Депутат
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ДЕПУТАТ (лат. deputatus – жөнөтүлгөн, жиберилген) – мамлекеттин мыйзам
чыгаруу же башка өкүлчүлүктүү органдарына, болбосо жергиликтүү өзалдынча
башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланган адам, ошол органдагы калктын;
INSERT INTO `dicts-kg-kg-law1` (`word`, `fulltext`) VALUES
белгилүү бир бөлүгүнүн – өз округунун шайлоочуларынын өкүлү. Кесипкөйлүк же
кесипкөйлүк эмес, б. а. негизги ишинен колүзбөй иштейт. Д-н статусу
конституцияда жана мыйзамдарда белгиленет. КРде КР ЖКнын Д-ы жана жергиликтү
кеңештин Д-ы шайланат. КРде 25 жашка толгон, шайлоого катышууга укугу бар жана
республикада кеминде кийинки 5 жылда жашаган КРдин жараны КР ЖКнын Д-ы боло
алат. КР ЖК Д-ы колтийбестик укугуна ээ. Жашы 20га жеткен жана тийиштү
жергиликтүү кеңештин аймагында жашаган КРдин жараны жергиликтүү кеңештин Д-ы
боло алат.