ЖАРАНДЫН АРАКЕТКЕ ЖАРАМДУУЛУГУ – жарандык укуктарды алуу жана аны аткарууга, жарандык милдетти алуу жана аны аткарууга карата жарандардын жарамдуулугу. Ал КРде киши эрезеге жеткенден, т. а. 18 жашка толгондон тартып толук күчүнө кирет. 14 жаштан 18 жашка чейинки эрезеге жетелек, 6 жаштан14 жашка чейинки өспүрүм курактагыларга айрым жарамдуулук белгилери тартууланган. Никеге турууга мыйзам тарабынан улуксат берилген 18 жашка куракка толо элек жарандар никеге турары менен, толук жарамдуулукка эгедер болот. Никеге туруу менен жаран жарамдуулугуна ээ болгондор никесин ажыраткандан кийин деле жарамдуулугун сактап кала берет. Мыйзамда каралган тартипте гана жарандык жарамдуулугу чектелиши же жарамсыз деп табылышы мүмкүн (м.: адам акыл-эсинен айныганда).
ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫН ЖАРАМДУУЛУГУ – мыйзамдарга ылайык уюштуруучулук документтеринде каралган иш максатына тийиштүү жарандык укуктарга ээ болуу жана аны аткаруу, ал иштерге байланыштуу жарандык милдеттерди алуу жана аны аткаруу боюнча юридикалык жактын жарамдуулугу. Ю. ж. ж. ал мамлекеттик каттоодон өткөндөн тартып башталат да, ал жоюлгандан тартып токтолот.