Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
(фонетический вариант тен, но в языке воспринимается как особое слово)
1. тело (человека);
дениң сообу?
1) ты здоров?
2) перен. ты в уме?
дени соонун жаны соо погов. в здоровом теле здоровый дух;
ден соолук здоровье;
биринчи байлык - ден соолук погов. первое богатство - здоровье;
дени-кардыңыз соо журөсүзбү? вы живы-здоровы?
2. перен. память;
денимде жок болуп жатпайбы! разве я помню?!; да вот не помню я!;
денимден чыгып калыптыр у меня из памяти выскочило, я забыл;
дениңди багыштадыңбы? то же, что кабыл туттуңбу? (см. кабыл I).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Дене. Менин деним таза, оорум жок (Жантөшев). Эненин денин жерге көмүштү (Аалы).
Ден соолук — саламаттык. Ден соолук — зор байлык. Дениң сообу — акыл-эсиң ордундабы, соосуңбу. Өйдө-төмөн кепке түшүнбөй оолжуйсуң, деги дениң сообу («Чалкан»).
ДЕН II зат. Таандык, тийиштүү, ылайык. Мага ден бала. Бизге ден.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бүткөн бой, тулку, дене. Ден көшүлүп жан жыргап, Жакыптын көөнү жай болду («Манас»). Карыган Ыса шордуунун, Калбады денде дарманы (Тоголок Молдо). Кайсы күнү ким жазды экен атымды Жаш теректин аппак күмүш денине (Токомбаев).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕЛИНГЕНДИ ӨЗГӨЛӨӨ – телинген жаранга т. а. чет өлкө жаранына же жарандыгы жок адамга өлкө жарандыгын берүү чечимин жокко чыгуу. Эреже катары, жарандык берүүгө негиз болгон жалган маалыматтардын бети ачылган учурларда Т. ө-гө жол берилет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТЕН АЖЫРАТУУ – мамлекеттештирүүгө карама-каршы жүрүм: мамлекеттик мүлктү (өнөржай ишканаларын, банктарды, жер участокторун, акцияларды ж. б.) жеке жактын менчигине берүү. Ал көбүнчө сатык жолу аркылуу жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, анын мурдагы ээлерине сатып алууга мүлктүк укук берилиши мүмкүн (кара:Менчиктештирүү).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эки анжы болгон арсар абал, эңги-деңги болуп далдыраган абал. Абышкам болду деңдароо, Ар кимдер түшүп арага (Маликов). Шарип көк желке талаштыра бирөө эсин оодара койгондой талмоорсуп, же жооп айтарын билбей дендароо (Бейшеналиев).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНДРОЛОГИЯЛЫК СЕЙИЛБАК ЖАНА БОТАНИКАЛЫК БАКЧА (гр. dendron – бак, logos – сөз, түшүнүк, окуу) – артүркүн өсүмдүк ресурстарын илимий, маданий, чарбачылык багытта натыйжалуу колдонуу үчүн, аны сактоо, изилдөө, аргандай жасалма шартта байытуу максатында КР мызамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

корпус, тело;
дене тарбиясы уход за телом; тренировка тела;
уст. физкультура;
геометрия денеси геометрическое тело;
дене кул см. кул дений- разглаживаться (напр. о морщинах).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тулку бой, ден. Эркекыздын денеси калтырап, көзү чакырайды (Байтемиров). Баягы балканактай эткээл дене да жок (Байтемиров).
Дене тарбиясы; — физкультура. Жаш балдардын дене түзүлүшүнүн туура өсүшүндө дене тарбиясынын ролу чоң (Сыдыкбеков). Дене кул — ата-бабасынан бери байга кызмат кылып, кул болуп өткөндөр. Калың кара журтуңду, Дене кул кылып кетпесин («Манас»). Алардан калган балдарды, Дене кул кылып алганы («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНЕ ЖАЗА – байыркы жана орто кылымдардагы укуктарда соттолуучуну уруп-сабоо менен азап көргөзүү чарасы. Мүчөгө зыян келтирүүчү – тил кесүү, таноо жыруу, манжа кыркуу ж. б.; кыйноочу – шапалак, камчы, тал менен сабоо, балак алуу; шылдыңдоо – мазак түркүгүнө байлоо, тамга салуу болуп бөлүнгөн. Биркатар европа өлкөлөрүндө ХХ кылымдын башына чейин сакталып келген. Россияда 1863-жылы жарым-жартылай алып салынган, 1904-жылы кылмыш жаза катары такыр жоюлган. Азыркы учурда Д. ж-сы кээбир өнүгүп келе жаткан, өзгөчө шарият колдонулган мамлекеттерде колдонулууда.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА БИРДИГИ – улуттук акча тутумунун катышы, өлкөнүн аймагында бирдей наркта милдеттүү түрдө кабыл алына турган мыйзамдуу төлөм каражаты. КР ырасмий А. б. – сом. КР аймагында башка А. б -н киргизүүгө жана акча суррогаттарын чыгарууга тыюу салынган. КР аймагында башка А. б. (чет өлкө валютасы) менен эсеп-кысап жүргүзүү шарты менен тартиби мыйзамдар тарабынан аныкталат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА МАССАСЫ – 1) жүгүртүүдө турган акча белгиси; 2) жеке жана юридикалык жактардын эсеби менен аманаттарында турган акча каражаты; 3) банктардын ж. б. аткарыла турган шартсыз акча милдеттенмелери.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА РЕФОРМАСЫ – акча жүгүртүүсүн тартипке салуу жана бекемдөө максатында мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн акча тутумун толук же жарым-жартылай кайра түзүү. А. р. аргандай таризде жүргүзүлөт: валюта деноминациясы; эски акча бирдигин жаңы менен алмаштыруу же жарыша алпаруу; айрым акча белгисин жаңы үлгү менен алмаштыруу, аны менен бирге эле улуттук валютаны девальвациялоо же ревальвациялоо ж. б.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Акча системасы (Monetary system) —Өлкөнүн акча белгилеринин, акча бирдиктеринин, акча эмиссиясынын эрежелеринин жана жүгүртүүформаларынын, өлкөдө мыйзамдык негизде белгиленген акча мамилелеринин жыйындысы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА ЖҮГҮРТҮМҮ – товарлардын, товардык эмес төлөмдөр менен эсептердин айлануусун тейлеген, ошондой эле товардык эмес төлөмдөр менен эсептешүүлөр. А. ж-нүн 2 түрү бар: а) накталай акчанын т. а. банкнот менен тыйындын жүгүрүүсү; б) накталай акча белгиси төлөм каражаты болбостон, бир субъектинин банк эсебине башка субъектинин бул же тиги банк мекемесиндеги эсебинен белгилүү бир өлчөмдөгү каражатты которо турган накталай эмес акча жүгүртүүсү (кара: Накталай эмес эсептешүүлөр ).

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Акча-кредит саясаты (Monetary policy) —Борбордук банктын акча сунушун, банк тутумунан экономикага келип түшкөн кредиттик агымдарды жана акча рыногундагы пайыздык чендерди жөнгөсалуу аркылуу анын негизги максатына жетишүү үчүн багытталган саясат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА-КРЕДИТТИК САЯСАТ – экономикалык өсүштү жөнгө салууга, акча кунунун түшүп кетүүсүн токтотууга, төлөм каражатынын иштөөсү менен теңелүүсүн камсыз кылууга багытталган акча жүгүртүмү менен кредит чөйрөсүндөгү ишчаралардын жыйындысы; мамлекеттин өндүрүш жүрүмүнө кийлигишүүсүнүн өтө зарыл усулунун бири катары кызмат кылат. КРУБ сомду коргоого жана анын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик А-к. с-ын жүргүзөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА-КРЕДИТТИК ЖӨНГӨ САЛУУ – мамлекеттин экономикалык жүрүмдөрүнө таасир эте турган негизги каражаттарынын бири. КР экономикасынын А-к. ж. с. КРУБ тарабынан иштелип чыгып, КР Өкмөтү менен бирдикте ишке ашырылат. КРУБдун жөнгө салуу тартиби: милдеттүү кор ченеми менен кредит боюнча эсептик өлчөмүн аныктайт, коммерциялык банктар үчүн экономикалык чен-өлчөмдөрдү белгилейт, баалуу кагаздарды чыгарат жана аны менен баардык аткарымдарды жасайт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА БЕЛГИЛЕРИ – нарк белгиси; жүгүртүүгө белгилүү бир сандагы баалуу металлды жайгаштырат. Баалуу металлдан куюлган тыйындар (КРде жок) же кагаз акча менен банк билеттери да А. б. катары эсептелет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА СУРРОГАТТАРЫ – мыйзамдарда каралбаган жана айрым жактар тарабынан өз бетинче киргизилген акча белгилери. Ырасмий акча белгилеринин жетишсиздигинен (негизинен) улам пайда болот.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Акча мультипликатору (Monetary multiplier) —Акча-кредит системасына салынган аманаттардын көбөйүүсүнүн же кыскарышынын натыйжасында акча сунушунун бир акча бирдигине канчалык өсөрүн же кыскарышын көрсөткөн сандык коэффициент. Акча мультипликатору акча массасынын акча базасына карата катышы катары эсептелинет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА КОТОРУМУ – которумда көрсөтүлгөн жакка белгилүү өлчөмдөгү акчаны төлөп берүү жөнүндөгү телетайп, телеграф, телефакс байланышы аркылуу же мындай тескеменин аныктыгын камсыз кылуучу башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн жазуу жүзүндөгү тескеме. Кредит жана почта-телеграф мекемелери А. к-н өздөштүрөт. А. к. алуучунун аты-жөнү, дареги көрсөтүлүү менен, тийиштүү мекемеге белгиленген өлчөмдөгү акчаны чегерүү жолу аркылуу ишке ашырылат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Банк эсебин ачуусуз акча которуу (Money transfer without opening of bank account) —Акча каражаттарын которуу, улуттук же чет өлкөвалюталарында нак акча каражаттарды жеке адамдан кабыл алуу жана Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары акча которуу системасы аркылуу көрсөтүлгөн жеке адамга (алуучуга) өткөрүп берүү жолу менен банк тарабынан жүзөгө ашырылган банктык операция

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Акча рыногу (Money Market) —Катышуучулар чөйрөсү алкагында кредиттер жана баалуу кагаз түрүндө кыска мөөнөткө каражаттарды берүү жана алуу ишке ашырылган рынок.
Денежный рынок Акча рыногу —Кредиттер жана баалуу кагаздар формасында кыска мөөнөттүү ресурстар рыногу

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсеге эрки жок, кыңк этпей баш ийген, каалаган буйрукту аткаруучу, өмүр бою бирөө үчүн иштеген адам. Калың кара журтуңду, Дене кул кылып кетпесин («Манас»). Алардан калган балдарды, Дене кул кылып алганы («Манас»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерсеге эрки жок, кыңк этпей баш ийген, каалаган буйрукту аткаруучу, өмүр бою бирөө үчүн иштеген адам. Калың кара журтуңду, Дене кул кылып кетпесин (“Манас”). Алардан калган балдардыДене кул кылып алганы (“Манас”).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНЕТАРБИЯ МАДАНИЯТЫ – адамдын денебой жактан өнүгүүсү менен денсоолугун чыңдоо максатында коом тарабынан түзүлүүчү, өнүктүрүлүүчү, колдонулуучу руханий жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы болуп саналган маданияттын курамдык бөлүгү, социалдык иш-аракет тармагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНЕТАРБИЯСЫ – дени сак, денебой жана руханий жактан өнүккөн, адеп-актык жактан таза муунду түзүүгө, адамдын денсоолугун чыңдоого, ишке жөндөмдүүлүгүн арттырууга, чыгармачылык мөөнөтү менен өмүр жашын узартууга багытталган педагогикалык уюштурулган жүрүм.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне кыларын билбей далдырап калуу, аябай коркуп кетүү, акыл-эсин жоготуу, эч нерсени сезбей жалдыроо. Жол бою жеме угуп, камчы жей берип биротоло дени өлгөн шордууну таң атарда айылга алып келди (Сыдыкбеков). Надзирателдин дени өлүп калды (Бектенов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне кыларын билбей далдырап калуу, аябай коркуп кетүү, акыл-эсин жоготуу, эч нерсени сезбей жалдыроо. Жол бою жеме угуп, камчы жей берип биротоло дени өлгөн шордууну таң атарда айылга алып келди (Сыдыкбеков). Надзирателдин дени өлүп калды (Бектенов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНОМИНАЦИЯ (лат. denominatio – атын өзгөртүү) – улуттук валютанын наркын көтөрүү жана акча жүгүртүмүн тартипке салуу максатында өлкөнүн акча бирдигин (атын алмаштырбай туруп) ирилештирүү. Д-га көбүнесе акча куну түшүп кеткен шартта акча жүгүртүмүн техникалык жактан камсыздоо кыйынчылыгы (акча белгилерин басып чыгаруу, аргандай нарктагы акчалардын зарыл теңсалмактуулугун сактоо, ири нарктагы акчаны майдалоочу тыйындарды чыгаруу) түрткү берет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНОМИНАЦИЯ (лат. denominatio – атын өзгөртүү) – улуттук валютанын наркын көтөрүү жана акча жүгүртүмүн тартипке салуу максатында өлкөнүн акча бирдигин (атын алмаштырбай туруп) ирилештирүү. Д-га көбүнесе акча куну түшүп кеткен шартта акча жүгүртүмүн техникалык жактан камсыздоо кыйынчылыгы (акча белгилерин басып чыгаруу, аргандай нарктагы акчалардын зарыл теңсалмактуулугун сактоо, ири нарктагы акчаны майдалоочу тыйындарды чыгаруу) түрткү берет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДИ ДЕНОНСИРЛӨӨ (лат. denuntiatio – кабарлоо) – эларалык эки тараптуу келишимдин аракетин токтотуунун же көп тараптуу келишимден чыгуунун биркыйла кеңири таралган ыкмасы. Алардын катышуучусунун ошондой келишимде көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө аны бузгандыгы тууралу кабарлоосу. Эгер келишим денонсирлөөнү карабаса жана анын катышуучуларынын андай ниеттеринин мүмкүндүгү белгиленбесе, анын денонсирленүүсү мүмкүн эмес.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУККА АНЧА ООР ЭМЕС ЗАЛАЛ – адамдын өмүрүнө коркунуч келтирбеген жана денсоолукка оор залал калтыруучу кесепетин тийгизбеген, бирок денсоолукка узак убакыт таасирин тийгизген, т. а. 3 аптадан (21 күндөн) ашык мезгилге чейин созулган эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкон же жалпы эмгекке жарамдуулугунун 1/3 (10дон 30 пайызга) чейинкисинен туруктуу ажыраткан залал.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУККА ЖЕҢИЛ ЗАЛАЛ – адамдын өмүрүнө коркунуч келтирбеген жана денсоолукка убактылуу таасирин тийгизген, т. а. 6 күндөн кем эмес, бирок 3 аптадан (21 күндөн) ашык мезгилге созулбаган эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкон же 10 пайызга чейинки жалпы эмгекке жарамдуулугунан анчалык көп өлчөмдө эмес туруктуу ажыраткан залал.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУККА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын ченемдеринде каралган, башка адамдардын денесине, органдардын жана ткандардын анатомиялык бүтүндүгүнө, же алардын физиологиялык иштөөсүнө же болбосо илдетке чалдыгуусунан көрүнгөн, же патологиялык абалына залал келтирүүдөн, тышкы чөйрөдөгү аркыл факторлордун: механикалык, физикалык, химиялык, биологиялык, психологиялык таасиринен улам, ошондой эле инсандын денсоолугуна түздөнтүз коркунуч туудурган коомдук коркунучтуу күнөөлүү жосун (аракет же аракетсиздик). Аларга: денсоолукка атайылап оор залал келтирүү, уруп-сабоо; уруп-согуу, кыйноо; башкалардыкына алмаштыруу үчүн адамдын органдарын жана ткандарын алдырууга аргасыз кылуу жана башкалар кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУККА ООР ЗАЛАЛ – адам денсоолугу үчүн коркунучтуу же кесепети көрүү, сүйлөө, угуу же кандайдыр бир органдарынын, болбосо орган милдеттеринин жоготуусуна алып келген залал же дагы башка эмгекке жарамдуулугунун 1/3 кем эмес бөлүгүнөн ажыраткан же боюнан түшүүгө алып келген, болбосо бет келбетин калыбына келгис кылып бузган залал.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛҮҮ АДАМДАР – денелик жана/же акыл-эстик мүчүлүштүктөрүнүн натыйжасында кандайдыр бир ишке жарамсыз, функционалдык чектөөлөрү бар адамдар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕН СООЛУКТУ САКТООГО УКУК – адамдын конституциялык негизги укуктарынын бири; саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринен акысыз медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү. Мамлекет тарабынан бул укуктун кепилдениши, аны жарандын саламаттыгын чыңдоого жана коргоого керектүү шарттарды түзүүгө, саламаттык сактоо, медициналык камсыздандыруу тутумдарын өнүктүрүүгө, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык ыңгайлуулуктарды камсыз кылууга милдеттендирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНСООЛУК ЧЫҢДООГО АРНАЛГАН ЖЕР – КР жер укугу боюнча, ага табигый дарылык касиети бар (минералдык булактар, дарылоо баткактары, таза аба ж. б. шарттары жетиштүү жайлар), дарылоого же ооруну алдыналууга ыңгайлуу жерлер жатат. Д. ч. а. ж. өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категориясына кирет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
күн;
целыми днями ребёнок играет бала керели кечке ойнойт;
выходной день дем алыш күн;
День печати Басма Сөз Күнү;
День Победы Жеңиш Күнү;
День железнодорожника Темир Жолчулар Күнү;
День Парижской коммуны Париж Коммунасынын Күнү;
день ото дня күндөн күнгө, күн санап;
со дня на день күндө эртеңкиге, улам эртеңге;
откладывать дело со дня на день ишти улам эртеңге калтыруу;
его ждут со дня на день аны жакын арада келет деп, күтүп турушат;
изо дня в день күндө, күн сайын, дайыма;
на днях жакын күндөрдө, бир аз күндө, жакында, жакын арада (бир аз күндөн соң же аз эле күн болду);
я приду к вам на днях мен жакында сизге келем;
я его видел на днях мен аны жакын арада көрдүм;
день в день болжогон күнүндө, болжогон убагында;
день на день не приходится күн күнгө окшобойт (бир күн андай, бир күн мындай);
день-деньской эртели-кеч, күн бою, керели кечке;
средь бела дня таламандын тал түшүндө; каратып туруп эле;
про чёрный день кийинкиге сактап койгон, кереги тиет деп катып койгон;
день и ночь күн-түн дебей, дайыма;
добрый день! куттуу күн!;
в наши дни биздин убагыбызда, азыркы күндөрдө;
порядок дня (на заседаниях) күн тартиби;
в один прекрасный день бир күнү;
остались считанные дни саналуу гана күн калды;
не по дням, а по часам күн сайын эмес, саат сайын.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
деньги < теӊге - бул сөз орус тилине түрк тилдеринен өткөн. Эски орус тилинде «деньга», «тенка» болуп колдонулган (Фасмер М. Этимологический словарь русского языка). «теӊге катмай название игры, рассчитанной на умение быстро считать в уме; казанга теӊге салмай ист. южн. одно из диких развлечений киргизских богачей и знати: в котёл с водой, смешанной с пометом животных, бросали монету; тот, кто доставал её губами, получал приз: лошадь, верблюда и т.п.» (Юдахин 1965:724)

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА – мыйзамдуу төлөм каражаты, жарандык укук объектилеринин бири. А-нын негизги өзгөчөлүгү алар бүтүндөй жалпы эквивалент катары өзү менен кайтарымдуу мүнөзгө эгедер дээрлик баардык мүлктүк мамилелерди алмаштыра алат. Жарандык укукта А. баалуу кагаздар сыяктуу эле тектеш, алмаштырылуучу буюм түрлөрү катары таанылат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Нак эмес акча (Quasi money, Near money) —Депозиттерди тартууга лицензияга ээ банктардагы жана банктык эмес финансы-кредит мекемелериндеги депозиттер, ошондой квазиакчалар (мисалы, векселдер, депозиттик сертификаттар).

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Жүгүртүүдөгү акча (Currency in circulation) —Өлкөнүн мыйзамдык негизде аныкталган эмиссиялык борбору тарабынан чыгарылган банкноттор жана монеталар. Кыргыз Республикасында – бул Улуттук банктын жүгүртүүкассасындагы банкнотторду жана монеталарды эске албаганда, Улуттук банк тарабынан чыгарылган банкноттор жана монеталар.