послелог, выражающий предел до;
жүз сомго дейре до ста рублей;
алиге дейре до сего времени;
октябрге дейре до октября;
саат он экиден экиге дейре с двенадцати до двух часов;
чоңдордон баштап балдарга дейре от мала до велика.
чейин менен бирдей. Чаргындын таманынан төбөсүнө дейре муздай түштү (Сыдыкбеков).
Кыргызча дейре жандоочу чейин, дейин, жери, дери сөздөрүнө маанилеш келет. Маанилеринин бирдей болушу кокустук эмес, баарысы бир уңгудан келип чыгат. Байыркы [таш] эстеликтериндеги тегин//теги(ДТС, 547) сөзү азыркы кыргыз тилинде чейин түрүнө келген. Ал тег+ин морфемаларынан куралган. Сөздүн уңгусун түзгөн тег сөзү дейре жандоочун жаратууга да катышат. Азыркы кыргызча тий этишине туура келген байыркы тег этишине чакчыл -ын мүчөсү жалгануудан тегин(<--чейин) сөзү пайда болсо, тег этишине аркылуу мамилесин уюштурган -ыр мүчөсү уланып, ага чакчыл -а мүчөсү улануудан тегире (<тег+ир+е) сөзү жаралган. Ал азыркыча тийдире (<тий+дир+е) дегенге барабар келет. Кыргыз тилинин өнүгүшүндө т тыбышы д тыбышына, г тыбышы й тыбышына алмашып, р тыбышынын алдындагы и тыбышы түшүп калган: тегире-->тегре-->дегре-->дейре.
Орун, аралык, мезгил, убакыт ж. б. жагынан болгон чекти билдирүү үчүн колдонулат. Ок жетпес бир топ жерге дейре анын артынан чуркады (Сыдыкбеков). Кымыз серке чаначтын колуна дейре түшө түштү (Сыдыкбеков). Саат бирге дейре отурдук (Байтемиров). Кулбаш жыйырма сегиз жашка келгенге дейре Сарыбайда иштеди (Абдукаримов).