Демонетизация
Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)АСЫЛ ТЫЙЫНДАН АРЫЛТУУ – асыл металлдардын (күмүш менен алтын) акча милдетинен ажырашы. Күмүш ХIХ кылымдын, алтын ХХ кылымдын орто ченинде акча катары колдонуудан чыккан. А. т. а-нун эларалык-укуктук бекемделүүсү ЭВФнын уставында каралган. 1978-жылдын 1-апрелинен тарта алтындын ырасмий баасы менен ал аркылуу эсеп-кысап жүргүзүү бул уюмдун мүчөлөрү тарабынан токтотулган.