Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Жээлигүү, ээлигүү, эң-дең болуу. Эмнегедир Борзуковдун санаасы тынбай, делөөрүп туруп алды (Сыдыкбеков). Жылкы оттобостон делөөрүп, өйүз тарапты карады (Убукеев). Эне делөөрүй бакырып, жерге кулады («Ала-Тоо»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Дал болуу, эмне кыларын билбей, далдайып калуу» маанисиндеги делөөрү сөзү дел+оору деген бөлүктөрдөн турат. Анын дел уңгусу — дал деген сөздүн үндүүсү өзгөргөн варианты, -оору болсо -жалоору//жашоору деген учурда да жалгануучу атоочтон этиш жасоочу өтө сейрек колдонулуучу мүчө.