Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. кого-что кармоо, алуу, жетелөө;
держать ружьё в руках мылтыкты кармап туруу;
держать ребёнка на руках баланы колго алып туруу;
держать ребёнка за руку баланы колдон кармап жетелөө;
держи вора! ууруну карма!, карма ууруну!;
держи лошадей! аттардын башын карма!;
2. что тиштеп туруу, кысып туруу;
держать папиросу в зубах папиросту тиштеп туруу;
держать книгу под мышкой китепти колтукка кысып туруу;
3. кармоо, тутуу;
держать двери на запоре эшикти кулпулап кармоо;
держать продукты на льду азыкты музда кармоо;
4. что токтотуу;
плотина держит воду сууну плотина токтотуп турат;
5. что (хранить) сактоо, коюу, тутуу;
я держу деньги в сберкассе мен акчаны сактык кассасында сактайм;
6. кого тутуу, тутунуу, кармоо;
держать домработницу үй кызматчы аялын тутуу;
7. кого-что багуу, асыроо;
он держит одну корову ал бир уй асырайт, анын бир ую бар;
держать курс бир жакка бет алуу, багытталуу;
пароход держит курс на юг пароход түштүккө бет алды;
держать экзамен сыноодон өтүү; держать слово сөзүндө туруу;
держать речь сөз сүйлөө;
держать ответ жооп (жоопкер болуп) берүү;
держать в тайне сыр сактоо; элге жайбоо; жашырын сактоо (кармоо);
держать оборону коргоо;
держать чью-л. сторону бирөөнүн жагында болуу, бирөөгө болушуу;
держать корректуру корректура окуу;
держать путь жол жүрүү, бара жатуу, жөнөө;
держать пари мелдешүү;
держи язык за зубами разг. тилиңе сак бол, оозуңду тый, оозуңду басып жүр;
держать ухо востро разг. сак болуу кулак түрүү;
держать себя өзүн өзү алып жүрүү;
держать нос по ветру күн тийген жердин чоросу болуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. за кого-что кармап туруу, кармоо;
ребёнок держался за мать бала энесин кармап турду;
держаться руками за перила кол менен периланы кармоо;
2. на чём (быть укреплённым) кармоо, илинип туруу;
картина держится на одном гвозде сүрөт бир эле мыкта илинип турат;
3. (сохраняться) сакталуу, туруу;
молочные продукты держатся в леднике сүт азыктары музда сакталат;
4. перен. (не сдаваться) тырмышуу, сактоого тырышуу;
крепость долго держалась чеп көпкө чейин беришпей (жеңилбей) турду;
5. туруу;
держаться прямо тик туруу;
он с трудом держался на ногах ал араң эле турду;
6. чего, за кем-чем (придерживаться) жүрүү (белгилүү бир жакка багыт алып жүрүү);
держитесь правой стороны оң жак менен жүрүңүз;
7. чего, перен. (следовать чему-л.) болуу, жактоо;
держаться передовых взглядов алдыңкы көз карашта болуу;
8. перен. (вести себя) өзүн өзү тутуу, алып жүрүү, тута билүү;
он держится очень скромно ал өзүн эң жөнөкөй тутат;
9. разг. (сдерживаться) токтолуп туруу; чыдап туруу;
долго держался, но наконец расплакался ал көпкө чейин чыдап турду эле, бирок акырында ыйлап жиберди;
держаться вместе чогуу болуу, бирге болуу;
держаться в стороне четте болуу, кийлигишпөө;
держаться в воздухе ав. абада болуу.