Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК ДЕЛИКТ – ченем, тартип же келишим милдеттенмелерин бузуу менен, эларалык жоопкерчиликке алып келе турган эларалык жалпы укук субъектиси тарабынан жасалган аракет (аракетсиздик). Муну бузган тарап же жак «делинквент» аталат. Бирок, Э. д-ти атайын жасалган аракет катары кароо – азыркыга чейин талаш маселе.