Дене жаза
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ДЕНЕ ЖАЗА – байыркы жана орто кылымдардагы укуктарда соттолуучуну уруп-сабоо менен азап көргөзүү чарасы. Мүчөгө зыян келтирүүчү – тил кесүү, таноо жыруу, манжа кыркуу ж. б.; кыйноочу – шапалак, камчы, тал менен сабоо, балак алуу; шылдыңдоо – мазак түркүгүнө байлоо, тамга салуу болуп бөлүнгөн. Биркатар европа өлкөлөрүндө ХХ кылымдын башына чейин сакталып келген. Россияда 1863-жылы жарым-жартылай алып салынган, 1904-жылы кылмыш жаза катары такыр жоюлган. Азыркы учурда Д. ж-сы кээбир өнүгүп келе жаткан, өзгөчө шарият колдонулган мамлекеттерде колдонулууда.