Толковый словарь кыргызского языка (1969)
мод. Кандай себептен, эмнеликтен болгондугун, болууга тийиш экендигин белгилөө, аныктоо учурунда колдонулат. — Демек, анын күйөө баласы Зуннахун менен да тааныш экенсиз да (Жантөшев). Демек, бүгүнтөн баштап кам көрө башташ керек экен («Жаш ленинчи»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандай себептен, эмнеликтен болгондугун, болууга тийиш экендигин жыйынтыктай белгилөө, жалпылай көрсөтүү, тыянактоо учурунда колдонулат. Демек, Зуннахун менен да тааныш экенсиз да (Жантөшев). Демек, жалаң кедейлер барат экен да (Турусбеков).