбеңдеп фольк. ты прибежал сюда торопясь, потому что сердце твоё полюбило;
2. болтаться, трепаться;
бир киши келди эрбеңдеп, атек-жеңи делбеңдеп стих. подошёл маленький (см. эрбеңде-) человек, полы и рукава у него болтаются.

Киргизско-русский словарь Юдахина
южн.
то же, что үзүк I (в богатой юрте, но с украшениями);
делбир-делбир образное подражание развевающийся, колышащийся;
шыкалып катар-катар эл келатат, туулары делбир-делбир мунарланат стих. идут люди тесными рядами, их знамёна, развеваясь, алеют.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көңүлдү тарткан, сүйкүмдүү, өзүнө кумар кылган. Аялдардын ичинде ак жоолук делбир деген болот. Буга жолуккан эркектин иши оңолот (Каралаев). Кырга чыккан ак кайыңым! Кызыл жоолук делбирим (Айтматов). 2. өт. Энчилүү ат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Желбирөө, Байрактын баары делбиреп, Желектин баары желбиреп («Эр Табылды»).
2. өт. Кубануу, сүйүнүү. Быяк-тыяктан жолугуп калганда, Эрке кыз апа деп делбиреп турат го? (Байтемиров). — Токтогул аман келдидеп, Тосуп чыгып делбиреп (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Желп-желп этип желпилдеген, дирилдеген абалда болуу, желбирөө. Мала кызыл крепдешин косынкасынын учу желге делбирейт (Сыдыкбеков). Байрактын баары делбирейт («Эр Табылды»). Делбиретип деңиз мынча сагынтат, толкунунда калган өңдүү элесим (Абдалова). 2. өт. Эпилдеген жеңил кыймыл-аракетте, элпек, шайдоот мамиледе болуу. Быяк-тыяктан жолугуп калганда, Эркекыз апа деп делбиреп турат го (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от делбире-;
ак жоолугун делбиретип жолоочулар түшкөн машинаны узатып турат (женщина) на (голове) которой развевается белый платок, провожает (взглядом) машину с пассажирами.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Эби-сыны жок болуп калдайып туруу, калдайып көрүнүү. Кулагы делдейип турат.
2. Эмне кыларын билбей далдыроо. Кайда кетеримди билбей, делдейип карап калдым («Ала-Тоо»). Эркинбек чоочун аялдын билгичтигине таң калгандай делдее башын ийкеди (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. оттопыриваться (напр. об ушах); топорщиться;
кулагы делдейип турат у него уши оттопырились;
2. опешить, остолбенеть;
эмине кыларын билбей, өз көзүнө ишенбей, делдейип калды не зная, что делать, не веря своим глазам, он растерялся;
Гүлнар, кеп таап айта албай, делдейип карап калды Гюльнар, ошеломлённая, смотрела, не находя слов.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Калдайган көрүнүшө серейип чыгып туруу, далдайып туруу. Акия эринин делдейген кулагын тырс-тырс черткилеп, шак-шак күлөт (Сыдыкбеков). Кулагы делдейип турат. 2. Эмне кыларын билбей далдырап түшүү, селейип, жалдырап туруп калуу. Татыбек делдейип карап калды (Байтемиров). Темирболоттун көздөрү алайып, оозу ачылып делдее түштү (Жантөшев). Эркинбек чоочун аялдын билгичтигине таң калгандай делдейип башын ийкеди (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Делдегей, делдейген, калдайыңкы. || Эдирейген, дердейген. Делдек таноо, кара чаар, эң сүйкүмсүз бир киши көрүндү (Баялинов). 2. Желпилдеп делбектеген көрүнүштү, энтелеңдеп шашкалаңдаган абалды билдирүүдө колдонулат. Тик жакалуу боз кемселинин этектери делдек-делдек этет (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Желпилдеп делбектеген көрүнүштө же дегдеңдеп энтелеңдеген, шашкалактаган абалда болуу, делдек-делдек этүү. Чотурдун тумагынын кулактары делдектеп баратат (Касымбеков). Кара жигит делдектеп, Чаргындын столун көрсөтө берди (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Делдектеген көрүнүштө же дегдеңдеп калдактаган, шашкалактаган абалда болуу. Жаны калбай делдеңдеп, Качкан балдар андан көп («Манас»). Коргондун эшиги шарт ачылып, апам делдеңдеп басып үйгө кирип кетти (Абдыраманов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДЕЛДЕШ — эпизоддук кейипкер. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда анын калыңына уй айдаган бадачылардын башчысы (Сагымбай Орозбаков, 2. 394).

Киргизско-русский словарь Юдахина
деле I
то же, что дегеле;
деле жаман эмес совсем неплохо;
деле, деле! никак!, ни за что!, даже и не думай!
деле II
(да-эле)
и, тоже, также;
мында деле и здесь; здесь также;
өткөн жылкынын баары бүгүн деле ойдо всё прошлогоднее и сегодня ещё в памяти;
бөбөктөрүбүз деле, агаларыбыз деле и младшие наши братья, и старшие;
андан деле, мындан деле и оттуда и отсюда;
а деле и он тоже;
суранса - суранып, суранбаса жөн деле кете берет спроситься - так спросится, а то и не спросясь уходит;
ушу деле жарайт сойдёт и это, годится и это (большего, лучшего и не требуется);
бул - сыр деле эмес да это и не секрет; и вовсе это не секрет;
ансыз деле билем я и без него (или без того) знаю;
шек санабай койсо деле болот можно и вовсе не сомневаться.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде дагы эле, да эле сөздөрүн бириктирип, деле түрүндө айтса да болот. Булардын бөлөк айтылган жана биригип айтылган түрлөрү жарыш колдонула берет. Бириккен түрү бөлөк айтылганынан келип чыгат: дагы эле-->дале; да эле-->деле.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возбуждение, интерес;
делебеси козголду или делебеси кызыды он возбуждён; он проявляет большой интерес;
делебеси козголуп да койбойт у него (это) не вызывает никакого интереса.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кызыгуу, кумардануу сезими. Күлжандын сыпайы гана мамилеси Сарымсаковдун делебесине муздак суу бүрккөндөй болду (Байтемиров). Күү делебени козгоп, бой чымыратып, кайрат берүүдө (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин таасиринин натыйжасында козголгон эргүү сезими. Комуздун кереметтүү үнү, күүнүн шаңдуулугу жигиттердин делебесин козгоп, көңүлүн эргитет (Абдукаримов). Делебени козгоп, радиодон кандайдыр бир сонун музыка ойнолду (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ээлигүү, ээленүү, умтулуу деген маанилерде колдонулат. Бирөөнүн жарык дүйнөгө келгенине өзүнчө эле кубанып, ошол чоң кубанычын ар кимге бөлүштүрүп, кабар салып жүргөн уйчуман баланын сөзү делебемди козгоп кетти (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кандайдыр бир уюмдун, мекеменин, коллективдин шайланган же дайындалган өкүлү. Топпгошуп тынчшык туусуна, Делегат келер миңдеген (Нуркамал) Съездге республикабыздын бардык райондорунан делегаттар келишти («Кыргызстан пионери»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЛЕГАТ (лат. delegatus – жөнөтүлүүчү) – мамлекеттин, уюмдун, жамааттын шайлануучу же дайындалуучу ыйгарым укуктуу өкүлү. КР мыйзамдарында «Д.» аталгысы көбүнесе курултай же конференция катышуучуларына карата колдонулат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЛЕГАТ (лат. delegatus – жөнөтүлүүчү) – мамлекеттин, уюмдун, жамааттын шайлануучу же дайындалуучу ыйгарым укуктуу өкүлү. КР мыйзамдарында «Д.» аталгысы көбүнесе курултай же конференция катышуучуларына карата колдонулат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТМӨ МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУЛУК – биркатар өлкөлөрдө (Франция, Италия, Испания, Польшада) парламенттин тапшыруусу боюнча президент, өкмөт тарабынан иш жүзүндө мыйзам күчүнө ээ ченемдик укуктук актыларды чыгаруу. КР ЖК өзүнүн мыйзам чыгаруу ыйгарым укугун 1 жылдан ашык эмес мөөнөттө КР Президентине өткөрүп бере алат. Мындай учурда Ө. м. ч. мыйзам күчүнө ээ жарлыктарды кабыл алуу менен ишке ашырылат. КР Президенти менен КР Өкмөтү укук чыгаруучулук ыйгарым укуктарынын айрым бөлүгүн өзүнө таандык органдарга өткөрүп берүүгө акылуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (на части) бөлүү, бөлүштүрүү, үлөштүрүү;
2. мат. бөлүү;
3. биол. бөлүнүү;
4. (на шкале) бөлүк;
ртуть в градуснике поднялась на два деления градусниктеги сымап эки бөлүккө көтөрүлдү.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(цит.) клетканын бөлүнүшү; көбөйүү процессинде клеткалардын бөлүнүшү. Д. митотическое — к. Митоз; д. множественное — к. Шизогония, д. непрямое к. Митоз; д. поперечное — туурасынан бөлүнүү, жандыктардын жыныссыз көбөйүшүнүн бир жолу; кээ бир жандыктар, мисалы, деңиз жылдыздар денесин туурасынан экиге бөлүп, жыныссыз көбөйүшөт; д. продольное - узунунан бөлүнүү, жандыктардын жыныссыз көбөйүшүнүн бир жолу. Мында жандыктын денеси узунунан экиге бөлүнөт (мисалы, актиниялар); д. простейших — жөнөкөйлөрдүн бөлүнүшү, жөнөкөй жандыктардын көбөйүү жолу, д. прямое — к. Амитоз; д. редукционное — к. Мейоз; д. эквационное — эквациялык бөлүнүш, мейоздук бөлүнүштүн бөтөнчө бир түрү; д. ядра — ядронун бөлүнүшү, клеткалардын көбөйүү процессиндеги бир көрүнүш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЛИКТ (лат. delictum – бузуу, күнөө) – жорук (жарандык, административдик тартип бузуу) деген эле сөз; «Д.» деген аталгы КР мыйзамдарында колдонулбайт, бирок илимий-укуктук адабияттарда кеңири колдонулуп келет (кара:Тартип бузуу).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЛИКТ (лат. delictum – бузуу, күнөө) – жорук (жарандык, административдик тартип бузуу) деген эле сөз; «Д.» деген аталгы КР мыйзамдарында колдонулбайт, бирок илимий-укуктук адабияттарда кеңири колдонулуп келет (кара:Тартип бузуу).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЛИКТ ЖАРАМДУУЛУГУ – жарандын укук бузуу аракетинин аркасында келтирилген зыян үчүн жарандык-укуктук жоопкерчилик тартууга жарамдуулугу. Айрым өлкөлөрдө (Германияда, Швейцарияда) жарандын жарамдуулугунун бөлүгү катары каралат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЛИКТ ЖООПКЕРЧИЛИГИ (КЕЛИШИМДЕН СЫРТКАРЫ) – жарандык укуктагы жарандык укук бузуунун натыйжасында, бир жактын экинчисине мүлктүк зыян келтирүүсүнүн натыйжасында келип чыккан жоопкерчилик (деликт).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК ДЕЛИКТ – ченем, тартип же келишим милдеттенмелерин бузуу менен, эларалык жоопкерчиликке алып келе турган эларалык жалпы укук субъектиси тарабынан жасалган аракет (аракетсиздик). Муну бузган тарап же жак «делинквент» аталат. Бирок, Э. д-ти атайын жасалган аракет катары кароо – азыркыга чейин талаш маселе.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЛИКТ ЖООПКЕРЧИЛИГИ (КЕЛИШИМДЕН СЫРТКАРЫ) – жарандык укуктагы жарандык укук бузуунун натыйжасында, бир жактын экинчисине мүлктүк зыян келтирүүсүнүн натыйжасында келип чыккан жоопкерчилик (деликт).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЛИКТ ЖАРАМДУУЛУГУ – жарандын укук бузуу аракетинин аркасында келтирилген зыян үчүн жарандык-укуктук жоопкерчилик тартууга жарамдуулугу. Айрым өлкөлөрдө (Германияда, Швейцарияда) жарандын жарамдуулугунун бөлүгү катары каралат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕГАРА ТАКТОО – адатта, ири өлчөмдөгү карта боюнча, андагы калк жашаган жерлерди, жер түзүлүшүн, жер-сууну ырааттуу чагылдыруу менен, мамлекеттин чегара тилкесин өкмөттөр аралык келишим негизинде тактоо. Ошону менен бирге, келишим түзгөн тараптар картада көрсөтүлгөн тилкени ырааттуу баяндап жүрүп отурат. Ч. т. жөнүндөгү келишимдер ратификациялануусу тийиш.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БӨЛҮНҮҮЧҮ ЖАНА БӨЛҮНБӨС БУЮМДАР – жарандык мыйзамдар боюнча, бөлө келгенде өзүнүн өзгөчөлүгү менен баштапкы касиетин жоготуп койо турган буюмдар бөлүнбөс буюм катары таанылат. Ал эми, баштапкы касиетин жоготпогондор бөлүнүүчү буюмдарга жатат (м.: дан менен көмүр – бөлүнөт, сыналгы менен автомашина – бөлүнбөйт). Бөлүнүүчү буюмдар негизинен жалпы менчик жагына тийешелүү. Жалпы менчик үлүштүк болуп саналгандыктан, ар менчик ээси өз үлүшүн накталай бөлүп берүүнү талап кылууга акысы бар. Бирок, бөлүнбөс акыбалда болсо, менчик ээсинин бири ал буюмду алат дагы, калган тарап өз үлүшүнүн көлөмүндөгү акчалай түрдө сыйакы алат. Бөлүнүүчү же бөлүнбөс буюмдар, ал буюмдардын келип чыгуу жагдайына жараша, үлүштүк мүнөз күтөт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от дел - II
1. быть сказанным; быть произносимым; выговариваться;
делинген было сказано;
2. именоваться, называться;
ошол күндөн "Кара жолтой тер" делинет с того дня (это место) называется "Злосчастное высокогорье".

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. что
1. (на части) бөлүштүрүү, бөлүү, үлөштүрүү;
делить поровну тең бөлүү;
2. бөлүшүү, кайрылышуу;
он делил с товарищами последнюю копейку ал бир тыйын болсо да, жолдоштору менен бөлүшө жеди;
3. перен. ортоктошуу, орток болуу, кошо тартуу, тең көрүү, шериктешүү;
он делил с ней горе и радость ал анын кайгы менен кубанычына ортоктош болду.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. (на части) бөлүнүү, үлөштүрүлүү; калындысыз бөлүнүү;
2. с кем (о разделе имущества) энчи бөлүшүү;
3. чем с кем бөлүшүү;
он делился с товарищами последней копейкой ал жолдоштору менен бир тыйын болсо да, тең бөлүштү;
4. чем с кем, перен. ортоктошуу, шерик болуу;
делиться впечатлениями көргөндөрүн, уккандарын сүйлөп берүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
трепаться, болтаться;
өркөчтөрү делкилдеп, чуудалары селкилдеп фольк. (слабые) горбы (худого верблюда) болтаются, шерсть (на коленях и под шеей) треплется;
этеги делпилдейт у него полы болтаются.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (работа, занятие) иш, жумуш;
приняться за дело ишке киришүү;
ну, за дело! кана, ишке киришели (киришкиле)!;
делу время, потехе час посл. убакыттын көбү ишке, калганы эрмекке;
2. (событие) окуя;
это дело случилось давно бул окуя эчак эле болгон;
3. юр. (процесс) иш, сот иши;
возбудить дело против кого-л. бирөөгө каршы иш козгоо;
4. канц. дело (бир факт же бир иш жөнүндөгү документтердин жыйнагы);
дела хранятся в папках делолор папкада сакталып турат;
5. (круг ведения) иш;
дело укрепления мира во всём мире бүткүл дүйнөдө тынчтыкты чыңоо иши;
6. (область знаний, работы) иш, жумуш;
военное дело аскердик иш;
горное дело тоо жумушу;
7. уст. разг. (предприятие) жеке ишкана (өнөр жай, соода ж.б.);
он закрыл своё дело ал өзүнүн ишканасын жапты;
8. уст. (сражение) согуш;
главное дело - не терять мужества эң негизги нерсе - кайратты жойбоо болуп саналат;
говорить дело разг. жөнү бар сөздү сүйлөө, ыктуу сөз;
это дело его рук бул ошонун колунан келди;
дело случая ыгына жараша болот;
дело за вами иш эле сизде (силерде);
в чём дело? эмне болду?;
вот в чём дело а ушундай экен да; иш мына мындай;
это другое дело анын жөнү башка;
первым делом биринчи кезекте, эң мурун, баарыдан мурда;
между делом ара-чолодо;
к делу! ишке!;
мы своё дело сделали, теперь дело за вами биз ишибизди бүтүрдүк, эми кеп силерде калды;
он теперь не у дел ал эми иштебейт;
дело в шляпе! разг. иш онунда!;
то и дело улам-улам, тынымсыз;
за дело (не напрасно) бекерге эмес;
на (самом) деле чындыгында;
в самом деле в знач. вводн. сл. чындыгында, анык эле;
он, в самом деле, очень знающий человек ал, чындыгында, эң эле билгич киши;
то ли дело разг. ...болсо, ал алда канча жакшы (мыкты);
дело мастера боится погов. чымчыкты да касап сойсун (иштин жөнүн уста билет);
такие-то дела! разг. иш мына ушундай!

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕРДИК БЕДЕЛ – материалдык эмес байгерчиликтин бири. Бир жактын кесиптик сапат баасын билдирет. Баардык жаран, анын ичинде ишкердүүлүк кылгандар да, ошондой эле юридикалык жактар дагы И. б-не ээ болот (кара:Ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо ).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. ишке байланыштуу, кызмат ишине байланыштуу;
деловой разговор ишке байланыштуу сөз (сүйлөшүү);
деловая бумага иш кагазы;
2. (дельный, толковый) ишкер, ишке ийкемдүү, ишке жакшы, жөндөмдүү;
деловой человек ишкер киши.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Жээлигүү, ээлигүү, эң-дең болуу. Эмнегедир Борзуковдун санаасы тынбай, делөөрүп туруп алды (Сыдыкбеков). Жылкы оттобостон делөөрүп, өйүз тарапты карады (Убукеев). Эне делөөрүй бакырып, жерге кулады («Ала-Тоо»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Дал болуу, эмне кыларын билбей, далдайып калуу» маанисиндеги делөөрү сөзү дел+оору деген бөлүктөрдөн турат. Анын дел уңгусу — дал деген сөздүн үндүүсү өзгөргөн варианты, -оору болсо -жалоору//жашоору деген учурда да жалгануучу атоочтон этиш жасоочу өтө сейрек колдонулуучу мүчө.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Желпилдөө. Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдейт (Элебаев). Пальтосунун этектери делпилдеп баратат (Байтемиров).
2. өт. Жеңилдик кылып курулай күчөнүү, умтулуу, дегдөө. Куру бекер делпилдебей отура тур, сенсиз дале ишти өзүбүз бүтүрүп коёлу деп жатабыз («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о большом полотнище) развеваться;
2. перен. проявлять рвение, страстное желание; стремиться, рваться к чему-л.;
"окуу" дешип, делпилдейт они рвутся к учёбе;
Ташкенге барамын деп, делпилдеп калыпсың ты что-то уж очень рвёшься поехать в Ташкент.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Желге делп-делп этүү, желпилдөө. Жел урганда жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот (Элебаев). Мураттын пальтосунун этектери делпилдеп, кадимки шамал учуруп жаткан түндүк жабуудай ат үстүндө айланып баратат (Байтемиров). 2. өт. Олуттуу болбогон аракет кылуу, дегдөө, ээлигүү. Бир үйдө он бала болсо, ону тең окуу дешип делпилдейт (Сыдыкбеков).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЛЬКРЕДЕРЕ (СЫЙКЕПИЛ ) (ит. Del credere – ишенимден улам) – жарандык укуктагы, өзүнчө сыйакы алуу менен, үчүнчү тараптын соода-сатык бүтүмүнүн аткарылуусуна жоопкерчиликти комиссионер өзүнө ала турган (алуучу-комитенттин алдында) комиссия келишиминин шарты. Ошентип, Д-ликти өзүнө алуучу комиссионер товар гана сатпастан, сатуучу төлөөгө жөндөмсүз болгон күндө дагы, анын төлөнүшүнө кепилдик кылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЛЬКРЕДЕРЕ (СЫЙКЕПИЛ ) (ит. Del credere – ишенимден улам) – жарандык укуктагы, өзүнчө сыйакы алуу менен, үчүнчү тараптын соода-сатык бүтүмүнүн аткарылуусуна жоопкерчиликти комиссионер өзүнө ала турган (алуучу-комитенттин алдында) комиссия келишиминин шарты. Ошентип, Д-ликти өзүнө алуучу комиссионер товар гана сатпастан, сатуучу төлөөгө жөндөмсүз болгон күндө дагы, анын төлөнүшүнө кепилдик кылат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. ишкер, ишке ийкемдүү, ишке жакшы, жөндөмдүү;
дельный работник жөндөмдүү кызматчы;
2. (нужный, уместный) орундуу, керектүү, ишке пайда берүүчү;
дельное предложение орундуу сунуш;
дельная мысль орундуу пикир.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Delphinidae) делфин сымалдуулар; кит түспөлдүү айбандардын бир тукуму, буларга кыйла түр жана уруу кирет: дельфин австралийский (Lagenorhynchus australis) — Австралия делфини, д. амазонский (Sotalia fluviatilis) — Амазонка делфини, д.-Афалина (Tursiops truncat) — афалина-делфини, д. белобокий (Lagenorhynchus acutus) — ак каптал делфин, д. беломордый (L. albirostris) — ак тумшук делфин, д. белый зондский (Sotaliborneensis) — Зонд ак делфини, д. б. китайский (S. chinensis) — кытай ак делфини, д. бесклювый — к.  д. широкомордый, д. гангский (Platanista gangetica) — Ганга делфини, д. гвианский (Satalia giaanensis) — Гвияна делфини, д. Гектора (Cephalorhynchus hectori) — Гектор делфини, д. длиннорылый — к.  продельфин вертящийся, д. западноафриканский — к.  дельфин камерунский, д. правадийский (Orcella brevirostris) — кыска тумшук делфин, д. камерунский (Sotalia teuszi) — Камерун делфини, д. китовидный северный (Lissodelphis borealis) — түндүк китсымак делфин, д. к.  южный (L. peroni) — түштүк китсымак делфин, д. клювоголовый чилийский (Cephalorhynchus eutropia) — Чили куштумшук делфини, д. Коммерсона (С. commersoni) — Коммерсон делфини, д. крестовидный (Lagenorhynchus cruciger) — кайчы тамга делфин, д. лаплатский (Pontoporia blainvillei) — Ла-Плата делфини, д. морщинистозубый (Steno bredanensis) — бырыштиштүү делфин, д. обыкновенный (Delphinus delphis) — кадимки делфин, д. озерный китайский (Lipotes vexillifer) — кытай кол делфини, д. полосатый (Lagenorhynchus obliquidens) — алача делфин, д. тусклый (L. Obscurus) — күңүрт делфин, д. Хевисайде (Cephalorhynchus heavisidei) — Хевисай делфини, д. широкомордый (Peponocephala electra) — жазы тумшук делфин, дельфины-афалины (Tursiops) — афалина-делфиндер (уруу), д.-белобочки (Delphinus delphis) — ак каптал делфиндер (уруу), Д. бесклювые (Peponocephala) — жазы тумшук делфиндер (уруу), д. китовидные (Lissodelphis) — китсымак делфиндер (уруу), д. клювоголовые (Cephalorhynchus) — куштумшук делфиндер (уруу). Д- морские — деңиз делфиндери, д. морщинистозубые (Steno) — бырыштиш делфиндер (уруу), д. обыкновенные (Delphinus) — кадимки делфиндер (уруу), д. пресноводные — к.  д. речные, д. речные (Platanistidae) — өзөн делфиндери, дарыя делфиндери (тукум), д. саравакские (Lagenodelphis) — Саравак делфиндери (уруу), д. серые (Grampus) — боз делфиндер (уруу), д. шароголовые (Globicephala) — тоголок баш делфиндер (уруу) ж. у. с.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. дыхание;
дем ал-
1) дышать, переводить дыхание;
2) отдыхать;
балта көтөргүчө дөңгөч дем алат погов. пока топор поднимают, чурбак отдыхает;
дем алыш
1) отдых;
кезектүү дем алыш очередной отпуск;
дем алыш үйлөрү дома отдыха;
2) радио перерыв;
3) уст. отпуск;
дем алдыр-
1) дать перевести дыхание, дать передохнуть;
2) дать отдохнуть;
2. момент;
демге койбой или бир демге койбой (в отношении объекта) вмиг, моментально;
үч карындын майларын, бир демге койбой, жалмады фольк. он вмиг сожрал три бурдюка масла;
демге калбай или бир демге калбай (в отношении субъекта) вмиг, моментально;
жүз сом, бир демге калбай эле, жок болду ста рублей вмиг как не бывало;
жүз сомду бир демге калтырбай (или койбой) жок кылды сто рублей он мигом истратил;
дембе-дем (или дембедем) то и дело;
бетинен мончоктоп аккан терин оромолу менен дембе-дем арчыган карыя старик, который то и дело платком своим вытирал падавшие со лба крупные капли пота;
3. храбрость, отвага;
4. сила, мощь;
улуу совет элиң бар, бүтпөс сенин демиң бар стих. есть у тебя великий советский народ, есть у тебя неиссякаемая сила;
абышкасы оштонуп, жигиттен кыйын деми бар стих. старики (там) бодрые, энергии у них больше, чем у парней;
өйдө турар деми жок, кыймылдаарга бели жок фольк. у него нет сил подняться, у него нет мочи пошевелиться;
дем бер- давать силу, вдохновлять, подбадривать;
5. намерение, замысел, умысел;
6. южн. кузнечные мехи;
дем кыл- или дем байла- возлагать надежды на кого-что-л., считать кого-л. своей опорой;
сага дем байлап келдим я явился в надежде на твою поддержку;
дем кес- или дем суут- или дем бас- лишить силы, бодрости духа; сбить спесь, припугнуть;
ким сурады элиңди? ким кести сенин демиңди? фольк. кто правил твоим племенем? кто устрашил тебя?
деми кесилген или деми сууган или деми кайтарылган он пал духом; состояние у него угнетённое; он нос повесил; он скис;
биз оозунан алдырган бөрүдөй демибиз кайтарылып жолго түштүк мы приуныли, как волк, у которого изо рта вырвали добычу, и двинулись в путь;
деми сууду он скис; у него спеси поубавилось; у него уж нет прежних больших замыслов;
демин суут- сбить (ему) спесь; дать отпор;
деми чыкпай калды он не смеет дохнуть;
демин ичине тартып
1) вдыхая;
2) с затаённым дыханием;
демин ичине алып турат он стоит, затаив дыхание;
демиң ичиңде болсун помалкивай, не выдавай секрета;
курсагы менен дем алып калыптыр он (с перепуга) дохнуть боится (букв. начал дышать животом);
ийининен дем алып отуруп калды он растерялся (букв. дышит плечами);
демге кир- воспрянуть духом, расхрабриться;
жоо кеткен соң жулунуп, кырк жигит кирди демине фольк. когда враг бежал, сорок витязей, воспрянув духом, рвались вперёд;
барына дем кирген все вздохнули свободно;
кур эле дем кылышат они зря пыжатся;
дем ур- загореться желанием, возыметь намерение;
Нарынга барамын деп, дем урат он так и рвётся поехать в Нарын;
дем сал- этн. отчитывать (больного), заговаривать, произносить заклинания, заколдовывать;
топуракка дем салып, ууштап алып уруптур фольк. глину он заговорил, в горсть взял и швырнул;
дем салдыр- понуд. от дем сал-;
дем же- упреть, допреть;
күрүч дем жеди рис (плов) упрел.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Таноо, ооз аркылуу тыштан ичке, ичтен тышка чыгарыла турган аба. Көөдөнүм кысылгансыйт, чыкпай демим (Абдукаримов). Дарыяхандын бир топко деми буулуп турду (Жантөшев).
2. Күч, кубат, кайрат. Баласынын деми аны өргө жетеледи (Байтемиров). Биринчи ийгиликтин деми бизди зор ишке шыктандырды («Ала-Тоо»).
Дем алыш — тыныгуу, эс алуу мөөнөтү. Дем алыш күн. Дем алыш убагы. Дем алуу — тыныгуу, эс алуу. Демин ичине алуу — унчукпоо, үн катпоо, билмексенге салып, ичине сактоо. Дем берүү — күч берүү, кайрат берүү, кайраттандыруу, кубат кошуу. Дем кылуу — медер кылуу, арка кылуу, таянуу. Кабылан Манас чырагым, Бир өзүңдү дем кылдык («Манас»). Дем салуу — дуба окуу жолу менен эмдөө. Эшен кожо чогулуп, Дем салган менен айыкпайт (Барпы). Демин суутуу — көңүлүн калтыруу, назарын сындыруу. Кайсы бирөө курбусунун демин суутуп, башка жакка басып кетет (Бейшеналиев). Бир демде — бир заматта. Ушинтип душман бир демде, Бетме-бет кирип келгенде (Аалы). Дембе-дем — уламдан-улам, үстү-үстүнө, үстөкө-босток. Мектеп курулушун тургузуу иши дембе-дем кызыды (Сыдыкбеков). Жигит тамекисин дембе-дем сорот («Ала-Тоо»).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
дем
дем ал-
дем алдыруу борбору
дем алмаштыруу борбору (мед.)
дем алмаштыруу булчуңу (мед.)
дем алуу
дем алыш
дем байлоо
дем берүү
дем салуу
дем таратуу (мед.)
деми кайтуу
деми суу
демин багыштоо
демин басуу
демин ичине алуу
демин кесүү
демин суутуу

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тыноо, ооз аркылуу тыштан ичке кирген, ичтен тышка чыккан аба. Дем албай тур – дейт. Дем албай турдум тынымга, Дем албай туруш, өлүмгө тете чынында (Садыков). Ышкынаалы кезек-кезек терең дем алып улутунгандан башка сөз айткан жок (Байтемиров). Жүкөш бат-бат дем алып, эки жагын карана берди (Сасыкбаев). Илеп. Жайдын чилдеси ысык демин жерге чачат. 2. Тез, ылдам, тынымсыз. үч карындын майларын бир демге койбой жалмады (фольк.). 3. Күч, кубат, кайрат. Ушул сөз мага тоодой дем берген (Байтемиров). Баланын деми аны өргө жетеледи (Байтемиров). Бели жок жылкы бат арыйт, деми жок киши бат карыйт (Касымбеков). 4. Арка, жөлөк, бел, таяныч. Кабылан Манас чырагым, Бир өзүңдү дем кылдык («Манас»). Бир карааны тиер деп, Жүрөмүн Айчүрөккө дем байлап («Сейтек»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
демагогия (өзүнүн арам ойлуу максатына жетишүү үчүн эл коомунун артта калган бөлүгүнүн аң-сезимине апыртмалуу сөздөр менен таасир кылып, алардын көңүлүн өзүнө тартууга жасалган аракет).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жуманын жетинчи күнү, кызматка чыкпай эс алуучу күн. Бүгүн жекшемби – дем алыш (Сыдыкбеков). Койдун туут учурун соңуркаган балдар дем алыш күнү көп келишет (Жантөшев). 2. сүйл. Окуунун белгилүү бир убакытка токтотулган мезгили, каникул. Бул балдар үч айлык дем алышты бүтүп, кайра окууга бара жаткандар (Бөкөнбаев). Окуудан дем алышка кайткан жаштар (Сыдыкбеков). 3. Танапис, иштин, чогулуштун ж. б. арасында болгон кыска тыныгуу. Түшкү дем алыш учуру эле (Сасыкбаев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
демаркационная линия
1) воен. полит. демаркациялык чек ара (элдешкен же убактылуу элдешкен эки армиянын ортосун бөлүп туруучу чек ара; эки башка территориянын арасын так бөлүп турган чек ара); 2) мед. демаркациялык аралык (дененин оору жери менен соо жеринин ортосундагы сезгенген аралык).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕГАРАНЫ АНЫКТОО – чегараны аныктоо жөнүндө келишимге ылайык, ага тиркелген карта менен баяндап жазуу боюнча жер-жерлердеги мамлекеттик чегара тилкесин аныктоочу белгилер (чегара белгилери) аркылуу бөлүп көрсөтүү. Ч. а. иштери тараптар тарабынан түзүлгөн атайын комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМАРШ (фр. demarche , сөзмөсөз – чыгып сүйлөө) – дипломатиялык актынын бири түрү; бир мамлекеттин тышкы мамилелер боюнча органынын башка бир мамлекет тууралуу чектен тыш кесе айтуусу. Д. аргандай билдирүүлөрдөн, жиберилген нааразылыктардан, дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзкарашынан ж. б. улам көрүнөт. Эреже катары, эларалык маселе кадыресе дипломатиялык жол менен чечилбей калган же аны жөнгө салуу үчүн чукул чара көрүү талап кылынса, Д. жасоого туура келет. Д. мазмунун өтүнүч, нааразылык, талап, сунуш ж. б. у. с. түзүшү мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМАРШ (фр. demarche , сөзмөсөз – чыгып сүйлөө) – дипломатиялык актынын бири түрү; бир мамлекеттин тышкы мамилелер боюнча органынын башка бир мамлекет тууралуу чектен тыш кесе айтуусу. Д. аргандай билдирүүлөрдөн, жиберилген нааразылыктардан, дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзкарашынан ж. б. улам көрүнөт. Эреже катары, эларалык маселе кадыресе дипломатиялык жол менен чечилбей калган же аны жөнгө салуу үчүн чукул чара көрүү талап кылынса, Д. жасоого туура келет. Д. мазмунун өтүнүч, нааразылык, талап, сунуш ж. б. у. с. түзүшү мүмкүн.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнү эш тутуу, ага таянуу, аны бел кылуу, колдосууна ээ болуу. Катын да болсо бейбактын Бир карааны тиер деп, Жүрөмүн Айчүрөккө дем байлап (“Сейтек”). Мени министерство билет, көп болсо башка районго которулуп кетермин” - деп, дем байлады да, түшүнүк жазылган баракты сунду (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнү эш тутуу, ага таянуу, аны бел кылуу, колдоосуна ээ болуу. Катын да болсо бейбактын, Бир карааны тиер деп, Жүрөмүн Айчүрөккө дем байлап («Сейтек»). Мени министерство билет, көп болсо башка районго которулуп кетермин», – деп дем байлады да, түшүнүк жазылган баракты сунду (Осмоналиев). В.: Дем кылуу. Сага дем кылып келдим («Ала-Тоо»). Кабылан Манас чырагым, бир өзүңдү дем кылдык («Манас»).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Дем алган сайын, аба жуткан сайын» маанисиндеги бул сѳз кыргыз тилине иран тилдеринен кирген: дем ве дем. Сыягы, кыргыз тилиндеги бетме-бет, колмо-кол деген сөздөр дагы ушул моделдин негизинде калька түрүндө жасалып, кийинчерээк кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүнө ылайыкташса керек деп божомолдоого болот : бетме-бет < бет бе бет, колмо-кол < кол бе кол. Мындай сѳздѳргѳ оозмо ооз, колмо-кол, жекеме жеке, байма-бай, сѳзмѳ-сѳз, кѳзмѳ-кѳз, тушма-туш, жайма-жай дегендерди да кошууга болот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. парить;
чай демде- заваривать чай;
күрүч демде- парить рис; варить плов;
2. поддать силы;
оор балкаңды ишчи демдеп көр своим тяжёлым молотом, рабочий, с силой размахнись.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бышкан тамактарды жетилтүү үчүн дымыктыруу; бууга кармоо. Талча чайды демдеп очоктогу корго коюп койгон (Байтемиров). Азыр баргыла, ашым бышып турат. Демдеп коюп келдим (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от демде- 2
набраться силы, окрепнуть; воспрянуть духом, приободриться;
кырк жигит калды демденип, уйкусун уктап, канышып фольк. сорок молодцев, отоспавшись, набрались сил;
элин аман көргөн соң элирди Токоң, демденип фольк. когда Токо увидел, что его народ невредим, он возрадовался, духом воспрянул.

Киргизско-русский словарь Юдахина
отважный, смелый, бодрый;
аттар жемдүү, азаматтар демдүү кони сыты, ребята бодры;
кур демдүү делающий напрасные, тщетные усилия (когда для выполнения чего-л. нет подходящих условий).

Киргизско-русский словарь Юдахина
деме I
(только в сочетании с числительным бир)
то же, что неме;
бир деме (или бирдеме) нечто;
азыраак бирдемени эстегендей болду он как будто что-то вспомнил;
мен тууралуу бирдеме деп кой замолви за меня словечко.
деме- II
добавлять (досыпать, доливать);
үстүнө суу деме- долить водой;
бошогон чынысына чайды демей куйду он налил ему чаю в порожнюю чашку;
кылт этип демеп суу жутпай (о выносливом коне) не глотнув вторично воды (глотнув только раз);
демеп-демеп опять и опять, ещё и ещё;
куч деме- набирать силу;
сени демеп келгемин я пришёл сюда, надеясь на твою поддержку.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Үстүнө кошуу, кошумчалоо. Кымыз эмес эле бал экен, Жээнге демеп куй (Аалы). Түн эле, кар чапкындап элеп турду, Борошо бет бактырбай демеп турду (Аалы). Мына бүгүн мен Москванын кечинде, Демилгени демеп турган кезинде (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үстүнө кошуу, кошумчалоо, көбөйүү, күчөө, үстү-үстүнө артуу. Кымыз эмес эле бал экен, жээнге демеп куй (Токомбаев). Отту дагы демеп жакты (Жантөшев). Түн эле, кар чапкындап элеп турду, Борошо бет бактырбай демеп турду (Токомбаев). 2. Бел кылуу, арка тутуу, жөлөк кылуу. Сени демеп келгенмин.

Киргизско-русский словарь Юдахина
в обычных, обыденных условиях;
демейде кыйын сүйлөйсүн, директордун алдында сүйлөсөң болбойбу? сейчас-то ты здорово говоришь, а вот почему бы тебе не поговорить в присутствии директора?

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. Башка убакыттарда, башка күндөрдө буга чейин. Бул сөздү укканда демейде шайыр, сөзмөр Жамиланын кабагы бүркөлдү (Баялинов). Демейде булут бугуп жатуучу береги кара асканын башы да ачылып калыптыр (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дайыма, ар убак, ар качан, жөн учурларда, адатта. Демейде кибиреген тумсак Керез күлүк Кычанга да караандатпай жөнөдү (Бейшеналиев). Демейде шайыр, сөзмөр Жамиланын кабагы бүркөлдү (Баялинов). Демейде жаны тынбаган Жылдызкан дарексиз (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
мод. Кандай себептен, эмнеликтен болгондугун, болууга тийиш экендигин белгилөө, аныктоо учурунда колдонулат. — Демек, анын күйөө баласы Зуннахун менен да тааныш экенсиз да (Жантөшев). Демек, бүгүнтөн баштап кам көрө башташ керек экен («Жаш ленинчи»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандай себептен, эмнеликтен болгондугун, болууга тийиш экендигин жыйынтыктай белгилөө, жалпылай көрсөтүү, тыянактоо учурунда колдонулат. Демек, Зуннахун менен да тааныш экенсиз да (Жантөшев). Демек, жалаң кедейлер барат экен да (Турусбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. напирать сзади (напр. в толпе - о всадниках);
2. двигаться вперёд;
керким чапкан сайын демжип тийди мой топорик с каждым ударом попадает всё выше (когда тешут палку, держа её в стоячем положении).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Оор жана тез-тез дем алуу, энтигүү. Тоо абасы тездете басууга мүмкүндүк бербей демиктирди (Убукеев). Ат демигип турат.
2. Алдыга умтулуу. Алдыңкыга жетсем деп, Арткы киши демигет (Осмонкул). Илгери карай демигип.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. тяжело и учащённо дышать (с закрытым ртом); страдать одышкой;
ат демигип турат лошадь учащённо дышит;
2. перен. стремиться, приложить усилия, стараться;
"алдынкыга жетсем" деп, арткы киши демигет фольк. отстающий силится догнать передовых;
илгери карай демигип стремясь вперёд;
угуп алып Кыргыл чал, жаны калбай, демигип, кырк чоронун үстүнө жете келди, теминип фольк. услыхав (об этом), Кыргыл чал изо всех сил устремился вперёд и, пришпоривая коня, подъехал к сорока витязям;
демиккен желин басайын, өзүм жолун тосоюн фольк. чрезмерную спесь я ему собью, сам прегражу ему путь.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күйүккөндө, чарчаганда ж. б. энтеңдеп оор дем алуу, энтигүү. Керез Майрык молдонун тамынын эшигине барганда демигип токтоп калды (Бейшеналиев). Курманбектин Койкүрөң, Баспай келет демигип («Курманбек»). 2. Алга умтулуу, ашыгуу. Алдыңкыга жетсем деп, Арткы киши демигет (Осмонкул). Оокаттын камын ойлобой; Оюн десе демигип (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина

демилге, дебилге
порыв; старание, усилие; инициатива;
эмгектик демилге трудовой порыв;
жакшы эле дебилге кылды эле, болбой калды он как следует постарался, но из этого ничего не вышло.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Белгилүү бир иштин башталышына, колго алынышына же аткарылышына багытталган аракет, дем, чечкиндүүлүк. Бул демилгени селолук жаштардын бардыгы жан-дили менен колдошкон («Советтик Кыргызстан»). Жаштар көтөргөн жакшы демилгелерди ар дайым колдоп туруу керек («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир иштин, аракеттин, саамалыктын башталышына, колго алынышына же аткарылышына багытталган жол, баштаган аракет, дем берген күч. Кеп жолдо эмес, кеп демилгеде,– деп Зулай сөзгө кирди (Байтемиров). Ыракмат, кайраттуу энелер, сиздердин демилге бизге күч кошот (Сыдыкбеков). 2. Пайдалуу жаңы сунуш, жаңыдан башталган саамалык иш, чара. Чогулушта Мамбеткулдун демилгесин талкуулайлы (Каимов). Башкарма менин демилгеме ыраазы болуп, ошо замат мактоого ала кетти (Таштемиров).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Демилге көрсөтүүчү, демилге көтөрүүчү, белгилүү бир ишти баштоочу. Ар бир кызылчаны адилет иштеген демилгечи болсо, колхозубуз жеңишке ээ болору талашсыз (Жантөшев). Бул ишке Ташбай аке да демилгечи болду (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Демилге көтөрүүчү, дем берүүчү, белгилүү бир ишти баштоочу. Заводдогу бул эки бригада өз ишканасындагы коммунисттик кыймылдын демилгечилери («Кыргызстан аялдары»). Ар бир кызылчачы адилет иштеген демилгечи болсо, колхозубуз жеңишке ээ болору талашсыз (Жантөшев).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕГАРАНЫ АСКЕРЛЕШҮҮДӨН АРЫЛТУУ – адатта, эларалык келишимдердин негизинде, мамлекет чегарасына чукул жайгашкан аймактан аскер күчтөрүн алыстатып, бул жердеги аскердик чыңдоолорду жоюуну билдире турган эларалык жалпы укуктагы аталгы. Ч. а. а. толук же жарым-жартылай болушу мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙМАКТЫ АСКЕРЛЕШҮҮДӨН АРЫЛТУУ – эларалык келишимдер менен мамлекеттик ички актылардын негизинде, белгилүү бир аймактагы аскердик чептер менен чыңдоолорду жоюу, анда аскердик базалар менен аскер күчтөрүн кармоого тыюу салуу (көбүнесе аймактык талаш-тартыштарды токтотуу максатында). Антарктика, Аланд архипелагы, Шпицберген, Ай толугу менен, ал эми Африка, Латын Америкасы ж. б. жарым-жартылай аскерлешүүдөн арылтылган. Көп учурларда А. а. а-ну согуш майданы катары кодонуудан баштарткан бейтарапташтыруу да коштоп жүрөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АСКЕРЛЕШҮҮДӨН АРЫЛГАН ТИЛКЕ – эларалык келишим же ички мамлекеттик акты боюнча, аскердик курулуштар бузулуп, аскер күчтөрүн кармоого тыюу салынган мамлекеттик аймактын бир бөлүгү. Эреже катары, жоолашуусу мүмкүн болгон тараптарды ажыратып туруу үчүн колдонулат (м., 1919-жылдагы Версаль тынчтык келишими боюнча түзүлгөн Рейн А. а. т-си).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эс алуу, дем алуу, бир аз тыныгуу (көбүнчө күйүгүп, же чарчаган учурда). Албетте, күйүккөн киши эң мурда демин басуу керек («Ала-Тоо»). 2. Сүйүндүргөн, шаштырган сезимин, билгенин айтпай убактысынча токтото туруу. Иш жыйынтыкталганча демимди баса турайын дегеним менен тынчып бир орунга отура албадым (Жакыпбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Унчукпоо, сөз чыгарбоо, үн катпоо, билмексенге салып, тымпыйып коюу, сыр сактоо. Тургандар демдерин ичине алышып, жарданып калышты (Жусупов). Тегерегиндеги мыктылар демдерин ичине алып, тым турушту (Касымбеков). Базар ичиндегилер адегенде байкемдин ыры кайдан чыкты дегенсип, демдерин ичине алып... ошол жакты тыңшашты (Жусупов). В.: Демин ичине катуу. Чогулган көпчүлүк кээде демин ичине катып, унчукпай, сөз сүйлөбөй да турду (Айтматов). Демин ичине тартуу. Жана элдин дүрдүгүп атка чуркаганда козголбогон кыйды киши азыр тигинин ырайын байкап, чочулап, демин ичине тартты (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Унчукпоо, сөз чыгарбоо, үн катпоо, билмексенге салып, тымпыйып коюу, сыр сактоо. Тургандар демдерин ичине алышып, жарданып калышты (Жусупов). Тегерегиндеги мыктылар демдерин ичине алып, тым турушту (Касымбеков). Базар ичиндегилер адегенде байкемдин ыры кайдан чыкты дегенсип, демдерин ичине алып... ошол жакты тыңшашты (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлүн калтыруу, назарын сындыруу, мизин кайтаруу. Таштын суугу демин суутсун деген жеңе мөгдөй ийилип жаныңда тим турду эми (Сыдыкбеков). Кайсы бирөөлөр курбусунун демин суутуп, башка жакка басып кетет (Бейшеналиев). В.: Деми суу. Жамыйланын акырындык менен деми сууй баштайт («Ленинчил жаш»). Илдетти айыктыруудагы бул дарыгердин «сырын» билсем деп дегдеткен демим сууп, туруп калдым («Ленинчил жаш»). Дагы ушинтип берүүгө байланган улактай учу кыйырсыз кең талаада жата бере турган болсо, кошундун деми сууйт, таркап кетет (Касымбеков). Демин кайтаруу. ...Бирок бу жолу ошол цифра менен да газетанын жана анын авторлорунун демин кайтаргым келет («Кыргызстан маданияты»). Деми кесилүү. «Бул эмне, биротоло баарынан кол жууп, үмүтү үзүлүп, деми кесилип бүтүп келгенби?» – деп, ...жүрөгү дүкүлдөп кетти (Касымбеков). Демин кесүү. Ким сурады элиңди, ким кести сенин демиңди (фольк.). Деми кайтуу. Биз оозубуздан алдырган бөрүдөй демибиз кайтып жолго түштүк (Элебаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көңүлүн калтыруу, назарын сындыруу, мизин кайтаруу. Таштын суугу демин суутсун деген жеңемөгдөй ийилип жаныңда тим турду эми (Сыдыкбеков). Кайсы бирөөлөр курбусунун демин суутуп, башка жакка басып кетет (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ДЕМИН СУУТУУ Жамыйланын акырындык менен деми сууй баштайт (“Ленинчил жаш”). Илдетти айыктыруудагы бул дарыгердин “сырын” билсем деп дегдеткен демим сууп, туруп калдым (“Ленинчил жаш”). Дагы ушинтип берүгө байланган улактай учу кыйырсыз кең талаада жата бере турган болсо, кошундун деми сууйт, таркап кетет (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жулкунуу, жулунуу, тап берүү. Ит этегин жулуп алчудай демите берди.
2. Бирөөгө кыр көрсөтүү, кекетүү, үстөмдүк кылуу. Кедейди көргөндө сенин демите бергендей жиниң барбы? (Каралаев). Жардысың деп демитпе (Токтогул). Чаргын уруп жиберчүдөй демитти (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. стремительно рваться вперёд;
тоодон акты ташкын сел, жылга менен демитип стих. с гор хлынул поток, стремительно несясь по ложбине;
ит этегин жулуп алчудай демите берди собака набрасывалась, как бы намереваясь разорвать ему полу;
2. напирать грудью (гл. обр. грудью коня, на котором сидишь);
3. перен. набрасываться; попрекать, упрекать;
жардылык, байлык кимде жок, "жардысың" деп, демитпе фольк. бедность и богатство на кого не живут (есть и бедные и богатые) - не упрекай другого, мол, ты беден;
кутурган карышкырдан бетер "арр!" этип, чап жармашчудай демитти он хуже бешеного волка с рычанием яростно набрасывался;
жамандашып эр жигит, бириңди бириң демитпе фольк. не хулите, молодцы, друг друга и не попрекайте один другого.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Атырыла кызууланган абалда болуу, улам демеп күчөнүү. Байбиче сурданып, каарданып, демите тап бергенде, Батийна ага мелтиреп коёт (Сыдыкбеков). Чаргын уруп жиберчүдөй демитти (Сыдыкбеков). || Кекетүү, үстөмдүк кылуу, кыр көрсөтүү, басынтуу. Кедейди көргөндө сенин демите бергендей жиниң барбы (Каралаев). Жардылык, байлык кимде жок, Жардысың деп демитпе (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тынчтык абалга байланыштуу аскер кызматкерин чыныгы аскер кызматынан бошотуп, резервге же отставкага чыгаруу. Бир үйдүн бүлөсү аскерден демобилизация болгон атасын күтүп жатышты («Советтик Кыргызстан»). 2. Куралдуу күчтөрдү жана өнөр жайларды согуш абалынан тынчтык абалына өткөрүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. демократия (бийлик элдин колунда болгон мамлекеттик башкаруунун формасы);
страны народной демократии элдик демократия өлкөлөрү;
буржуазная демократия буржуазиялык демократия;
2. демократия (кандайдыр бир коллективдин жетекчилик принциби, мында - маселени чечүү үчүн бардык коллектив катышат);
внутрипартийная демократия партиялык ички демократия.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМОКРАТИЯ (гр. demokratia – эл бийлиги, demos – эл, kratos – бийлик) – азыркы түшүнүк боюнча, баш мыйзам менен мыйзамдардын үстөмдүгү, жарандардын эркиндиги менен теңдиги, эл бийлиги менен саясий ырашкерликти, адам укугунун ажыратылбастыгы сындуу көзкараштарды таанууга негизделген мамлекеттик түзүлүш таризи. Өнүккөн эл өкүлчүлүгүнөн турган бийликти бөлүштүрүү менен, республикалык башкаруу аркылуу ишке ашырылат. Д. мамлекет (байыркы Афина) менен бирге пайда болгон. Ал азыркы коомдо азчылыктын укугун чектебеген көпчүлүктүн чын эркин, негизги мамлекеттик органдардын шайламдуулугун, жарандардын саясий эркиндиги менен укугунун бар экендигин, алардын теңдигин, мыйзам үстөмдүгүн, конституциялуулукту, бийликтердин бөлүнүшүн туюндуруп турат. Ал түздөнтүз Д. (негизги чечимдер жалпы элдик добуш берүү, жыйын аркылуу жарандардын түздөнтүз катышуусу менен кабыл алынат) өкүлчүлүк Д-сы (чечимдер шайланма мекемелер – парламент ж. б.) аркылуу кабыл алынат. Д. институттары укуктук мамлекеттерде кыйла толук өркүндөйт.

Ишке элдин, коллективдин активдүү катышуусун жана чечүүчү мааниге ээ болгон таасирин камсыз кыла алган башкаруу формасы, саясий түзүлүш, жетекчилик. Элдик демократия мамлекеттеринин ортосунда илим жана маданий жагынан да бекем байланыштар бар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АСЫЛ ТЫЙЫНДАН АРЫЛТУУ – асыл металлдардын (күмүш менен алтын) акча милдетинен ажырашы. Күмүш ХIХ кылымдын, алтын ХХ кылымдын орто ченинде акча катары колдонуудан чыккан. А. т. а-нун эларалык-укуктук бекемделүүсү ЭВФнын уставында каралган. 1978-жылдын 1-апрелинен тарта алтындын ырасмий баасы менен ал аркылуу эсеп-кысап жүргүзүү бул уюмдун мүчөлөрү тарабынан токтотулган.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кандайдыр бир коомдук-саясий көңүлдү көрсөтүп, массалык түрдө жүрүү. Аскерлердин парады бүтүп, эмгекчилердин демонстрациясы башталды (Шимеев). Биринчи май демонстрациясы.
  1. 2.           Нааразылыкты, макул эместикти ж.б. көрсөтүү үчүн көпчүлүктүн чыгыш жасоо же ар кандай башка аракеттери.
  2. 3.           Көпчүлүккө көрсөтүү. Кинофильмдердин демонстрациясы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. демонстрация;
первомайская демонстрация биринчи май демонстрациясы;
2. (показ) көрсөтүү;
демонстрация опытов на уроках физики и химии физика жана химия сабагында опыттарды көрсөтүү;
3. воен. демонстрация (негизги операциядан душманды алагды кылуу үчүн жүргүзүлгөн согуш аракети).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМОНСТРАЦИЯ (лат. demonstratio – көрсөтүү) – коом турмушунун баардык маселери боюнча, кайсыбир чечимдерге, аракеттерге же мамлекеттик жана өзалдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, кызмат адамдарнын, жарандардын көзкарашына макул болбоо же колдоо иретинде жарандардын жеке, жамааттык, жалпы пикирин билдирүү үчүн жеке адам же адамдар тобу тарабынан көрүлгөн ишчара.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМОНСТРАЦИЯ (лат. demonstratio – көрсөтүү) – коом турмушунун баардык маселери боюнча, кайсыбир чечимдерге, аракеттерге же мамлекеттик жана өзалдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, кызмат адамдарнын, жарандардын көзкарашына макул болбоо же колдоо иретинде жарандардын жеке, жамааттык, жалпы пикирин билдирүү үчүн жеке адам же адамдар тобу тарабынан көрүлгөн ишчара.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир коомдук-саясий маанайды көрсөтүп массалык түрдө жүрүү. Биринчи май демонстрациясы. Демонстрацияга катышуу. // Эмгекчилердин демонстрациясы башталды (Шимеев). 2. Нааразылыкты, каршылыкты ж. б. билдирген мамиле, көрүнүш, аракет. 3. Негизги сокку уруучу жерден душманды алагды кылуу үчүн жүргүзүлгөн согуштук аракет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
демөөр, демөөрүн
поддержка, подмога; облегчение;
артынан демөөр болбосо, асылдар жоону жеңеби? фольк. если сзади (т.е. в тылу) не будет поддержки, разве победят молодцы врага?
аманат жанига демөөрүм алдейлеген белексиң фольк. ты (мой младенец) моей душе поддержка, ты дар, который я баюкаю.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМӨӨРЧҮЛҮК – КР мыйзамдары боюнча, жеке же юридикалык жак (демөөрчү) тарабынан башка бир жеке юридикалык жактын (демөөр алуучунун) иш-аракетине салым кошуусу (мүлктү берүү, интеллектуалдык менчиктин үзүрлөрүн ыйгаруу, кызмат көрсөтүү, жумуш аткаруу түрүндө). Мында демөөр алуучу тарап демөөрчү жеке анын товарлары тууралуу жарнама таратуу шартын аткарат: демөөрчүнүн кошкон салымы жарнама үчүн төлөнүүчү акы, демөөрчү – жарнама берүүчү, демөөр алуучу – жарнама таратуучу болуп эсептелет. Демөөрчү демөөр алуучунун иш-аракетине кийлигишүүгө акысы жок.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМПИНГ (англ. dumping – ыргытып таштоо) – кадимки баасына караганда кыйла арзан баада эркин жүгүртүү үчүн КР бажы чегарасына товар ташуучунун нысапсыз аракети. Демпингдик товарлар чыныгы атаандаштыкты бузуп, ушундай товар чыгара турган жергиликтүү өндүрүүчүлөргө материалдык зыян алып келгендиктен же кооптондура тургандыктан же мындай товарларды өндүрүүгө жолтоо болгондуктан, КР экономикалык кызыкчылыгын коргоо максатында, ташылып келген товарларга алымдардын өзгөчө бир түрү – демпинге каршы алым колдонулушу мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМПИНГ (англ. dumping – ыргытып таштоо) – кадимки баасына караганда кыйла арзан баада эркин жүгүртүү үчүн КР бажы чегарасына товар ташуучунун нысапсыз аракети. Демпингдик товарлар чыныгы атаандаштыкты бузуп, ушундай товар чыгара турган жергиликтүү өндүрүүчүлөргө материалдык зыян алып келгендиктен же кооптондура тургандыктан же мындай товарларды өндүрүүгө жолтоо болгондуктан, КР экономикалык кызыкчылыгын коргоо максатында, ташылып келген товарларга алымдардын өзгөчө бир түрү – демпинге каршы алым колдонулушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМПИНГГЕ КАРШЫ ТЕРИШТИРҮҮ (гр. anti – карама-каршылыкты, өчөгүшүүнү билдире турган жалгама, англ. dumping – сүрүп салуу) – демейдеги наркынан төмөнкү баада сатылып жаткан товар жергиликтүү товар өндүрүүчүлөргө зыян алып келген, же зыян алып келүү коркунучун түзгөн учурдагы товар менен жабдуучуга карата териштирүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМПИНГГЕ КАРШЫ ЧАРА – ыйгарым укуктуу органдар тарабынан импорттук товарларды демейдеги өз наркынан төмөнкү баада сатуунун натыйжасында келтирилген зыянды жоюу үчүн убактылуу Д. к. ч. менен демпингге каршы алым таризинде колдонулуучу атайын чаралар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМПИНГКЕ КАРШЫ АЛЫМДАР – КР бажы аймагына экспорт кылган өлкөдөгү баага, же экспорт кылуу маалындагы өндүрүү баасына салыштырмалуу кыйла төмөнкү баада кемип түшкөн импорттук товар жөнөтүүлөрү жергиликтүү ушундай товар өндүрүүчүлөргө зыян алып келген, же зыян алып келүү коркунучун түзгөн учурларда колдонулуучу алымдар.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
дин. Оорулууну айыктыруу үчүн же кандайдыр керемет, сыйкыр жасоо үчүн дуба окуп, ичине абаны же сууну об тартып, кайра аны дубасы арналган адамды же нерсени көздөй багыттап «сүф» деп үйлөө. Негизинен мусулман өкүлдөрү Курандын кайсы бир аяттарын, сүрөөлөрүн окуу менен дем салган. Апсун окуп, дем салды («Манас» С. О.). Эшен, кожо чогулуп, Дем салган менен айыкпайт (Барпы). Шыбырап молдо, сопу дем салышты (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
(фонетический вариант тен, но в языке воспринимается как особое слово)
1. тело (человека);
дениң сообу?
1) ты здоров?
2) перен. ты в уме?
дени соонун жаны соо погов. в здоровом теле здоровый дух;
ден соолук здоровье;
биринчи байлык - ден соолук погов. первое богатство - здоровье;
дени-кардыңыз соо журөсүзбү? вы живы-здоровы?
2. перен. память;
денимде жок болуп жатпайбы! разве я помню?!; да вот не помню я!;
денимден чыгып калыптыр у меня из памяти выскочило, я забыл;
дениңди багыштадыңбы? то же, что кабыл туттуңбу? (см. кабыл I).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Дене. Менин деним таза, оорум жок (Жантөшев). Эненин денин жерге көмүштү (Аалы).
Ден соолук — саламаттык. Ден соолук — зор байлык. Дениң сообу — акыл-эсиң ордундабы, соосуңбу. Өйдө-төмөн кепке түшүнбөй оолжуйсуң, деги дениң сообу («Чалкан»).
ДЕН II зат. Таандык, тийиштүү, ылайык. Мага ден бала. Бизге ден.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бүткөн бой, тулку, дене. Ден көшүлүп жан жыргап, Жакыптын көөнү жай болду («Манас»). Карыган Ыса шордуунун, Калбады денде дарманы (Тоголок Молдо). Кайсы күнү ким жазды экен атымды Жаш теректин аппак күмүш денине (Токомбаев).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕЛИНГЕНДИ ӨЗГӨЛӨӨ – телинген жаранга т. а. чет өлкө жаранына же жарандыгы жок адамга өлкө жарандыгын берүү чечимин жокко чыгуу. Эреже катары, жарандык берүүгө негиз болгон жалган маалыматтардын бети ачылган учурларда Т. ө-гө жол берилет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТЕН АЖЫРАТУУ – мамлекеттештирүүгө карама-каршы жүрүм: мамлекеттик мүлктү (өнөржай ишканаларын, банктарды, жер участокторун, акцияларды ж. б.) жеке жактын менчигине берүү. Ал көбүнчө сатык жолу аркылуу жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, анын мурдагы ээлерине сатып алууга мүлктүк укук берилиши мүмкүн (кара:Менчиктештирүү).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эки анжы болгон арсар абал, эңги-деңги болуп далдыраган абал. Абышкам болду деңдароо, Ар кимдер түшүп арага (Маликов). Шарип көк желке талаштыра бирөө эсин оодара койгондой талмоорсуп, же жооп айтарын билбей дендароо (Бейшеналиев).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНДРОЛОГИЯЛЫК СЕЙИЛБАК ЖАНА БОТАНИКАЛЫК БАКЧА (гр. dendron – бак, logos – сөз, түшүнүк, окуу) – артүркүн өсүмдүк ресурстарын илимий, маданий, чарбачылык багытта натыйжалуу колдонуу үчүн, аны сактоо, изилдөө, аргандай жасалма шартта байытуу максатында КР мызамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНДРОЛОГИЯЛЫК СЕЙИЛБАК ЖАНА БОТАНИКАЛЫК БАКЧА (гр. dendron – бак, logos – сөз, түшүнүк, окуу) – артүркүн өсүмдүк ресурстарын илимий, маданий, чарбачылык багытта натыйжалуу колдонуу үчүн, аны сактоо, изилдөө, аргандай жасалма шартта байытуу максатында КР мызамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
корпус, тело;
дене тарбиясы уход за телом; тренировка тела;
уст. физкультура;
геометрия денеси геометрическое тело;
дене кул см. кул дений- разглаживаться (напр. о морщинах).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тулку бой, ден. Эркекыздын денеси калтырап, көзү чакырайды (Байтемиров). Баягы балканактай эткээл дене да жок (Байтемиров).
Дене тарбиясы; — физкультура. Жаш балдардын дене түзүлүшүнүн туура өсүшүндө дене тарбиясынын ролу чоң (Сыдыкбеков). Дене кул — ата-бабасынан бери байга кызмат кылып, кул болуп өткөндөр. Калың кара журтуңду, Дене кул кылып кетпесин («Манас»). Алардан калган балдарды, Дене кул кылып алганы («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНЕ ЖАЗА – байыркы жана орто кылымдардагы укуктарда соттолуучуну уруп-сабоо менен азап көргөзүү чарасы. Мүчөгө зыян келтирүүчү – тил кесүү, таноо жыруу, манжа кыркуу ж. б.; кыйноочу – шапалак, камчы, тал менен сабоо, балак алуу; шылдыңдоо – мазак түркүгүнө байлоо, тамга салуу болуп бөлүнгөн. Биркатар европа өлкөлөрүндө ХХ кылымдын башына чейин сакталып келген. Россияда 1863-жылы жарым-жартылай алып салынган, 1904-жылы кылмыш жаза катары такыр жоюлган. Азыркы учурда Д. ж-сы кээбир өнүгүп келе жаткан, өзгөчө шарият колдонулган мамлекеттерде колдонулууда.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА БИРДИГИ – улуттук акча тутумунун катышы, өлкөнүн аймагында бирдей наркта милдеттүү түрдө кабыл алына турган мыйзамдуу төлөм каражаты. КР ырасмий А. б. – сом. КР аймагында башка А. б -н киргизүүгө жана акча суррогаттарын чыгарууга тыюу салынган. КР аймагында башка А. б. (чет өлкө валютасы) менен эсеп-кысап жүргүзүү шарты менен тартиби мыйзамдар тарабынан аныкталат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА МАССАСЫ – 1) жүгүртүүдө турган акча белгиси; 2) жеке жана юридикалык жактардын эсеби менен аманаттарында турган акча каражаты; 3) банктардын ж. б. аткарыла турган шартсыз акча милдеттенмелери.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА РЕФОРМАСЫ – акча жүгүртүүсүн тартипке салуу жана бекемдөө максатында мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн акча тутумун толук же жарым-жартылай кайра түзүү. А. р. аргандай таризде жүргүзүлөт: валюта деноминациясы; эски акча бирдигин жаңы менен алмаштыруу же жарыша алпаруу; айрым акча белгисин жаңы үлгү менен алмаштыруу, аны менен бирге эле улуттук валютаны девальвациялоо же ревальвациялоо ж. б.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Акча системасы (Monetary system) —Өлкөнүн акча белгилеринин, акча бирдиктеринин, акча эмиссиясынын эрежелеринин жана жүгүртүүформаларынын, өлкөдө мыйзамдык негизде белгиленген акча мамилелеринин жыйындысы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА ЖҮГҮРТҮМҮ – товарлардын, товардык эмес төлөмдөр менен эсептердин айлануусун тейлеген, ошондой эле товардык эмес төлөмдөр менен эсептешүүлөр. А. ж-нүн 2 түрү бар: а) накталай акчанын т. а. банкнот менен тыйындын жүгүрүүсү; б) накталай акча белгиси төлөм каражаты болбостон, бир субъектинин банк эсебине башка субъектинин бул же тиги банк мекемесиндеги эсебинен белгилүү бир өлчөмдөгү каражатты которо турган накталай эмес акча жүгүртүүсү (кара: Накталай эмес эсептешүүлөр ).

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Акча-кредит саясаты (Monetary policy) —Борбордук банктын акча сунушун, банк тутумунан экономикага келип түшкөн кредиттик агымдарды жана акча рыногундагы пайыздык чендерди жөнгөсалуу аркылуу анын негизги максатына жетишүү үчүн багытталган саясат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА-КРЕДИТТИК САЯСАТ – экономикалык өсүштү жөнгө салууга, акча кунунун түшүп кетүүсүн токтотууга, төлөм каражатынын иштөөсү менен теңелүүсүн камсыз кылууга багытталган акча жүгүртүмү менен кредит чөйрөсүндөгү ишчаралардын жыйындысы; мамлекеттин өндүрүш жүрүмүнө кийлигишүүсүнүн өтө зарыл усулунун бири катары кызмат кылат. КРУБ сомду коргоого жана анын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик А-к. с-ын жүргүзөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА-КРЕДИТТИК ЖӨНГӨ САЛУУ – мамлекеттин экономикалык жүрүмдөрүнө таасир эте турган негизги каражаттарынын бири. КР экономикасынын А-к. ж. с. КРУБ тарабынан иштелип чыгып, КР Өкмөтү менен бирдикте ишке ашырылат. КРУБдун жөнгө салуу тартиби: милдеттүү кор ченеми менен кредит боюнча эсептик өлчөмүн аныктайт, коммерциялык банктар үчүн экономикалык чен-өлчөмдөрдү белгилейт, баалуу кагаздарды чыгарат жана аны менен баардык аткарымдарды жасайт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА БЕЛГИЛЕРИ – нарк белгиси; жүгүртүүгө белгилүү бир сандагы баалуу металлды жайгаштырат. Баалуу металлдан куюлган тыйындар (КРде жок) же кагаз акча менен банк билеттери да А. б. катары эсептелет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА СУРРОГАТТАРЫ – мыйзамдарда каралбаган жана айрым жактар тарабынан өз бетинче киргизилген акча белгилери. Ырасмий акча белгилеринин жетишсиздигинен (негизинен) улам пайда болот.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Акча мультипликатору (Monetary multiplier) —Акча-кредит системасына салынган аманаттардын көбөйүүсүнүн же кыскарышынын натыйжасында акча сунушунун бир акча бирдигине канчалык өсөрүн же кыскарышын көрсөткөн сандык коэффициент. Акча мультипликатору акча массасынын акча базасына карата катышы катары эсептелинет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА КОТОРУМУ – которумда көрсөтүлгөн жакка белгилүү өлчөмдөгү акчаны төлөп берүү жөнүндөгү телетайп, телеграф, телефакс байланышы аркылуу же мындай тескеменин аныктыгын камсыз кылуучу башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн жазуу жүзүндөгү тескеме. Кредит жана почта-телеграф мекемелери А. к-н өздөштүрөт. А. к. алуучунун аты-жөнү, дареги көрсөтүлүү менен, тийиштүү мекемеге белгиленген өлчөмдөгү акчаны чегерүү жолу аркылуу ишке ашырылат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Банк эсебин ачуусуз акча которуу (Money transfer without opening of bank account) —Акча каражаттарын которуу, улуттук же чет өлкөвалюталарында нак акча каражаттарды жеке адамдан кабыл алуу жана Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары акча которуу системасы аркылуу көрсөтүлгөн жеке адамга (алуучуга) өткөрүп берүү жолу менен банк тарабынан жүзөгө ашырылган банктык операция

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Акча рыногу (Money Market) —Катышуучулар чөйрөсү алкагында кредиттер жана баалуу кагаз түрүндө кыска мөөнөткө каражаттарды берүү жана алуу ишке ашырылган рынок.
Денежный рынок Акча рыногу —Кредиттер жана баалуу кагаздар формасында кыска мөөнөттүү ресурстар рыногу

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерсеге эрки жок, кыңк этпей баш ийген, каалаган буйрукту аткаруучу, өмүр бою бирөө үчүн иштеген адам. Калың кара журтуңду, Дене кул кылып кетпесин (“Манас”). Алардан калган балдардыДене кул кылып алганы (“Манас”).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсеге эрки жок, кыңк этпей баш ийген, каалаган буйрукту аткаруучу, өмүр бою бирөө үчүн иштеген адам. Калың кара журтуңду, Дене кул кылып кетпесин («Манас»). Алардан калган балдарды, Дене кул кылып алганы («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНЕТАРБИЯ МАДАНИЯТЫ – адамдын денебой жактан өнүгүүсү менен денсоолугун чыңдоо максатында коом тарабынан түзүлүүчү, өнүктүрүлүүчү, колдонулуучу руханий жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы болуп саналган маданияттын курамдык бөлүгү, социалдык иш-аракет тармагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНЕТАРБИЯСЫ – дени сак, денебой жана руханий жактан өнүккөн, адеп-актык жактан таза муунду түзүүгө, адамдын денсоолугун чыңдоого, ишке жөндөмдүүлүгүн арттырууга, чыгармачылык мөөнөтү менен өмүр жашын узартууга багытталган педагогикалык уюштурулган жүрүм.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне кыларын билбей далдырап калуу, аябай коркуп кетүү, акыл-эсин жоготуу, эч нерсени сезбей жалдыроо. Жол бою жеме угуп, камчы жей берип биротоло дени өлгөн шордууну таң атарда айылга алып келди (Сыдыкбеков). Надзирателдин дени өлүп калды (Бектенов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне кыларын билбей далдырап калуу, аябай коркуп кетүү, акыл-эсин жоготуу, эч нерсени сезбей жалдыроо. Жол бою жеме угуп, камчы жей берип биротоло дени өлгөн шордууну таң атарда айылга алып келди (Сыдыкбеков). Надзирателдин дени өлүп калды (Бектенов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНОМИНАЦИЯ (лат. denominatio – атын өзгөртүү) – улуттук валютанын наркын көтөрүү жана акча жүгүртүмүн тартипке салуу максатында өлкөнүн акча бирдигин (атын алмаштырбай туруп) ирилештирүү. Д-га көбүнесе акча куну түшүп кеткен шартта акча жүгүртүмүн техникалык жактан камсыздоо кыйынчылыгы (акча белгилерин басып чыгаруу, аргандай нарктагы акчалардын зарыл теңсалмактуулугун сактоо, ири нарктагы акчаны майдалоочу тыйындарды чыгаруу) түрткү берет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНОМИНАЦИЯ (лат. denominatio – атын өзгөртүү) – улуттук валютанын наркын көтөрүү жана акча жүгүртүмүн тартипке салуу максатында өлкөнүн акча бирдигин (атын алмаштырбай туруп) ирилештирүү. Д-га көбүнесе акча куну түшүп кеткен шартта акча жүгүртүмүн техникалык жактан камсыздоо кыйынчылыгы (акча белгилерин басып чыгаруу, аргандай нарктагы акчалардын зарыл теңсалмактуулугун сактоо, ири нарктагы акчаны майдалоочу тыйындарды чыгаруу) түрткү берет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДИ ДЕНОНСИРЛӨӨ (лат. denuntiatio – кабарлоо) – эларалык эки тараптуу келишимдин аракетин токтотуунун же көп тараптуу келишимден чыгуунун биркыйла кеңири таралган ыкмасы. Алардын катышуучусунун ошондой келишимде көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө аны бузгандыгы тууралу кабарлоосу. Эгер келишим денонсирлөөнү карабаса жана анын катышуучуларынын андай ниеттеринин мүмкүндүгү белгиленбесе, анын денонсирленүүсү мүмкүн эмес.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУККА АНЧА ООР ЭМЕС ЗАЛАЛ – адамдын өмүрүнө коркунуч келтирбеген жана денсоолукка оор залал калтыруучу кесепетин тийгизбеген, бирок денсоолукка узак убакыт таасирин тийгизген, т. а. 3 аптадан (21 күндөн) ашык мезгилге чейин созулган эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкон же жалпы эмгекке жарамдуулугунун 1/3 (10дон 30 пайызга) чейинкисинен туруктуу ажыраткан залал.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУККА ЖЕҢИЛ ЗАЛАЛ – адамдын өмүрүнө коркунуч келтирбеген жана денсоолукка убактылуу таасирин тийгизген, т. а. 6 күндөн кем эмес, бирок 3 аптадан (21 күндөн) ашык мезгилге созулбаган эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкон же 10 пайызга чейинки жалпы эмгекке жарамдуулугунан анчалык көп өлчөмдө эмес туруктуу ажыраткан залал.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУККА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын ченемдеринде каралган, башка адамдардын денесине, органдардын жана ткандардын анатомиялык бүтүндүгүнө, же алардын физиологиялык иштөөсүнө же болбосо илдетке чалдыгуусунан көрүнгөн, же патологиялык абалына залал келтирүүдөн, тышкы чөйрөдөгү аркыл факторлордун: механикалык, физикалык, химиялык, биологиялык, психологиялык таасиринен улам, ошондой эле инсандын денсоолугуна түздөнтүз коркунуч туудурган коомдук коркунучтуу күнөөлүү жосун (аракет же аракетсиздик). Аларга: денсоолукка атайылап оор залал келтирүү, уруп-сабоо; уруп-согуу, кыйноо; башкалардыкына алмаштыруу үчүн адамдын органдарын жана ткандарын алдырууга аргасыз кылуу жана башкалар кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУККА ООР ЗАЛАЛ – адам денсоолугу үчүн коркунучтуу же кесепети көрүү, сүйлөө, угуу же кандайдыр бир органдарынын, болбосо орган милдеттеринин жоготуусуна алып келген залал же дагы башка эмгекке жарамдуулугунун 1/3 кем эмес бөлүгүнөн ажыраткан же боюнан түшүүгө алып келген, болбосо бет келбетин калыбына келгис кылып бузган залал.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛҮҮ АДАМДАР – денелик жана/же акыл-эстик мүчүлүштүктөрүнүн натыйжасында кандайдыр бир ишке жарамсыз, функционалдык чектөөлөрү бар адамдар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕН СООЛУКТУ САКТООГО УКУК – адамдын конституциялык негизги укуктарынын бири; саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринен акысыз медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү. Мамлекет тарабынан бул укуктун кепилдениши, аны жарандын саламаттыгын чыңдоого жана коргоого керектүү шарттарды түзүүгө, саламаттык сактоо, медициналык камсыздандыруу тутумдарын өнүктүрүүгө, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык ыңгайлуулуктарды камсыз кылууга милдеттендирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУК ЧЫҢДООГО АРНАЛГАН ЖЕР – КР жер укугу боюнча, ага табигый дарылык касиети бар (минералдык булактар, дарылоо баткактары, таза аба ж. б. шарттары жетиштүү жайлар), дарылоого же ооруну алдыналууга ыңгайлуу жерлер жатат. Д. ч. а. ж. өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категориясына кирет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
күн;
целыми днями ребёнок играет бала керели кечке ойнойт;
выходной день дем алыш күн;
День печати Басма Сөз Күнү;
День Победы Жеңиш Күнү;
День железнодорожника Темир Жолчулар Күнү;
День Парижской коммуны Париж Коммунасынын Күнү;
день ото дня күндөн күнгө, күн санап;
со дня на день күндө эртеңкиге, улам эртеңге;
откладывать дело со дня на день ишти улам эртеңге калтыруу;
его ждут со дня на день аны жакын арада келет деп, күтүп турушат;
изо дня в день күндө, күн сайын, дайыма;
на днях жакын күндөрдө, бир аз күндө, жакында, жакын арада (бир аз күндөн соң же аз эле күн болду);
я приду к вам на днях мен жакында сизге келем;
я его видел на днях мен аны жакын арада көрдүм;
день в день болжогон күнүндө, болжогон убагында;
день на день не приходится күн күнгө окшобойт (бир күн андай, бир күн мындай);
день-деньской эртели-кеч, күн бою, керели кечке;
средь бела дня таламандын тал түшүндө; каратып туруп эле;
про чёрный день кийинкиге сактап койгон, кереги тиет деп катып койгон;
день и ночь күн-түн дебей, дайыма;
добрый день! куттуу күн!;
в наши дни биздин убагыбызда, азыркы күндөрдө;
порядок дня (на заседаниях) күн тартиби;
в один прекрасный день бир күнү;
остались считанные дни саналуу гана күн калды;
не по дням, а по часам күн сайын эмес, саат сайын.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
деньги < теӊге - бул сөз орус тилине түрк тилдеринен өткөн. Эски орус тилинде «деньга», «тенка» болуп колдонулган (Фасмер М. Этимологический словарь русского языка). «теӊге катмай название игры, рассчитанной на умение быстро считать в уме; казанга теӊге салмай ист. южн. одно из диких развлечений киргизских богачей и знати: в котёл с водой, смешанной с пометом животных, бросали монету; тот, кто доставал её губами, получал приз: лошадь, верблюда и т.п.» (Юдахин 1965:724)

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА – мыйзамдуу төлөм каражаты, жарандык укук объектилеринин бири. А-нын негизги өзгөчөлүгү алар бүтүндөй жалпы эквивалент катары өзү менен кайтарымдуу мүнөзгө эгедер дээрлик баардык мүлктүк мамилелерди алмаштыра алат. Жарандык укукта А. баалуу кагаздар сыяктуу эле тектеш, алмаштырылуучу буюм түрлөрү катары таанылат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Нак эмес акча (Quasi money, Near money) —Депозиттерди тартууга лицензияга ээ банктардагы жана банктык эмес финансы-кредит мекемелериндеги депозиттер, ошондой квазиакчалар (мисалы, векселдер, депозиттик сертификаттар).

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Жүгүртүүдөгү акча (Currency in circulation) —Өлкөнүн мыйзамдык негизде аныкталган эмиссиялык борбору тарабынан чыгарылган банкноттор жана монеталар. Кыргыз Республикасында – бул Улуттук банктын жүгүртүүкассасындагы банкнотторду жана монеталарды эске албаганда, Улуттук банк тарабынан чыгарылган банкноттор жана монеталар.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: деңге мас (или деңгемас)
1) под хмельком, пьяненький;
2) перен. обессилевший, расслабленный;
такыр уктабай, уйкуга деңгемас болуп калган он совсем не спал, ослабел, и его клонило ко сну.

Киргизско-русский словарь Юдахина
деңгел I
в разн. знач. уровень;
маданий деңгел культурный уровень;
деңиз деңгелинен над уровнем моря;
деңгел тушунда как раз напротив;
так деңгел тушуна келгенде когда он подошёл и предстал перед ним.
деңгел II
ир. южн.
то же, что чикит.

Киргизско-русский словарь Юдахина
деңгелдеш I
равный;
экөөнүн күчү деңгелдеш они силами равны.
деңгелдеш- II
соперничать, равняться с кем-чем-л;
асман менен деңгелдешкен учсуз тоо беспредельные горы, соперничающие с небом.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уюшуп ортого акча чогултуп, ага мал (көбүнчө кой, козу) сатып алып союп, жеген эт, шерине. Кой союшуп эт жеген, Деңгенеге кызыккан (Молдо Кылыч). Деңгене болуп ит-кушка, Денесин катар паана жок («Эл адабияты»). Кезектешип мал союп, анын этин уюшкандар үй-үйүнө бөлүп кетүүнү да деңгене дейт. 2. Оозу кууш, түбү терең тоголок казан. Деңгенедей башы бар.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башы айлануу, эс-акылы айкын эмес элдир-селдир абалда болуу, эңги-деңги болуу. Сарала бүгүн бир катар ойлорго башын маң кылып, деңгиреп отурган (Байтемиров). Деңгиреп бир аздан соң ал жигит да Бүк түшүп, эти ачышып жатып калды (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Нерсенин мейкиндиктеги бийиктигине карай болгон чеги. Деңиз деңгээлинен 400 метр бийиктиктеги көл. 2. Бир нерсенин сапатынын, өсүшүнүн, чегинин ж. б. жогору же төмөн экендигин айырмалоочу даража. Элдин маданий деңгээли. Турмуш деңгээли.

Киргизско-русский словарь Юдахина
находящийся в нерешительности;
деңдароо болуп турам я не знаю, что выбрать, на чём остановиться, на что решиться;
иштин ошондой жагдайын эске алып, барууга батына албай, деңдароо болуп жүрөт приняв во внимание такие обстоятельства, он не осмеливается пойти, находится в нерешительности.

Киргизско-русский словарь Юдахина
море;
деңиздей великодушный; широкая натура;
бизден кеткен иш болсо, деңиздей жезде, кечиңиз фольк. если мы в чём-нибудь провинились, вы, великодушный зять, простите;
деңиз баш самонадеянный, самоуверенный.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Океандын кургактык менен курчалган бөлүгү, кеңири көлөмдөгү суу мейкиндиги. Баренцово деңизи. Жер Ортолук деңизи.
2. өт. Мол, кең-кесири, эң эле көп. Тоо жарылып мол келет, Толкуган деңиз кол келет («Манас»).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
деңиз (теңиз эмес)
деңиз агымдары
деңиз арстандары (зоол.)
деңиз бачикилери (зоол.)
деңиз баш
деңиз дандары (зоол.)
деңиз деңгээли
деңиз дөө шайтаны (зоол.)
деңиз жөргөмүштөрү
(зоол.)
деңиз жүрөгү (зоол.)
деңиз жыландары (зоол.)
деңиз жылдыздары
деңиз кабыланы (зоол.)
деңиз каракчысы (пират)
деңиз кирпилери (зоол.)
деңиз климаты
деңиз коёнектери (зоол.)
деңиз короздору (зоол.)
деңиз кулактары (зоол.)
деңиз кундузу (зоол.)
деңиз лилиялары (зоол.)
деңиз маарактары (зоол.)
деңиз мышыгы (зоол.)
деңиз оорусу
деңиз өрдөкчөлөрү (зоол.)
деңиз пилдери (зоол.)
деңиз суусу
деңиз табак баштары
(зоол.)
деңиз тайлары (зоол.)
деңиз таракчалары (зоол.)
деңиз таш бакалары (зоол.)
деңиз ташкыны (геог.)
деңиз теменелери (зоол.)
деңиз тил сымалдары (зоол.)
деңиз толкундары
деңиз транспорту
деңиз укугу
деңиз фаунасы
деңиз физикасы
деңиз чалгындары (зоол.)
деңиз чебичтери (зоол.)
деңиз чөкмөлөрү

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Океандын бир кыйла тарабы кургактык менен курчалган чоң бөлүгү. Кара деңиз. Жер ортолук деңизи. 2. Абдан зор көл, кеңири көлөмдөгү суу мейкиндиги. Каспий деңизи. Цимлянск деңизи. 3. өт. Мол, өтө көп, кең-кесири. Тоо жарылып мол келет, Толкуган деңиз кол келет («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕҢИЗ БУЛУҢДАРЫ – 1958-жылкы аймактык деңиздер жана анын айланасындагы жерлер жөнүндөгү Конвенциянын 7-ст., ошондой эле БУУнун 1982-жылкы Деңиз укугу боюнча Конвенциясынын 10-ст. жоболоруна ылайык (кургакка өзүнчө туюк суу топтолгондой Деңгээлде кирип турган) аянттарынын диаметри түз сызык катары кызмат кылган жарым айлананын аянтынан аз эмес, жээкке терең кирген булуңдар. Бул жобо тарыхый булуңдарга таралбайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕҢИЗДЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТПӨЙ КОЮУ – ачык деңизде жасалган, эларалык мүнөздөгү кылмыш. Ал үчүн жоопкерчилик деңизде жардам көрсөтүү жана сактап калуунун айрым эрежелерин бириктирүү 1910-жылкы үчүн Брюссель конвенциясында, деңизде адам өмүрүн коргоо боюнча Эларалык конвенцияда, 1979-жылкы деңизде издөө жана сактап калуу боюнча 1978-жылкы Эларалык конвенцияда, ошондой эле БУУнун 1982-жылкы деңиз укугу боюнча Конвенциясында каралган. Аларда кемелердин кыйроосунан жана аба учактарынын деңизге аргасыз конууларынан улам кыргынга учураган адамдарды сактап калуунун тартиби жөнгө салынган. Бул кылмыштарды субъекттери деңиз кемесинин капитаны жана башка кызмат адамдары болуулары мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕҢИЗДЕ СҮЗҮҮ СООДАСЫ – жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана алардын кол жүктөрүн ташуу; биологиялык ресурстарды өндүрүү; деңиз түбүнүн жана анын астынын минералдык жана жансыз ресурстарын чалгындоо жана иштетүү; лоцмандык жана музжаргычтык узатуулар; издөө, сактоо жана сүйрөтүү аткарымдары; деңизге чөгүп кеткен мүлктөрдү алып чыгуу; суу техникалык, суу астындагы техникалык жана башка суу астындагы жумуштар; санитардык, карантиндик жана башка көзөмөл; деңиз чөйрөсүн сактоо жана коргоо; деңиз илимий изилдөөлөрүн өткөрүү; окуу, спорттук жана маданий максаттарда кемелерди пайдалануу менен байланышкан ишмердик.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕҢИЗ КАРАКЧЫЛЫГЫ – жекеменчик соода кемелерин, өчөшкөн жактардын кемелерин же согушуп жаткан өлкөнүн жүктөрүн ташуу менен шугулданган бейтарап өлкөлөрдүн кемелерин куралдуу күч менен (өз өкмөтүнүн улуксаты боюнча) тартып алуу. Ага 1856-жылкы деңиз согушу жөнүндө Париж декларация-сы менен тыюу салынган; кеңири мааниде – деңиз каракчылыгы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕҢИЗ-СООДА КОДЕКСИ (ДСК) – жүк, жүргүнчү, тартуу, жүк жана почта ташуу, балыкчылык жана башка деңиз өнөр жайы, пайдалуу деңиз кендерин алуу үчүн кемелерди пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу тутумдаштырылган мыйзам актылары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕҢИЗ УЛАГАСЫ – 1982-жылы Деңиз укугу боюнча БУУ конвенциясы тарабынан киргизилип, өз суу аймагы (аймактык деңизде) менен кысыктары аркылуу чет өлкө кемелери менен аскердик кемелердин сүзүп өтүүсү жана анын үстүнөн учуп өтүүсү үчүн жээкке чукул жайгашкан мамлекеттердин укугун билдире турган юридикалык категория.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. быть толстым и неуклюжим;
2. перен. важничать;
Элдияр барып эңкейди, ардемсинип деңкейди, эрмелте албай бул ташты, эки көзү чекчейди фольк. Элдияр пошёл и наклонился, расхрабрился и разважничался, (но) не будучи в силах сдвинуть камень, глаза свои выпучил.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дөңкөйүп, бөлүнө көрүнүп туруу, даңкаюу, дүңкүйүү. Деңкее таңылган отунга сүйөнө калып, Зууракан Батийна менен ачык-айрым сүйлөштү (Сыдыкбеков). 2. Бой көтөрүү, менменсинүү, дердейүү. Өзү үчүн гана эңкеет, өзгөнүн баарына деңкеет (Борбугулов).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
департамент (1. Францияда административдик округ; 2. революцияга чейинки Россияда жана кээ бир чет өлкөлөрдө - жогорку административдик жана соттук мекемелер; 3. АКШда министерствонун аты (тышкы иштер).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПАРТАМЕНТ (фр. departement ) – 1) Франция ж. б. биркатар өлкөлөрдөгү негизги административдик-аймактык бирдик; 2) айрым мамлекеттерде (м.: АКШ, Швейцария, РФ) – ведомстволордун же министрликтердин, болбосо алардын бөлүмдөрүнүн аталышы. КРде – министрликтердин бөлүмдөрүнүн аталышы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПАРТАМЕНТ (фр. departement ) – 1) Франция ж. б. биркатар өлкөлөрдөгү негизги административдик-аймактык бирдик; 2) айрым мамлекеттерде (м.: АКШ, Швейцария, РФ) – ведомстволордун же министрликтердин, болбосо алардын бөлүмдөрүнүн аталышы. КРде – министрликтердин бөлүмдөрүнүн аталышы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
депкир I
то же, что текбир.
депкир II
присутствие духа;
депкири качып калды или депкирин таппай калды он испугался, он растерялся;
депкирин таппай калдастап растерянно суетясь;
депкири качкан жок он не растерялся;
депкирин таптырбады он его поставил в безвыходное положение;
депкирин алды его испугало (что-л.);
депкир таппагыр! чтоб тебе покоя не знать!
депкир III
то же, что кепкир;
бала депкирден түшкөн эки боорсокту ала коюп ребёнок, схватил два баурсака (см. боорсок), упавшие из шумовки.
депкир- IV
кашлять;
атым депкирип калыптыр моя лошадь кашляет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
депо (1. ж.-д. паровоз менен вагондор туруучу үй; 2. ж.-д. паровоздор менен вагондорду сактап, ремонттоп туруучу темир жол чарба цехи; 3. өрт машиналары жана башка өрт өчүргүч аспаптар туруучу үй).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Паровоздор, вагондор туруучу, аларды ремонттоочу атайын жабдылган жай жана ушундай ремонтту жүргүзүүчү мастерской. Мен паровоз депосуна алты гана күнү иштедим (Жантөшев). Депо мастерскоюнун ичи да, тышы да тарсылдап, күрсүлдөп жаңырыкка бөлөнгөн (Сасыкбаев).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозит (вклад) (Deposit) —Депозит – это сумма денежных средств, принятая финансово-кредитным учреждением по договору от другого лица на условиях возвратности, платности, срочности. Депозиты бывают срочные и до востребования.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозит (аманат) (Deposit) —Депозит – бул, финансы-кредит мекемеси тарабынан убагында кайтаруу, төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө шарттарында башка жактардан келишим боюнча тартылган акча каражаттарынын суммасы. Депозиттер мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТ (лат. depositum – сактоого берилген буюм) – 1) банктардагы жана сактык кассаларындагы аманаттар. Мөөнөттүү, талап кылууга чейинки жана шарттуу Д. болуп бөлүнөт; 2) банк китептериндеги банкка карата кардарлардын белгилүү талаптарын бышыктоочу эскерткич жазуулар; 3) кредиттик мекемелерге сактоого берилүүчү баалуу кагаздар (акциялар жана облигациялар); 4) бажы алымдарын жана жыйымдарын төлөөнү камсыз кылууга бажы мекемелерине акчалай төгүмдөр; 5) сотко келүүнү, дооарызды камсыз кылууга сот жана административдик мекемелерге акчалай төгүмдөр.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТ (лат. depositum – сактоого берилген буюм) – 1) банктардагы жана сактык кассаларындагы аманаттар. Мөөнөттүү, талап кылууга чейинки жана шарттуу Д. болуп бөлүнөт; 2) банк китептериндеги банкка карата кардарлардын белгилүү талаптарын бышыктоочу эскерткич жазуулар; 3) кредиттик мекемелерге сактоого берилүүчү баалуу кагаздар (акциялар жана облигациялар); 4) бажы алымдарын жана жыйымдарын төлөөнү камсыз кылууга бажы мекемелерине акчалай төгүмдөр; 5) сотко келүүнү, дооарызды камсыз кылууга сот жана административдик мекемелерге акчалай төгүмдөр.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аманатчылар тарабынан сактоо үчүн банкка салынган материалдык дөөлөттөр. 2. Мамлекеттик мекемелерге салынып, кайсы бир шарттар түзүлгөндө, кайтарып берилүүгө тийиш акча, баалуу кагаз. 3. Кардардын банкка коюлуучу талаптарын камтыган жана ырастаган жазма.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТАРДЫК ИШКЕРДҮҮЛҮК – баалуу кагаздардын базарында баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактоо жана/же баалуу кагаздарга укукту жана анын өтүшүн эсепке алуу боюнча кызмат көрсөтүү катары түшүнүлгөн кесиптик ишкердүүлүктүн бир түрү. Баалуу кагаздар базарынын Д. и-тү жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу депозитарий деп аталат. Баалуу кагаздарды жана/же баалуу кагаздарга укукту жана анын өтүшүн эсепке алуу боюнча депозитарийдин кызматын пайдаланган киши депонент деп аталат. Алардын мамилелерин теске салуучу келишим депозитардык келишим (депо эсеби жөнүндө келишим) деп аталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТАРДЫК КЕЛИШИМ (депозит эсеби жөнүндө келишим) – депозитардык ишкердүүлүктүн жүрүшүндө алардын мамилелерин теске салуучу депозитарий менен депоненттин ортосундагы келишим. Депозитарий түзүлгөн Д. к. ажырагыс бөлүгү болгон өзүнүн депозитардык ишкердүүлүктүн шарттарын бекитүүсү тийиш. Д. к-н маанилүү шарттары төмөнкүлөр: а) келишим ишинин так аныкталуусу: баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактоо жана/же баалуу кагаздарга укукту эсепке алуу боюнча кызмат көрсөтүү; б) депоненттин депозитарийде депонирленген депоненттин баалуу кагаздарын башкаруу жөнүндө маалымат берүүсүнүн тартиби; в) келишимдин иштөө мөөнөтү; г) келишимде каралган депозитарийдин кызмат акысынын көлөмү жана төлөөнүн тартиби; д) депозитарийдин депоненттин алдында эсеп берүү таризи жана мезгилдүүлүгү; е) депозитарийдин милдети.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТАРИЙ (фр. depositaire ) – 1) депозиттер ишенилген жак; 2) депозитардык ишкердүүлүктү жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусу. КРде юридикалык жак гана Д. боло алат. Д. депоненттин атынан депозитардык келишимде каралган депоненттин тапшыруусунан башка иштерди жасоого, депоненттин баалуу кагаздарын каалагандай жумшоого, анын атынан баалуу кагаздар менен иш-аракеттерди жүргүзүүгө жана башкарууга акысы жок. Д. анда депонирленген баалуу кагаздардын тастыктоолору үчүн жарандык укуктук жоопкерчилик тартат; 3) эларалык келишимде көп тараптуу келишимдин чыныгы текстин жана ага байланыштуу документтерин (билдирүүлөр, эскертмелер, денонсациялар ж. б. ) сактоочу. Д. бир же бирнече өлкө, эларалык уюм же ошондой уюмдун башкы кызмат аткаруучу адамы болуусу мүмкүн. Алып айтсак, БУУнун Башкы Катчысы БУУнун алкагында түзүлгөн биркатар көп тараптуу келишимдердин Д-инин милдетин жүзөгө ашырат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТАРИЙ (фр. depositaire ) – 1) депозиттер ишенилген жак; 2) депозитардык ишкердүүлүктү жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусу. КРде юридикалык жак гана Д. боло алат. Д. депоненттин атынан депозитардык келишимде каралган депоненттин тапшыруусунан башка иштерди жасоого, депоненттин баалуу кагаздарын каалагандай жумшоого, анын атынан баалуу кагаздар менен иш-аракеттерди жүргүзүүгө жана башкарууга акысы жок. Д. анда депонирленген баалуу кагаздардын тастыктоолору үчүн жарандык укуктук жоопкерчилик тартат; 3) эларалык келишимде көп тараптуу келишимдин чыныгы текстин жана ага байланыштуу документтерин (билдирүүлөр, эскертмелер, денонсациялар ж. б. ) сактоочу. Д. бир же бирнече өлкө, эларалык уюм же ошондой уюмдун башкы кызмат аткаруучу адамы болуусу мүмкүн. Алып айтсак, БУУнун Башкы Катчысы БУУнун алкагында түзүлгөн биркатар көп тараптуу келишимдердин Д-инин милдетин жүзөгө ашырат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозиттер менен иш алып баруу (Depositary activities) —Акча-кредит саясатынын каражаты (инструменти), ал Улуттук банктын мөөнөттүү депозит эсебине кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөтүндө төлөө шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын тартуу аркылуу, банк тутумунанүстөк ликвиддүүлүктү алып салуу максатында колдонулат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТАРДЫК ИШКЕРДҮҮЛҮК – баалуу кагаздардын базарында баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактоо жана/же баалуу кагаздарга укукту жана анын өтүшүн эсепке алуу боюнча кызмат көрсөтүү катары түшүнүлгөн кесиптик ишкердүүлүктүн бир түрү. Баалуу кагаздар базарынын Д. и-тү жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу депозитарий деп аталат. Баалуу кагаздарды жана/же баалуу кагаздарга укукту жана анын өтүшүн эсепке алуу боюнча депозитарийдин кызматын пайдаланган киши депонент деп аталат. Алардын мамилелерин теске салуучу келишим депозитардык келишим (депо эсеби жөнүндө келишим) деп аталат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТАРДЫК КЕЛИШИМ (депозит эсеби жөнүндө келишим) – депозитардык ишкердүүлүктүн жүрүшүндө алардын мамилелерин теске салуучу депозитарий менен депоненттин ортосундагы келишим. Депозитарий түзүлгөн Д. к. ажырагыс бөлүгү болгон өзүнүн депозитардык ишкердүүлүктүн шарттарын бекитүүсү тийиш. Д. к-н маанилүү шарттары төмөнкүлөр: а) келишим ишинин так аныкталуусу: баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактоо жана/же баалуу кагаздарга укукту эсепке алуу боюнча кызмат көрсөтүү; б) депоненттин депозитарийде депонирленген депоненттин баалуу кагаздарын башкаруу жөнүндө маалымат берүүсүнүн тартиби; в) келишимдин иштөө мөөнөтү; г) келишимде каралган депозитарийдин кызмат акысынын көлөмү жана төлөөнүн тартиби; д) депозитарийдин депоненттин алдында эсеп берүү таризи жана мезгилдүүлүгү; е) депозитарийдин милдети.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИМПОРТТУК ДЕПОЗИТ – чет өлкөдөн товар сатып алуунун алдында импорттоочу банкка төгүүгө тийиш болгон (улуттук же чет өлкөлүк валюта менен) үстөксүз барымта; кээде ошол товарга алымдардын көлөмүнө ж. б. көрсөткүчтөргө байланыштуу белгиленет. Банктын И. д. төлөнгөндүгү тууралуу документи импорттоочу өлкөнүн бажы аймагына товарды жана унаа каражатын алып кирүүдө улуксаттын милдетин аткарат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозиттик база (Depositorybase) —Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын атынан коммерциялык банктарда талап боюнча төлөнүүчү депозиттерге жана мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырылган, ошондой эле депозиттерди тартуу укугуна ээ башка финансы-кредит мекемелериндеги депозиттерге салынган каражаттардын жыйындысы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТТИК КАССА – банктагы башка каржылык-кредиттик уюмдардын депозиттерди кабыл алууга жана сактоого багышталган бөлүмчөсү. Мында акча депозиттери (аманаттар) банктардын жүгүртүмүнө катышат, б. а. киреше алып келүүчү активдерге жайгаштырылат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТТИК АТКАРЫМ – кредиттик уюмдардын юридикалык жактар менен жеке адамдардын акча каражаттарын аманатка тартуу жана аларды жайгаштыруу боюнча аткарымдары. Д. а. жигердүү жана солгун болуп бөлүнөт. Солгуну акча каражаттарын аманатка белгилүү мөөнөткө же талап кылууга чейин тартууну чагылдырат, жигердүүсү – бир банктын бош каражаттарын убактылуу башкаларына жайгаштырат. Д. а. чөйрөсүнө базарда айланып жүргөн карыздар, милдеттенмелер, депозиттик тастыктамалар, векселдер ж. б. кирет.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Улуттук банктын депозиттик операциялары (Deposit operations of NBKR) —Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөтүндө төлөө шарттарында улуттук валютадагы акча каражаттарын убактылуу алып салуу. Аталган операциялар банк тутумунан үстөк ликвиддүүлүктүалып салуу максатында ишке ашырылат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозиттик мекемелер (Deposit Takers) —Борбордук банкты эске албаганда, негизги иши депозиттерди кабыл алуу менен аларды өз атынан андан ары жайгаштыруудан көрүнгөн финансылык корпорациялар.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозиты (Deposits) —Сумма денежных средств, принятая финансово-кредитным учреждением по договору от другого лица на условиях возвратности, платности, срочности. Депозиты бывают срочные и до востребования.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозитарная деятельность (Depositary activities) —Инструмент денежно-кредитной политики, используемый с целью изъятия избыточной ликвидности из банковской системы путем привлечения денежных средств в национальной валюте на срочные депозитные счета в Национальном банке на условиях возвратности, платности и срочности.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТТИК АТКАРЫМ – кредиттик уюмдардын юридикалык жактар менен жеке адамдардын акча каражаттарын аманатка тартуу жана аларды жайгаштыруу боюнча аткарымдары. Д. а. жигердүү жана солгун болуп бөлүнөт. Солгуну акча каражаттарын аманатка белгилүү мөөнөткө же талап кылууга чейин тартууну чагылдырат, жигердүүсү – бир банктын бош каражаттарын убактылуу башкаларына жайгаштырат. Д. а. чөйрөсүнө базарда айланып жүргөн карыздар, милдеттенмелер, депозиттик тастыктамалар, векселдер ж. б. кирет.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозитная база (Depository base) —Совокупность средств, размещенных в коммерческих банках от имени физических и юридических лиц в депозиты до востребования и срочные депозиты, а также депозиты других финансово-кредитных учреждений, имеющих право на привлечение депозитов.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТТИК КАССА – банктагы башка каржылык-кредиттик уюмдардын депозиттерди кабыл алууга жана сактоого багышталган бөлүмчөсү. Мында акча депозиттери (аманаттар) банктардын жүгүртүмүнө катышат, б. а. киреше алып келүүчү активдерге жайгаштырылат.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозитные учреждения (Deposit Takers) —Финансовые корпорации, за исключением центрального банка, основная деятельность которых заключается в приеме депозитов и последующем размещении этих средств от своего имени.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозиттер (Deposits) —Финансы-кредит мекемеси тарабынан башка жактардан өз учурунда кайтаруу, төлөөгөжөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө шарттарында келишим боюнча кабыл алынган акча каражаттардын суммасы. Депозиттер мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттерге бөлүнөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БЮДЖЕТ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ДЕПОЗИТТЕРИ – убактылуу бюджеттик уюмдардын карамагына түшкөн жана белгилүү шарттарда (сот чечим кабыл алганда, оорулуу дарылоо мекемесинен чыкканда) юридикалык же жеке жактарга кайтарып берилүүгө жаткан акча каражаттары, баалуу кагаздар.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
М2Х камтылуучу депозиттер (Deposits included in M2X) —Өкмөттүн жана резидент эместердин депозиттерин эске албаганда, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, ошондой эле башка финансы-кредит мекемелеринин депозиттери.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Талап боюнча төлөнүүчүдепозиттер (Demand deposits) —Бул, финансы-кредит мекемесинде аманат келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн ачылган жана эсеп ээси ишкердикти жана/же үчүнчүжактар менен мына ушундай эле иш чөйрөсүн жүзөгөашыруусуна байланыштуу эсептешүүлөр үчүн каралбаган депозит. Талап боюнча төлөнүүчүдепозиттин каражаттары аманатчынын биринчи эле талабы боюнча төлөнүп берилет.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Которулма депозиттер (Claim deposits) —Төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда түздөн-түз колдонулушу мүмкүн болгон, айыптык төлөм төлөөсүз жана кандайдыр бир чектөөлөрсүз баштапкы талап боюнча номиналга ылайык алмаштырыла турган депозиттер (эсептешүүэсептериндеги акча каражаттар).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОНЕНТ (лат. deponens (deponentis ) – кийинкиге калтыруучу) – 1) депозитке баалуулук берген жеке адам же юридикалык жак; 2) өз убагында айлыктарын албай калышкан жумушчулар, айлык акылардан алардын пайдасына кармалган (алимент ж. б.) айрым уюмдар жана кишилер да Д. болуп саналышат; 3) депозитарийдин кардары, келишимдик негизде анын Д-ке же аны тим гана кармап туруу ишенилген баалуу кагаздар боюнча бүтүмдөрдү тейлөө кызматынан пайдалануучу киши.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОНЕНТ (лат. deponens (deponentis ) – кийинкиге калтыруучу) – 1) депозитке баалуулук берген жеке адам же юридикалык жак; 2) өз убагында айлыктарын албай калышкан жумушчулар, айлык акылардан алардын пайдасына кармалган (алимент ж. б.) айрым уюмдар жана кишилер да Д. болуп саналышат; 3) депозитарийдин кардары, келишимдик негизде анын Д-ке же аны тим гана кармап туруу ишенилген баалуу кагаздар боюнча бүтүмдөрдү тейлөө кызматынан пайдалануучу киши.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОНИРЛӨӨ (лат. deponere ) – 1) кредиттик уюмга акча каражаттарын, баалуу кагаздарды (акцияларды, векселдерди, облигацияларды, чектерди) ж. б. баалуулуктарды сактоого өткөрүү; 2) депозитарийге эларалык келишимдердин, ратификациялык грамоталардын, эларалык келишимдерге кошулуу же аны депонсирлөө жөнүндө документтердин түпнускасын сактоого өткөрүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОНИРЛӨӨ (лат. deponere ) – 1) кредиттик уюмга акча каражаттарын, баалуу кагаздарды (акцияларды, векселдерди, облигацияларды, чектерди) ж. б. баалуулуктарды сактоого өткөрүү; 2) депозитарийге эларалык келишимдердин, ратификациялык грамоталардын, эларалык келишимдерге кошулуу же аны депонсирлөө жөнүндө документтердин түпнускасын сактоого өткөрүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОРТАЦИЯ (лат. deportatio – куугунтук, сүргүн) – Франциянын кылмыш-жаза укугунда Д. айдоонун өзгөчө түрү – ХVIII–ХIХ кылымдарда коркунучтуу кылмышкерлердей эле, саясий кылмышкерлерге карата да (м.; Париж коммуначыларына) колдонулуучу алыскы колонияларга айдоо сүргүндөрү түшүнүлгөн. Кеңири мааниде Д. деп кишини же кишилердин бир тобун башка мамлекетке, башка жерге, адатта кайтаруу менен аргасыз сүргүнгө айдоо түшүнүлөт. Д. аз эмес учурларда тигил же бул өлкөгө мыйзамсыз киришкен чет элдик жарандарга же жарандыгы жок кишилерге карата да колдонулат. Д. массалык репрессия катары да белгилүү, м., 1920–1940-жылдары СССРде бүтүндөй бир элдер (чечендер, ингуштар, калмактар ж. б.) немецтик-фашисттик аскерлерге жардамдашат деген айып менен өздөрү жашап турган жерлеринен айдалган.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОРТАЦИЯ (лат. deportatio – куугунтук, сүргүн) – Франциянын кылмыш-жаза укугунда Д. айдоонун өзгөчө түрү – ХVIII–ХIХ кылымдарда коркунучтуу кылмышкерлердей эле, саясий кылмышкерлерге карата да (м.; Париж коммуначыларына) колдонулуучу алыскы колонияларга айдоо сүргүндөрү түшүнүлгөн. Кеңири мааниде Д. деп кишини же кишилердин бир тобун башка мамлекетке, башка жерге, адатта кайтаруу менен аргасыз сүргүнгө айдоо түшүнүлөт. Д. аз эмес учурларда тигил же бул өлкөгө мыйзамсыз киришкен чет элдик жарандарга же жарандыгы жок кишилерге карата да колдонулат. Д. массалык репрессия катары да белгилүү, м., 1920–1940-жылдары СССРде бүтүндөй бир элдер (чечендер, ингуштар, калмактар ж. б.) немецтик-фашисттик аскерлерге жардамдашат деген айып менен өздөрү жашап турган жерлеринен айдалган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
экон. Өндүрүштүн иши начарлоодон кийин болгон экономикалык айласы жок, алсыз кези. Ал өндүрүштүн жогорулашы байкалбай, иштиктүү активдүүлүктүн жоктугу, товарларга жана тейлөөлөрдө суроо-талаптын төмөндүгү, жумушсуздуктун күчөшү менен мүнөздөлөт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
греч. через ир.
тетрадь; книга (канцелярская);
жекелик учёт дептери уст. личная учётная карточка;
чыгыш дептер журнал исходящих бумаг;
кириш дептер журнал входящих бумаг;
чөнтөк дептери записная (букв. карманная) книжка;
журналисттин чөнтөк дептеринен из записной книжки журналиста.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тышталып тигилген, жазуу үчүн колдонула турган барак-барак актай кагаздар. Аскар китебин жаап, дептерлерин жыйнай койду да сыртка чыкты (Сыдыкбеков). Динар дептерлерин жыйнаштырды (Сыдыкбеков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТ (лат. deputatus – жөнөтүлгөн, жиберилген) – мамлекеттин мыйзам чыгаруу же башка өкүлчүлүктүү органдарына, болбосо жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланган адам, ошол органдагы калктын; INSERT INTO `dicts-kg-kg-law1` (`word`, `fulltext`) VALUES белгилүү бир бөлүгүнүн – өз округунун шайлоочуларынын өкүлү. Кесипкөйлүк же кесипкөйлүк эмес, б. а. негизги ишинен колүзбөй иштейт. Д-н статусу конституцияда жана мыйзамдарда белгиленет. КРде КР ЖКнын Д-ы жана жергиликтү кеңештин Д-ы шайланат. КРде 25 жашка толгон, шайлоого катышууга укугу бар жана республикада кеминде кийинки 5 жылда жашаган КРдин жараны КР ЖКнын Д-ы боло алат. КР ЖК Д-ы колтийбестик укугуна ээ. Жашы 20га жеткен жана тийиштү жергиликтүү кеңештин аймагында жашаган КРдин жараны жергиликтүү кеңештин Д-ы боло алат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТ (лат. deputatus – жөнөтүлгөн, жиберилген) – мамлекеттин мыйзам чыгаруу же башка өкүлчүлүктүү органдарына, болбосо жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланган адам, ошол органдагы калктын белгилүү бир бөлүгүнүн – өз округунун шайлоочуларынын өкүлү. Кесипкөйлүк же кесипкөйлүк эмес, б. а. негизги ишинен колүзбөй иштейт. Д-н статусу конституцияда жана мыйзамдарда белгиленет. КРде КР ЖКнын Д-ы жана жергиликтү кеңештин Д-ы шайланат. КРде 25 жашка толгон, шайлоого катышууга укугу бар жана республикада кеминде кийинки 5 жылда жашаган КРдин жараны КР ЖКнын Д-ы боло алат. КР ЖК Д-ы колтийбестик укугуна ээ. Жашы 20га жеткен жана тийиштү жергиликтүү кеңештин аймагында жашаган КРдин жараны жергиликтүү кеңештин Д-ы боло алат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТЫК (ПАРЛАМЕНТТИК) АДЕП – депутаттардын парламенттин ичиндеги баарлашууларынын моралдык жана адеп-актык эрежелеринин жыйындысы. Д. а. сактоонун зарылдыгы моралдык гана эмес, ар бир депутаттын юридикалык да милдети болуп саналат жана коомдук жана адеп-актык таасир этүү каражаттары менен камсыз кылынат. Андай каражаттарды колдонуу үчүн адатта Д. а. боюнча атайын комиссиялар түзүлөт. Д. а. бузгандыгы үчүн жоопкерчилик, эреже катары, парламенттин же палатанын регламентинде белгиленет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАРТИП ЖООПКЕРЧИЛИГИ – регламент (палатанын же башка өкүлчүлүктүү бийликтин) ченемдерин же болбосо депутаттык адепти бузгандан болуучу жана тийешелүү өкүлчүлүктүү мекеменин регламентинде аныкталган тартипке чакыруу чараларын пайдалануудан көрүнүүчү шайланган кызмат адамдары катары депутаттардын юридикалык жоопкерчилигинин өзгөчө түрү. Азыркы демократиялык мамлекеттерде өкүлчүлүктүү мекемелердин депутаттарына адатта: сөз сүйлөө укугунан ажыратуу, талкууланып жаткан маселе боюнча сөз бербей коюу, жыйын жайынан чыгарып ийүү, эскертүү берүү, депутаттын айлык сыйлыктарынын белгилүү бөлүгүн кармап коюу жөнүндөгү эскертүүлөр колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТАР ПАЛАТАСЫ – Грециянын бир палаталуу парламентинин, Боливия, Бразилия, Венесуэла, Доминика Республикасы, Италия, Колумбия, Мексика, Никарагуа, Румыния, Чехия, Чилинин төмөнкү палатасынын аталышы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
депутаттык I
депутатский;
депутаттык милдет депутатская обязанность.
депутаттык II
положение депутата;
депутаттыкка көрсөт- выдвинуть в депутаты;
Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына кандидат кандидат в депутаты Верховного Совета Киргизской ССР.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТЫК ИММУНИТЕТ – КР ЖК депутаты колтийбестик укукка ээ. Ал депутаттык ишине байланыштуу өз ой-пикирин билдиргендиги же КР ЖКсындагы добуш берүү жыйынтыгы үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Кылмыш кылып жатканда кармалгандан башка учурларда, КР ЖК депутаты кармалбайт же камакка алынбайт, жекече жеткире каралбайт же тинтилбейт. Сот тартибинде депутатты кылмыш, ошондой эле административдик жоопкерчиликке тартууга КР ЖК-нын макулдугу менен гана жол берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТЫК (ПАРЛАМЕНТТИК) АДЕП – депутаттардын парламенттин ичиндеги баарлашууларынын моралдык жана адеп-актык эрежелеринин жыйындысы. Д. а. сактоонун зарылдыгы моралдык гана эмес, ар бир депутаттын юридикалык да милдети болуп саналат жана коомдук жана адеп-актык таасир этүү каражаттары менен камсыз кылынат. Андай каражаттарды колдонуу үчүн адатта Д. а. боюнча атайын комиссиялар түзүлөт. Д. а. бузгандыгы үчүн жоопкерчилик, эреже катары, парламенттин же палатанын регламентинде белгиленет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТЫК СУРОО-ТАЛАП – өкүлчүлүктүү органдын депутатынын аткаруучу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына КР ченемдик укуктук актыларынын бузулуусу же аткарылбай жатышы, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук мааниге ээ башка маселелер боюнча кайрылуусу. Көзөмөл жүргүзүүнүн бир таризи. КР мыйзамдарына ылайык Д. с-т. багышталган орган же кызмат адамы ага оозеки (парламенттин жыйынында) же аны алгандан кийин 10 күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жооп берүүсү тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТЫН СТАТУСУ (лат. status – иш жагдайы, абалы) – мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарынын укуктук ал-абалы; депутаттык мандаттын саясий-укуктук табиятына, анын келип чыгышына, токтолушуна жана иш-аракет мөөнөтүнө, депутаттардын ыйгарым укуктарына, алардын ишмердүүлүгүнүн кепилдиктерине, ошондой эле депутаттардын эсепкерчилигине, көзөмөлдө болушуна жана жоопкерчилигине байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдердин жыйындысы аркылуу аныкталат. Д. с-н бекемдөөчү укуктук ченемдер конституцияларда, атайын мыйзамдарда жана тийиштүү регламенттерде камтылган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТЫ ЧАКЫРТЫП АЛУУ –шайлоочулардын ишенимин актабаган КР ЖК депутаты көпчүлүк шайлоочулардын чечими боюнча кайрадан чакыртылып алынышы жөнүндө мыйзамда белгиленген тартип. Д. ч. а. тууралуу сунуш укугу шайлоочулардын жергиликтүү жыйналышына таандык. КР ЖКнын депутаты саясий көзкараштары, чыгып сүйлөгөн сөздөрү жана аракеттери үчүн, өзгөчө же аскердик абалда, КР ЖК КР Президентин кызматынан четтетүү жөнүндө маселени карап жаткан мезгилде, ошондой эле КР ЖК шайланган биринчи жана акыркы жылда кайра чакырылышы мүмкүн эмес.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о ноздрях) раздуваться;
мурду дердейип турат у него ноздри раздуваются;
2. перен. важничать;
башына балиш койдуруп, дердейип уктап калды приказав положить себе под голову подушку, он важно разлёгся и уснул.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дардаюу, көөп көрүнүү (көбүнчө мурун жөнүндө). Астындагы Айбанбоз Кош таноосу дердейип, Коёндой кулак серейип («Манас»). Ачууланды таноолору дердейип (Үмөталиев). 2. Мактануу, бой көтөрүү, менменсинүү, чиренүү. Сонун ырдап жатам го деп, мен ансайын дердее түштүм,– дейт Шаршен («Ала-Тоо»). Сабыр эки колун чөнтөгүнө салып дердейип турат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
сүйл. Мактанчаак, бой көтөргөн, менменсинген, куу чирен, ала көөдөн, дардаңбай. Кээде жигитти бир көргөндө эле, а кокуй, чиренимиш болгонуң менен каш-кабагың ким экениңди дайындап койду; анык дердеңбайдын өзүсүң го деп тымызын гана кирпиктин учунан сынап коюучу («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о ноздрях) раздуваться;
аттын таноосу дердеңдеп, тери зиркирейт ноздри коня раздуваются, и пот с него струится;
2. перен. (о человеке маленького роста) быть в приподнятом, боевом настроении; воспрянуть духом;
3. перен. зазнаваться;
сен эмне дердеңдеп калгансың? ты что это зазнался?

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дердең-дерден этүү, дердейүү (көбүнчө мурун жөнүндө). Азоолордун таноолору дердеңдеп, кошкурук атып жалт кайра бурулушту. Балдар күйүгүп калышкандыктан таноолору дердеңдеп, мурундарын шыр тартышат (Осмонов). 2. Мактануу, көтөрүлүп менменсинүү, бой көтөрүү. Бала дердеңдеп кырдуусунду. 3. Көңүлү көтөрүңкү болуу, эдиреңдөө. Бир бала дердеңдеп чуркап келип, үйгө кирди (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Серейген кыймылсыз көрүнүштө болуу. Дерейип катып калган киши жатат. Арчанын көлөкөсү аны басат (Шүкүрбеков). 2. Дердейүү, менменсинүү, көтөрүлүү, чиренүү, бой көтөрүү. Сөз чыгарбайт кедейден, Старчындар дерейген (Тоголок Молдо).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕРЖАВА (МАМЛЕКЕТ) – 1) көзкарандысыз мамлекет. «Д.» аталгысы иш жүзүндө баарына карата эмес, эларалык саясатта өзгөчө орду бар мамлекеттерге карата гана «мамлекет» дегендин түгөйлөш түшүнүгү катары колдонулат; 2) монархтын бийлик символу (белгиси) (м.; Орусияда таажылуу же кресттүү алтын шар).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕРЖАВА (МАМЛЕКЕТ) – 1) көзкарандысыз мамлекет. «Д.» аталгысы иш жүзүндө баарына карата эмес, эларалык саясатта өзгөчө орду бар мамлекеттерге карата гана «мамлекет» дегендин түгөйлөш түшүнүгү катары колдонулат; 2) монархтын бийлик символу (белгиси) (м.; Орусияда таажылуу же кресттүү алтын шар).

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Банктык карт ээси (Card holder) —Банктын кардары, анын ичинде юридикалык жак/жеке ишкер – эсеп ээси тарабынан ыйгарым укук чегерилген, эмитент менен келишимдин негизинде картты колдонуу менен операцияларды жүргүзүүукугуна ээ жеке адам.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
РЕЕСТР КАРМООЧУ (КАТТООЧУ) – баалуу кагаздардын ээлерин каттоо боюнча иш алып баруучу, баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусу. Р. к. укук жана милдеттери, реестрди (каттоону) жүргүзүүнү ишке ашыруунун тартиби мыйзамдар жана эмитент менен каттоочунун ортосундагы келишим менен аныкталат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Электрондук акча ээси (E-money holder) —Электрондук акчаларды тескөө укугуна ээ жана аларды акцептанттар тарабынан сунушталган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда пайдаланган адам.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. кого-что кармоо, алуу, жетелөө;
держать ружьё в руках мылтыкты кармап туруу;
держать ребёнка на руках баланы колго алып туруу;
держать ребёнка за руку баланы колдон кармап жетелөө;
держи вора! ууруну карма!, карма ууруну!;
держи лошадей! аттардын башын карма!;
2. что тиштеп туруу, кысып туруу;
держать папиросу в зубах папиросту тиштеп туруу;
держать книгу под мышкой китепти колтукка кысып туруу;
3. кармоо, тутуу;
держать двери на запоре эшикти кулпулап кармоо;
держать продукты на льду азыкты музда кармоо;
4. что токтотуу;
плотина держит воду сууну плотина токтотуп турат;
5. что (хранить) сактоо, коюу, тутуу;
я держу деньги в сберкассе мен акчаны сактык кассасында сактайм;
6. кого тутуу, тутунуу, кармоо;
держать домработницу үй кызматчы аялын тутуу;
7. кого-что багуу, асыроо;
он держит одну корову ал бир уй асырайт, анын бир ую бар;
держать курс бир жакка бет алуу, багытталуу;
пароход держит курс на юг пароход түштүккө бет алды;
держать экзамен сыноодон өтүү; держать слово сөзүндө туруу;
держать речь сөз сүйлөө;
держать ответ жооп (жоопкер болуп) берүү;
держать в тайне сыр сактоо; элге жайбоо; жашырын сактоо (кармоо);
держать оборону коргоо;
держать чью-л. сторону бирөөнүн жагында болуу, бирөөгө болушуу;
держать корректуру корректура окуу;
держать путь жол жүрүү, бара жатуу, жөнөө;
держать пари мелдешүү;
держи язык за зубами разг. тилиңе сак бол, оозуңду тый, оозуңду басып жүр;
держать ухо востро разг. сак болуу кулак түрүү;
держать себя өзүн өзү алып жүрүү;
держать нос по ветру күн тийген жердин чоросу болуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. за кого-что кармап туруу, кармоо;
ребёнок держался за мать бала энесин кармап турду;
держаться руками за перила кол менен периланы кармоо;
2. на чём (быть укреплённым) кармоо, илинип туруу;
картина держится на одном гвозде сүрөт бир эле мыкта илинип турат;
3. (сохраняться) сакталуу, туруу;
молочные продукты держатся в леднике сүт азыктары музда сакталат;
4. перен. (не сдаваться) тырмышуу, сактоого тырышуу;
крепость долго держалась чеп көпкө чейин беришпей (жеңилбей) турду;
5. туруу;
держаться прямо тик туруу;
он с трудом держался на ногах ал араң эле турду;
6. чего, за кем-чем (придерживаться) жүрүү (белгилүү бир жакка багыт алып жүрүү);
держитесь правой стороны оң жак менен жүрүңүз;
7. чего, перен. (следовать чему-л.) болуу, жактоо;
держаться передовых взглядов алдыңкы көз карашта болуу;
8. перен. (вести себя) өзүн өзү тутуу, алып жүрүү, тута билүү;
он держится очень скромно ал өзүн эң жөнөкөй тутат;
9. разг. (сдерживаться) токтолуп туруу; чыдап туруу;
долго держался, но наконец расплакался ал көпкө чейин чыдап турду эле, бирок акырында ыйлап жиберди;
держаться вместе чогуу болуу, бирге болуу;
держаться в стороне четте болуу, кийлигишпөө;
держаться в воздухе ав. абада болуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. оройлук, осолдук, одонолук;
какая дерзость! эмне деген осолдук!;
2. (смелость) тайманбастык;
он имел дерзость возражать ал каршы келүүдөн тайманбады;
3. (дерзкие слова, выражения) осол сөз, одоно сөз;
наговорить дерзостей капкайдагы одоно сөздөрдү айтуу.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дериватив (производный финансовый инструмент) (Financial Derivatives) —Финансовый инструмент, стоимость которого определяется ценой актива, лежащего в его основе (базисного актива), т.е. является производной от цены этого актива. Примерами производных инструментов являются фьючерсы, варранты, опционы, свопы, форварды, депозитарные расписки. Производные финансовые инструменты используются в различных целях, включая управление рисками, хеджирование, арбитражные операции и спекуляции. Операции с производными финансовыми инструментами должны рассматриваться в качестве самостоятельных операций, а не как составная часть стоимости базовых операций, с которыми они могут быть связаны. Сумма, которая лежит в основе контракта на производный финансовый инструмент и которая необходима для расчета платежей или поступлений, но которая может и не быть предметом обмена является условной (номинальной) суммой производного финансового контракта.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дериватив (туунду финансылык инструмент) (Financial Derivatives) —Наркы базистик активдин негизинде камтылган активдин баасы аркылуу аныкталган финансылык инструмент, б.а. ал ошол активдин баасынан улам келип чыгат. Фьючерстер, варранттар, опциондор, своптор, форварддар, депозитардык тил каттар туунду инструменттердин мисалы болуп саналат. Туундуу финансылык инструменттер ар кандай максаттарда, анын ичинде тобокелдикти тескөө, хеджирлөө, арбитраждык операцияларды жана алып сатарлыкты жөнгө салууда колдонулат. Туунду финансылык инстурументтер менен операциялар, алар байланыштуу болушу мүмкүн болгон базалык операциялардын наркынын курамдык бөлүгү катары эмес, өз алдынча ишке ашырылган операция катары каралууга тийиш. Бул, туунду финансылык инструментке контрактынын негизин түзгөн жана төлөмдөрдү же түшүүлөрдү эсептөө үчүн зарыл болгон, бирок ошол эле учурда алмашуу предмети болбой калышы мүмкүн болгон сумма туунду финансылык контракттын шарттуу (номиналдык) суммасы болуп саналат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДЕРКЕМБАЕВА Ирина Григорьевна (1927, РСФСР, Иркутск облусунун, Нукут району, Үңкүрлүк улусу) — кыргыз совет опера ырчысы (сопрано). Бурят АССРинин (1958), Кыргыз ССРинин эл артисти (1967). Москва консерваториясынын вокалдык факультетин профессор В. Ф. Рождественскаянын классынан бүтүргөн (1952).
И. Деркембаева — Айчүрөк. «Айчүрөк» операсы, 1963.
И. Деркембаева — Айчүрөк. «Айчүрөк» операсы, 1963.
Ал «Манас» үчилтигинин негизинде жазылган «Айчүрөк», «Манас» операларынан Айчүрөк, Калыйман, Канайымдын партияларын ырдаган. Д. Берлинде өткөн жаштар жана студенттердин бүткүл дүйнөлүк фестивалынын (1951), Москвада өткөн вокалисттердин Бүткүл союздук (1956) конкурсунун лауреаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДЕРКЕНБАЙ — эпизоддук кейипкер, Калдайдын небереси. Манас жолдоштору менен салбырында жүргөндө Д-ды да атыңды сой, кан шайлайбыз деп кыйнашат (Сагымбай Орозбаков, 1. 257).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кездеменин бетине нитроцеллюлозадан жаап жасалган жасалма булгаары сыяктуу материал. Ширеңкенин оту дермантинден тигилген спорттук күрмөчөн жаш жигитти аз гана убакытка жарык кылды (Айтматов). Кара дермантин капталган эшик ачылганча Бака карбаластап зорго чыдоодо (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
сила, мощь;
жамандын колуна дес тийсе, оңдурбайт погов. если дурной заберёт силу, то он житья не даст;
десим-күчүм жетпеди у меня силы-мочи не хватило;
агайындарынын дестерин кайтарып, шактарын сындырышка, анын адамгерчилиги эрик бербеди его гуманность не позволила ему пугать и обезнадёживать друзей своих;
деси кайтты или деси сууду он присмирел, притих; он растерялся;
дескайтар- или дес жандыр- или дес сындыр- запугать, припугнуть;
десин кайтара орой айтып койду он грубо сказал, припугнув его;
...десинен южн. [дәсидән] из-за, по причине.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күч, кубат, бийлик. Жамандын колуна дес тийсе, оңдурбайт. «Колуна дес тийсе малыма, башыма ээ кылбай бийлеп алабы, басмырлап коёбу» деп чочулайт экен. (Убукеев). 2. Көңүл, кызуу дем, көңүл илеби. Сөз токтоп, эринен деси сууган келин эндирейт (Сыдыкбеков). Чаргын сен биздин десибизди жандырба (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көнүлү калуу, деми сууй түшүү, шагы сынуу, назары сынуу, баштагыдай болбой басаңдай түшүү. Улуу кишилердин деси кайтпасын, шагы сынбасын (Сыдыкбеков). В.: Деси суу. Батыйнанын... буту шалдырап, деси сууду (Сыдыкбеков). Сөз токтоп, эринен деси сууган келин эндирейт (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Байыркы Чыгыштын кул ээлөөчү монархиясындагы чексиз бийлик жүргүзүүчү жогорку аким. Аныктап Азияны уккам андан, Деспоттор эл жүрөгүн тилген жара (Аалы).
2. өт. Жеке бийликтүү, башкалардын тилеги менен эсептешпестен, бардыгын өзүнүн дегенине багындыруучу катаал киши, зулум, зөөкүр.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. деспот (Байыркы Чыгыштын кулчулдук монархиясында - чексиз бийликтүү жана өз тилегенинче жол башчылык кылуучу жогорку аким); 2. перен. деспот, зулум, зөөкүр (жеке бийликтүү, башкалардын тилеги менен эсептешпестен, бардыгын да өзүнүн дегенине көндүрүүчү ээн баш киши).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Байыркы Чыгыштын кул ээлөөчү монархиясындагы чексиз бийлик жүргүзүүчү жогорку аким. Аныктап Азияны уккам андан: Деспоттор эл жүрөгүн тилген жара (Токомбаев). 2. өт. Башкалардын ою, тилеги менен эсептешпестен, өз оюндагысын таңуулаган катаал киши, залим.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
деспотизм (1. монархтын (деспоттун) эч кандай закон менен чектелбеген бийлигине негизделген мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасы; 2. перен. кол алдындагы адамдарга карата жеке бийлөөчүлүк жана өзү баштык кылуу).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Decapterus) он канаттар; ставрида балыктарынын бир уруусу, буларга төмөнкү түрлөр кирет: десятиперка высокотелая (D. quinquarius) — узун бойлуу он канат, д. индийская (D. russelii) — Индистан он канаты, д. японская (D. maruadsi) — жапон он канаты.

Русско-кыргызский словарь математических терминов (1996)
ондук бөлчөк (бөлүмү он же ондун даражалары болгон бөлчөк. М.: 23/10, 57/100, 85/1000 ж. б.; алар, 2, 3; 0,57; 0,085 болуп ондук, жүздүк. миңдик ж. б. үлүштөр аркылуу жазылат)
©десятичный дробь бесконечная чексиз ондук бөлчөк (бөлчөктүн ондук орундарында жалаң гана тогуз болбогон, чексиз көп цифралар турган ондук бөлчөк)
©десятичный дробь периодическая мезгилдүү ондук бөлчөк (жөнөкөй бөлчөктү ондук бөлчөккө айландырганда бир же бир нече цифра улам чексиз жолу кайталана берүүчү бөлчөк. Мезгили кашаага алынып жазылат, М.: =0,(3); =0,8(3); =0,(142857) ж. б.).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. тех. деталь (машинанын механизмдин майда белен бөлүктөрү);
2. (мелкая подробность, частность) деталь (майда-чүйдө; майда-барат);
он сказал главное, не касаясь деталей ал доталына токтоп турбай эле эң негизгисин айтты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Иштин же белгилүү бир маселенин майда учурлары, көрүнүштөрү. Майда деталына токтоп турбай эле эң негизгисин айтты. Эң башкысы: аңгеме майда деталдарынан өйдө лирикалык планда түзүлүп, сезимге таасирдүү экендигинде («Ала-Тоо»). 2. Машинанын, механизмдин бөлүктөрү, тетиктери. Мына экөөбүз куйган деталдар,– деди мастер өсөрдү карап (Сасыкбаев). Шура чарыкка деталдын улам башка жагын кармай берет (Сасыкбаев). 3. адаб. Көркөм чыгарманын майда бөлүкчөсү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
сүйл. Ата-энеси жок, карашары, жардамдашары жок жетим балдарды тарбиялоочу балдар үйү. Уруя детдомдо тарбияланып, коомдук шарттарда өскөн (Байтемиров). Антонина Костяны кандайдыр бир детдомго берди (Баялинов).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЛПЫН ЧЫГАРУУ ДЕТЕКТОРУ (ПОЛИГРАФ) (лат. detector – ача турган, билгизе турган, – физиологиялык өзгөрүлөрдү (кан басымын, тамыр кагышын, тери нымын, дем алуу жыштыгын ж. б.) үзгүлтүксүз текшерүүчү жабдуу. Ички толкундоодо (м., жалган көрсөтмө берүүдө) ал өзгөрүүлөр демейдегиден кескин айырмаланган абалга жетет. Өлчөөнүн жыйынтыктарына жараша адистер көрсөтмөлөрдүн жалганчыны тууралуу жыйынтык чыгарышат. АКШ жана башка биркатар өлкөлөрдө К. ч. д-н пайдалануу мыйзамда каралган.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
детрит (1. физиол. өлүү ткандардын үбөлөнүп түшкөндөрү; 2. мед. музоо менен уйдун кургатылган чечек бүртүгүн абдан майда талкалап глицерин кошуп жасалган зат; бул - чечек эмдөөдө колдонулат).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. дети-ге т.;
детская игрушка балдар оюнчугу;
детский театр балдар театры;
детский дом детдом, балдар үйү;
2. перен. балалык (баланын ишин кылуу);
детские рассуждения балалык ой;
детское место анат. тон; см. послед.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. кого-что, разг.
1. (запрятать) коюу, катуу;
куда ты дел книгу? китепти кайда койдуң?;
2. (употребить, истратить) жумшоо, орундаштыруу, батыруу;
он не знает, куда деть свои деньги ал акчасын кайда батырышын (жумшашын) билбей жүрөт;
3. (поместить) батыруу, орундаштыруу;
куда деть столько народу? мынча адамды кайда орундаштырууга болот?

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕ-ФАКТО (ИШ ЖҮЗҮНДӨ) ТААНУУ (лат. de facto – иш жүзүндө) – эларалык укукта мамлекеттин жана өкмөттүн биротоло эмес, ырасмий таануусун билдирет. Адатта, кыска мөөнөттүү келет да, де-юре (чыныгы) таанууга алпаруучу өткөөл болот.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕ-ФАКТО (ИШ ЖҮЗҮНДӨ) ТААНУУ (лат. de facto – иш жүзүндө) – эларалык укукта мамлекеттин жана өкмөттүн биротоло эмес, ырасмий таануусун билдирет. Адатта, кыска мөөнөттүү келет да, де-юре (чыныгы) таанууга алпаруучу өткөөл болот.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дефицит (Deficit) —(От лат. deficit – не достает) – Недостаточность средств, ресурсов в сравнении с ранее намечавшимся, запланированным или необходимым уровнем. Дефицит бывает: текущего счета, торгового баланса, государственного бюджета.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дефицит (Deficit) —(Латын тилинен deficit – тартыштык). Мурда белгиленген, пландаштырылган же зарыл болгон деңгээлге салыштырганда каражаттардын, ресурстардын жетишсиздиги. Тартыштык күндөлүк эсеп, соода балансы, мамлекеттик бюджет болуп бөлүнөт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ай, -ое
1. (убыточный) дефициттүү (зыян тарттыруучу; чыгашасы кирешесинен ашып чыгуучу);
дефицитное предприятие дефициттүү ишкана;
2. (не имеющийся в достаточном количестве) дефициттүү, тартыш, кемчил, жетишсиз (рынокто жетишердик болбогон; суроону канааттандырбаган);
дефицитный товар тартыш товар.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дефлятор (Deflator) —1) Коэффициент, используемый для пересчета экономических показателей, исчисленных в денежном выражении, с целью приведения их к уровню цен предыдущего периода; 2) Совокупность различных индексов, используемых для пересчета компонентов валового внутреннего продукта в сопоставимые цены и для характеристики совокупности обобщающих показателей динамики цен.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дефлятор (Deflator) —1) Аларды өткөн мезгилдеги баа деңгээлине ылайыкташтыруу максатында, акчалай туюндурулган, экономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөөдөколдонулган коэффициент; 2) ички дүң өнүмдүн компоненттерин салыштырмалуу баада кайрадан эсептөө үчүн жана баа динамикасынын жалпыланган көрсөткүчтөрүнүн жыйындысына мүнөздөмө берүүдөколдонулган ар кандай индекстердин жыйындысы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕФЛЯЦИЯ (кийинки лат. deflatio – үйлөп ийүү) – инфляцияны (кесепеттерин жоюу) азайтуу максатында жүгүртүмдөн акчанын ашыкча бөлүгүн алуу; банктык эсеп өлчөмдөрүн, салыктарды көбөйтүү, мамлекеттик баалуу кагаздарды кеңири сатуу ж. б. жолдор менен ишке ашырылат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

ДЕФЛЯЦИЯ (кийинки лат. deflatio – үйлөп ийүү) – инфляцияны (кесепеттерин жоюу) азайтуу максатында жүгүртүмдөн акчанын ашыкча бөлүгүн алуу; банктык эсеп өлчөмдөрүн, салыктарды көбөйтүү, мамлекеттик баалуу кагаздарды кеңири сатуу ж. б. жолдор менен ишке ашырылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕЦЕНТРАЛИЗАЦИЯ (БОРБОРДОН АЖЫРАТУУ) – мамлекеттик башкаруу милдеттерин жана мамлекеттин борбордук органдарынын ыйгарым укуктарын борбордон жер-жерлерге өткөрүп берүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
деш I
и. д. от де-
1. сказывание;
андай деш жарабайт так не следует говорить;
мындай дешке жарабайт так говорить не годится;
таңданып Эши дал болду, буларга эмне дешине стих. удивился Эши, растерялся, не зная, что им сказать;
2. называние.
деш- II, дешиш-
взаимн. от де-
совместно говорить; сговариваться, договариваться.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ ЖОРУК – 1) жазык укугунун теориясында адамдын жүрүм-турум эрежелерине сыйбаган, антисоциалдык, кылмыш мыйзамы менен корголгон коомдук мамилелерге зыян келтирүүчү жорук. Кылмыш мыйзамынын тигил же бул статьясына жаткан, акыл-эсинде тургандагы негиздүү аракеттердин же аракетсиздиктин, б. а. психологиялык жана билек күч абалынын бирдигинен көрүнгөн, адамдын аңсезимдүү жүрүм-туруму. К. ж. өзүнүн объективдүү маңызы боюнча коом үчүн коркунучтуу аракет же аракетсиздик болуп саналат, ал эми субъективдүү алганда – ардайым белгилүү максат жана белгилүү жүйө менен жасалган айыптуу жорук; 2) кылмыш дегендин бирдиктүү түшүнүгү болбогон укук тармактарындагы жазаланууга жаткан кылмыштуу аракеттердин (аракетсиздиктин) жалпыланган аталышы. Алып айтсак, француз жазык укугунда К. ж. (оордук деңгээлине жана айып таризине жараша) кылмышка, жазыкка жана бузууга бөлүнөт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
ишмер, ишкер (иши менен өзүн тааныткан, көрсөткөн киши);
государственный деятель мамлекеттик ишмер;
деятели культуры маданияттын ишмерлери;
заслуженный деятель науки илимге эмгеги сиңген ишмер.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. иш; аракет;
нервно-мозговая деятельность нерв-мээ иши;
деятельность сердца жүрөктүн иши;
2. иш, кызмат, ишкердик;
революционная деятельность революциялык ишкердик (иш);
педагогическая деятельность педагогдук кызмат (иш);
поле деятельности иштеген ишинин чөйрөсү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛУУ КАГАЗ ЭЭЛЕРИНИН РЕЕСТРИН ЖҮРГҮЗҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – баалуу кагаздар базарына баалуу кагаз ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн курамын түзүүчү маалыматтарды: жыйноо, каттоо, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү боюнча кесиптик ишмердүүлүктүн бир түрү. Б. к. э. р. ж. и. менен реестрдин кармоочусу аталган юридикалык жактар гана алектенүүгө акылуу.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛУУ КАГАЗДАР БАЗАРЫНДА СООДАНЫ УЮШТУРУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – баалуу кагаздар базарында: баалуу кагаздар базарынын катышуучуларынын ортосунда жарандык-укуктук келишимдердин түзүлүшүнө түздөнтүз өбөлгө болуучу кызматтарды көрсөтүүчү кесиптик ишмердиктердин бир түрү. Баалуу кагаздар базарынын жогоруда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу баалуу кагаздар базарында сооданы уюштуруучу деп аталат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛУУ КАГАЗДАРДЫ БАШКАРУУ БОЮНЧА ИШМЕРДҮҮЛҮК – баалуу кагаздар базарында: юридикалык жактын же жеке ишкердин (белгилүү мезгил ичинде) акысын алуу менен өз атынан өзүнө ишеним башкарууга берилген, бирок башка бирөөгө таандык: а) баалуу кагаздарды; б) баалуу кагаздарды инвестициялоого берилген акча каражаттарын; в) баалуу кагаздарды башкаруудан түшкөн акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды башкарууну ишке ашырган кесипкөй ишмердүүлүктүн бир түрү. Б. к. б. и. саналган баалуулуктардын ээлеринин же алар көрсөткөн үчүнчү кишилердин кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылат.