ДЕМ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тыноо, ооз аркылуу тыштан ичке кирген, ичтен тышка чыккан аба. Дем албай тур – дейт. Дем албай турдум тынымга, Дем албай туруш, өлүмгө тете чынында (Садыков). Ышкынаалы кезек-кезек терең дем алып улутунгандан башка сөз айткан жок (Байтемиров). Жүкөш бат-бат дем алып, эки жагын карана берди (Сасыкбаев). Илеп. Жайдын чилдеси ысык демин жерге чачат. 2. Тез, ылдам, тынымсыз. үч карындын майларын бир демге койбой жалмады (фольк.). 3. Күч, кубат, кайрат. Ушул сөз мага тоодой дем берген (Байтемиров). Баланын деми аны өргө жетеледи (Байтемиров). Бели жок жылкы бат арыйт, деми жок киши бат карыйт (Касымбеков). 4. Арка, жөлөк, бел, таяныч. Кабылан Манас чырагым, Бир өзүңдү дем кылдык («Манас»). Бир карааны тиер деп, Жүрөмүн Айчүрөккө дем байлап («Сейтек»).