Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
деньги < теӊге - бул сөз орус тилине түрк тилдеринен өткөн. Эски орус тилинде «деньга», «тенка» болуп колдонулган (Фасмер М. Этимологический словарь русского языка). «теӊге катмай название игры, рассчитанной на умение быстро считать в уме; казанга теӊге салмай ист. южн. одно из диких развлечений киргизских богачей и знати: в котёл с водой, смешанной с пометом животных, бросали монету; тот, кто доставал её губами, получал приз: лошадь, верблюда и т.п.» (Юдахин 1965:724)

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА – мыйзамдуу төлөм каражаты, жарандык укук объектилеринин бири. А-нын негизги өзгөчөлүгү алар бүтүндөй жалпы эквивалент катары өзү менен кайтарымдуу мүнөзгө эгедер дээрлик баардык мүлктүк мамилелерди алмаштыра алат. Жарандык укукта А. баалуу кагаздар сыяктуу эле тектеш, алмаштырылуучу буюм түрлөрү катары таанылат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Нак эмес акча (Quasi money, Near money) —Депозиттерди тартууга лицензияга ээ банктардагы жана банктык эмес финансы-кредит мекемелериндеги депозиттер, ошондой квазиакчалар (мисалы, векселдер, депозиттик сертификаттар).

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Жүгүртүүдөгү акча (Currency in circulation) —Өлкөнүн мыйзамдык негизде аныкталган эмиссиялык борбору тарабынан чыгарылган банкноттор жана монеталар. Кыргыз Республикасында – бул Улуттук банктын жүгүртүүкассасындагы банкнотторду жана монеталарды эске албаганда, Улуттук банк тарабынан чыгарылган банкноттор жана монеталар.