Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Желпилдөө. Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдейт (Элебаев). Пальтосунун этектери делпилдеп баратат (Байтемиров).
2. өт. Жеңилдик кылып курулай күчөнүү, умтулуу, дегдөө. Куру бекер делпилдебей отура тур, сенсиз дале ишти өзүбүз бүтүрүп коёлу деп жатабыз («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о большом полотнище) развеваться;
2. перен. проявлять рвение, страстное желание; стремиться, рваться к чему-л.;
"окуу" дешип, делпилдейт они рвутся к учёбе;
Ташкенге барамын деп, делпилдеп калыпсың ты что-то уж очень рвёшься поехать в Ташкент.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Желге делп-делп этүү, желпилдөө. Жел урганда жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот (Элебаев). Мураттын пальтосунун этектери делпилдеп, кадимки шамал учуруп жаткан түндүк жабуудай ат үстүндө айланып баратат (Байтемиров). 2. өт. Олуттуу болбогон аракет кылуу, дегдөө, ээлигүү. Бир үйдө он бала болсо, ону тең окуу дешип делпилдейт (Сыдыкбеков).