ДЕМ АЛЫШ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жуманын жетинчи күнү, кызматка чыкпай эс алуучу күн. Бүгүн жекшемби – дем алыш (Сыдыкбеков). Койдун туут учурун соңуркаган балдар дем алыш күнү көп келишет (Жантөшев). 2. сүйл. Окуунун белгилүү бир убакытка токтотулган мезгили, каникул. Бул балдар үч айлык дем алышты бүтүп, кайра окууга бара жаткандар (Бөкөнбаев). Окуудан дем алышка кайткан жаштар (Сыдыкбеков). 3. Танапис, иштин, чогулуштун ж. б. арасында болгон кыска тыныгуу. Түшкү дем алыш учуру эле (Сасыкбаев).