Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргызча дейре жандоочу чейин, дейин, жери, дери сөздөрүнө маанилеш келет. Маанилеринин бирдей болушу кокустук эмес, баарысы бир уңгудан келип чыгат. Байыркы [таш] эстеликтериндеги тегин//теги(ДТС, 547) сөзү азыркы кыргыз тилинде чейин түрүнө келген. Ал тег+ин морфемаларынан куралган. Сөздүн уңгусун түзгөн тег сөзү дейре жандоочун жаратууга да катышат. Азыркы кыргызча тий этишине туура келген байыркы тег этишине чакчыл -ын мүчөсү жалгануудан тегин(<--чейин) сөзү пайда болсо, тег этишине аркылуу мамилесин уюштурган -ыр мүчөсү уланып, ага чакчыл -а мүчөсү улануудан тегире (<тег+ир+е) сөзү жаралган. Ал азыркыча тийдире (<тий+дир+е) дегенге барабар келет. Кыргыз тилинин өнүгүшүндө т тыбышы д тыбышына, г тыбышы й тыбышына алмашып, р тыбышынын алдындагы и тыбышы түшүп калган: тегире-->тегре-->дегре-->дейре.