Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТ (лат. deputatus – жөнөтүлгөн, жиберилген) – мамлекеттин мыйзам чыгаруу же башка өкүлчүлүктүү органдарына, болбосо жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланган адам, ошол органдагы калктын; INSERT INTO `dicts-kg-kg-law1` (`word`, `fulltext`) VALUES белгилүү бир бөлүгүнүн – өз округунун шайлоочуларынын өкүлү. Кесипкөйлүк же кесипкөйлүк эмес, б. а. негизги ишинен колүзбөй иштейт. Д-н статусу конституцияда жана мыйзамдарда белгиленет. КРде КР ЖКнын Д-ы жана жергиликтү кеңештин Д-ы шайланат. КРде 25 жашка толгон, шайлоого катышууга укугу бар жана республикада кеминде кийинки 5 жылда жашаган КРдин жараны КР ЖКнын Д-ы боло алат. КР ЖК Д-ы колтийбестик укугуна ээ. Жашы 20га жеткен жана тийиштү жергиликтүү кеңештин аймагында жашаган КРдин жараны жергиликтүү кеңештин Д-ы боло алат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТ (лат. deputatus – жөнөтүлгөн, жиберилген) – мамлекеттин мыйзам чыгаруу же башка өкүлчүлүктүү органдарына, болбосо жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланган адам, ошол органдагы калктын белгилүү бир бөлүгүнүн – өз округунун шайлоочуларынын өкүлү. Кесипкөйлүк же кесипкөйлүк эмес, б. а. негизги ишинен колүзбөй иштейт. Д-н статусу конституцияда жана мыйзамдарда белгиленет. КРде КР ЖКнын Д-ы жана жергиликтү кеңештин Д-ы шайланат. КРде 25 жашка толгон, шайлоого катышууга укугу бар жана республикада кеминде кийинки 5 жылда жашаган КРдин жараны КР ЖКнын Д-ы боло алат. КР ЖК Д-ы колтийбестик укугуна ээ. Жашы 20га жеткен жана тийиштү жергиликтүү кеңештин аймагында жашаган КРдин жараны жергиликтүү кеңештин Д-ы боло алат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТЫК (ПАРЛАМЕНТТИК) АДЕП – депутаттардын парламенттин ичиндеги баарлашууларынын моралдык жана адеп-актык эрежелеринин жыйындысы. Д. а. сактоонун зарылдыгы моралдык гана эмес, ар бир депутаттын юридикалык да милдети болуп саналат жана коомдук жана адеп-актык таасир этүү каражаттары менен камсыз кылынат. Андай каражаттарды колдонуу үчүн адатта Д. а. боюнча атайын комиссиялар түзүлөт. Д. а. бузгандыгы үчүн жоопкерчилик, эреже катары, парламенттин же палатанын регламентинде белгиленет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАРТИП ЖООПКЕРЧИЛИГИ – регламент (палатанын же башка өкүлчүлүктүү бийликтин) ченемдерин же болбосо депутаттык адепти бузгандан болуучу жана тийешелүү өкүлчүлүктүү мекеменин регламентинде аныкталган тартипке чакыруу чараларын пайдалануудан көрүнүүчү шайланган кызмат адамдары катары депутаттардын юридикалык жоопкерчилигинин өзгөчө түрү. Азыркы демократиялык мамлекеттерде өкүлчүлүктүү мекемелердин депутаттарына адатта: сөз сүйлөө укугунан ажыратуу, талкууланып жаткан маселе боюнча сөз бербей коюу, жыйын жайынан чыгарып ийүү, эскертүү берүү, депутаттын айлык сыйлыктарынын белгилүү бөлүгүн кармап коюу жөнүндөгү эскертүүлөр колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТАР ПАЛАТАСЫ – Грециянын бир палаталуу парламентинин, Боливия, Бразилия, Венесуэла, Доминика Республикасы, Италия, Колумбия, Мексика, Никарагуа, Румыния, Чехия, Чилинин төмөнкү палатасынын аталышы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
депутаттык I
депутатский;
депутаттык милдет депутатская обязанность.
депутаттык II
положение депутата;
депутаттыкка көрсөт- выдвинуть в депутаты;
Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына кандидат кандидат в депутаты Верховного Совета Киргизской ССР.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТЫК ИММУНИТЕТ – КР ЖК депутаты колтийбестик укукка ээ. Ал депутаттык ишине байланыштуу өз ой-пикирин билдиргендиги же КР ЖКсындагы добуш берүү жыйынтыгы үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Кылмыш кылып жатканда кармалгандан башка учурларда, КР ЖК депутаты кармалбайт же камакка алынбайт, жекече жеткире каралбайт же тинтилбейт. Сот тартибинде депутатты кылмыш, ошондой эле административдик жоопкерчиликке тартууга КР ЖК-нын макулдугу менен гана жол берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТЫК (ПАРЛАМЕНТТИК) АДЕП – депутаттардын парламенттин ичиндеги баарлашууларынын моралдык жана адеп-актык эрежелеринин жыйындысы. Д. а. сактоонун зарылдыгы моралдык гана эмес, ар бир депутаттын юридикалык да милдети болуп саналат жана коомдук жана адеп-актык таасир этүү каражаттары менен камсыз кылынат. Андай каражаттарды колдонуу үчүн адатта Д. а. боюнча атайын комиссиялар түзүлөт. Д. а. бузгандыгы үчүн жоопкерчилик, эреже катары, парламенттин же палатанын регламентинде белгиленет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТЫК СУРОО-ТАЛАП – өкүлчүлүктүү органдын депутатынын аткаруучу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына КР ченемдик укуктук актыларынын бузулуусу же аткарылбай жатышы, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук мааниге ээ башка маселелер боюнча кайрылуусу. Көзөмөл жүргүзүүнүн бир таризи. КР мыйзамдарына ылайык Д. с-т. багышталган орган же кызмат адамы ага оозеки (парламенттин жыйынында) же аны алгандан кийин 10 күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жооп берүүсү тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТЫН СТАТУСУ (лат. status – иш жагдайы, абалы) – мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарынын укуктук ал-абалы; депутаттык мандаттын саясий-укуктук табиятына, анын келип чыгышына, токтолушуна жана иш-аракет мөөнөтүнө, депутаттардын ыйгарым укуктарына, алардын ишмердүүлүгүнүн кепилдиктерине, ошондой эле депутаттардын эсепкерчилигине, көзөмөлдө болушуна жана жоопкерчилигине байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдердин жыйындысы аркылуу аныкталат. Д. с-н бекемдөөчү укуктук ченемдер конституцияларда, атайын мыйзамдарда жана тийиштүү регламенттерде камтылган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПУТАТТЫ ЧАКЫРТЫП АЛУУ –шайлоочулардын ишенимин актабаган КР ЖК депутаты көпчүлүк шайлоочулардын чечими боюнча кайрадан чакыртылып алынышы жөнүндө мыйзамда белгиленген тартип. Д. ч. а. тууралуу сунуш укугу шайлоочулардын жергиликтүү жыйналышына таандык. КР ЖКнын депутаты саясий көзкараштары, чыгып сүйлөгөн сөздөрү жана аракеттери үчүн, өзгөчө же аскердик абалда, КР ЖК КР Президентин кызматынан четтетүү жөнүндө маселени карап жаткан мезгилде, ошондой эле КР ЖК шайланган биринчи жана акыркы жылда кайра чакырылышы мүмкүн эмес.