ДЕЛӨӨРҮ
Краткий этимологический словарь кыргызского языка«Дал болуу, эмне кыларын билбей, далдайып калуу» маанисиндеги делөөрү сөзү дел+оору деген бөлүктөрдөн турат. Анын дел уңгусу — дал деген сөздүн үндүүсү өзгөргөн варианты, -оору болсо -жалоору//жашоору деген учурда да жалгануучу атоочтон этиш жасоочу өтө сейрек колдонулуучу мүчө.