Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне кыларын билбей далдырап калуу, аябай коркуп кетүү, акыл-эсин жоготуу, эч нерсени сезбей жалдыроо. Жол бою жеме угуп, камчы жей берип биротоло дени өлгөн шордууну таң атарда айылга алып келди (Сыдыкбеков). Надзирателдин дени өлүп калды (Бектенов).