Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Эби-сыны жок болуп калдайып туруу, калдайып көрүнүү. Кулагы делдейип турат.
2. Эмне кыларын билбей далдыроо. Кайда кетеримди билбей, делдейип карап калдым («Ала-Тоо»). Эркинбек чоочун аялдын билгичтигине таң калгандай делдее башын ийкеди (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. оттопыриваться (напр. об ушах); топорщиться;
кулагы делдейип турат у него уши оттопырились;
2. опешить, остолбенеть;
эмине кыларын билбей, өз көзүнө ишенбей, делдейип калды не зная, что делать, не веря своим глазам, он растерялся;
Гүлнар, кеп таап айта албай, делдейип карап калды Гюльнар, ошеломлённая, смотрела, не находя слов.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Калдайган көрүнүшө серейип чыгып туруу, далдайып туруу. Акия эринин делдейген кулагын тырс-тырс черткилеп, шак-шак күлөт (Сыдыкбеков). Кулагы делдейип турат. 2. Эмне кыларын билбей далдырап түшүү, селейип, жалдырап туруп калуу. Татыбек делдейип карап калды (Байтемиров). Темирболоттун көздөрү алайып, оозу ачылып делдее түштү (Жантөшев). Эркинбек чоочун аялдын билгичтигине таң калгандай делдейип башын ийкеди (Жантөшев).