Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АСЫЛ ТЫЙЫНДАН АРЫЛТУУ – асыл металлдардын (күмүш менен алтын) акча милдетинен ажырашы. Күмүш ХIХ кылымдын, алтын ХХ кылымдын орто ченинде акча катары колдонуудан чыккан. А. т. а-нун эларалык-укуктук бекемделүүсү ЭВФнын уставында каралган. 1978-жылдын 1-апрелинен тарта алтындын ырасмий баасы менен ал аркылуу эсеп-кысап жүргүзүү бул уюмдун мүчөлөрү тарабынан токтотулган.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кандайдыр бир коомдук-саясий көңүлдү көрсөтүп, массалык түрдө жүрүү. Аскерлердин парады бүтүп, эмгекчилердин демонстрациясы башталды (Шимеев). Биринчи май демонстрациясы.
  1. 2.           Нааразылыкты, макул эместикти ж.б. көрсөтүү үчүн көпчүлүктүн чыгыш жасоо же ар кандай башка аракеттери.
  2. 3.           Көпчүлүккө көрсөтүү. Кинофильмдердин демонстрациясы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. демонстрация;
первомайская демонстрация биринчи май демонстрациясы;
2. (показ) көрсөтүү;
демонстрация опытов на уроках физики и химии физика жана химия сабагында опыттарды көрсөтүү;
3. воен. демонстрация (негизги операциядан душманды алагды кылуу үчүн жүргүзүлгөн согуш аракети).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМОНСТРАЦИЯ (лат. demonstratio – көрсөтүү) – коом турмушунун баардык маселери боюнча, кайсыбир чечимдерге, аракеттерге же мамлекеттик жана өзалдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, кызмат адамдарнын, жарандардын көзкарашына макул болбоо же колдоо иретинде жарандардын жеке, жамааттык, жалпы пикирин билдирүү үчүн жеке адам же адамдар тобу тарабынан көрүлгөн ишчара.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМОНСТРАЦИЯ (лат. demonstratio – көрсөтүү) – коом турмушунун баардык маселери боюнча, кайсыбир чечимдерге, аракеттерге же мамлекеттик жана өзалдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, кызмат адамдарнын, жарандардын көзкарашына макул болбоо же колдоо иретинде жарандардын жеке, жамааттык, жалпы пикирин билдирүү үчүн жеке адам же адамдар тобу тарабынан көрүлгөн ишчара.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир коомдук-саясий маанайды көрсөтүп массалык түрдө жүрүү. Биринчи май демонстрациясы. Демонстрацияга катышуу. // Эмгекчилердин демонстрациясы башталды (Шимеев). 2. Нааразылыкты, каршылыкты ж. б. билдирген мамиле, көрүнүш, аракет. 3. Негизги сокку уруучу жерден душманды алагды кылуу үчүн жүргүзүлгөн согуштук аракет.